Дүйнөдө балдардын нике саны 25 миллионго азайды - ЮНИСЕФ

Кыргызстанда жаңы мыйзамдар диний салттар боюнча эрте никеге турууга тыюу салууда.

09 Март 2018
a girl in a refugee camp in Iraq
UNICEF

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 7-март, 2018 – ЮНИСЕФтин жаңы маалыматтарына ылайык, акыркы он жылда дүйнөдө балдардын нике саны кыскарды. Эрте куракта турмушка чыккан аялдардын үлүшү 15 пайызга – 25 миллионго азайды. Мындай жетишкендиктерге карабастан, жыл сайын дүйнөдө 12 миллион секелек турмушка чыгат.

Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7% 18 жашка толо электе турмушка чыгышкан. 15-19 жаштагы өспүрүм кыздардын арасында эне болгондордун көрсөткүчү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бойго жете элек кыздар менен жарандык да, диний салттар боюнча да никеге турууга тыюу салган мыйзамдар бар. Ошондой эле эрте никенин мыйзамсыздыгын жана мунун кесепеттерин түшүндүргөн билим берүүчү өнөктүктөр өткөрүлүп турат. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине өспүрүмдөр менен нике кыюуга тыюу салган жаңы беренелер киргизилгенден кийин бардык никелерди милдеттүү түрдө расмий каттоодон өткөрүү жөнүндө буйрук чыккан.

“Секелек кыз эрте турмушка чыгууга мажбур болгондо анын жашоосуна таасирин тийгизген кесепеттерге туш болот. Кыз мектепти бүтүрө албай калышы ыктымал. Ошол эле маалда күйөөсүнөн кордук көрүп, кош бойлуулугу оор өтөт деген коркунуч бар”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн балдар укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Лучио Валерио Сарандреа. “Биз бул көрүнүштү толугу менен жок кылып, мамлекеттин бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтүүгө умтулабыз”, - деп кошумчалады ал.

Туруктуу өнүгүү максаттарында белгиленгендей 2030-жылга чейин өспүрүмдөрдүн эрте куракта турмушка чыгуусун токтотуу үчүн бул прогрессти тездетүү зарыл. Эгерде кошумча чаралар көрүлбөсө, 2030-жылга чейин 150 миллиондон ашуун секелек 18 жашка толо электе турмушка чыгышы мүмкүн. Дүйнө жүзү боюнча 650 миллион аял өспүрүм кезинде турмушка чыккан.

“Кыргызстанда эрте никени токтотуу ар бир секелек кызга өз потенциалын ишке ашырууга жол ачат”, - деп айтты Сарандреа. “Бирок бул көрүнүш миңдеген баланын тагдырына балта чаппашы үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүшүбүз керек”.

###

Маалымат үчүн

Балдардын нике саны ЮНИСЕФтин дайындар базасынан алынган улуттук баалоонун негизинде эсептелинет. Бул база Кыргызстанды кошкондо 100дөн ашуун өлкөнүн улуттук репрезентативдик маалыматтарынан турат. Балдардын никеси боюнча улуттук маалыматтар негизинен үй кожолуктары арасында жүргүзүлгөн Көп кластердик изилдөөлөрдөн (MICS) алынды. Бул изилдөөнү Улуттук статистика комитеттери ЮНИСЕФ жана USAID менен кошо жүргүзөт. Демографиялык маалыматтар БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинен, Калкты жайгаштыруу бөлүмүнөн алынды.

Толук маалымат алуу үчүн:
Элен Уайли, ЮНИСЕФ Нью-Йорк, Тел: +1 917 244 2215, hwylie@unicef.org
Айпери Алымбекова, Тел: + 996 777 91 91 43, aalymbekova@unicef.org

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.