Баткендин башпаанек катары колдонулган мектептеринде ЮНИСЕФтин колдоосу менен суу түтүктөрү жана канализация системалары оңдолду

Баткен шаарынын мэриясы менен ЮНИСЕФ биргелешип 2022-жылдын сентябрынан бери убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланылып келген мекемелердин суу түтүктөрүн жана канализация курулмаларын оңдоп беришти.

26 Май 2023
UNICEF Representative and the Mayor’s Office of Batken paid a joint visit to five educational institutions, where water and sanitation facilities have been renovated.
UNICEF/Kyrgyzstan/2023/Elaman Maratbekov
UNICEF Representative and the Mayor’s Office of Batken paid a joint visit to five educational institutions, where water and sanitation facilities have been renovated.

БИШКЕК/БАТКЕН, 2023-жылдын 26-майы – ЮНИСЕФтин жана Баткен мэриясынын өкүлдөрү суу менен жабдуу жана канализация кызмат көрсөтүүлөрү жакшыртылган беш билим берүү мекемесинде болушту. Бөкөнбаев, Умаров жана Ленин атындагы мектептерде, ошондой эле №57 лицейде, Баткен мамлекеттик университетинин колледжинде 6700дөн ашык бала жана өспүрүмдөр билим алышат. Бул мекемелердин баары 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийин жер которгондор үчүн убактылуу башпаанек катары кызмат кылып келген. Көрсөтүлгөн колдоонун жалпы баасы 45 000 доллардан ашат.

Баткен мэриясы менен өнөктөштүктүн натыйжасында Ленин атындагы мектептин жана №56 лицейдин суу менен жабдуу системасы жакшыртылды; бардык мектептерде кошумча раковиналар жана таштанды үчүн челектер орнотулду, башка санитардык-техникалык иштер жасалды, ошондой эле зарыл болгон санитария жана гигиена буюмдары, анын ичинде 9000 литр суюк самын берилди. Ошондой эле жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташтыкта жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда балдар, өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери арасында таза сууну керектөөнүн маанилүүлүгү, бул мектептердин айланасында ишембиликтерди жана тазалык иш-чараларын туруктуу уюштуруу тууралуу бир катар маалыматтык сабактар өткөрүлдү.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм Баткендеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна Баткен облусундагы балдар жана аялдар үчүн темир жана фолий кычкылдыгы сыяктуу витаминдерди тапшырды. Мунун алдында чукул жооп кайтаруу иш-чараларынын жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлоруна негизги медициналык жана стерилдөөчү комплекттер өткөрүлүп берилген.

ЮНИСЕФ Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунда жабыркаган эл үчүн калыбына келтирүү жана туруктуулук боюнча узак мөөнөттүү планга ылайык Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келүүдө.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.