6 айдан 24 айга чейинки балдардын түрдүү тамактануусу

Жүрүм-турум факторлорун изилдөө жана интервенцияларды баалоо боюнча отчет

Dietary Diversity for Children Aged 6-24 Months
UNICEF

Highlights

6 айдан 24 айга чейинки балдардын түрдүү тамактануусу: Балдардын толук кандуу тамактануусуна өбөлгө түзгөн жана тоскоол болгон жүрүм-турумдук аспектилерди изилдөө жана интервенцияларды баалоо боюнча отчет Кыргызстандагы балдардын тамактануусун жакшыртуу боюнча жүрүм-турумдук аспектилерди жана алынган маалыматтардын негизинде иштелип чыккан чечимдерди баалоо жыйынтыктарын камтыйт.

Изилдөө Эмпирика аттуу эл аралык изилдөө жана консалтинг компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Бул компания сандык жана сапаттык изилдөө методологиясына адистешип, маалыматтарды чогултуу, талдоо жана көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу боюнча тажрыйба сунуштайт.

Отчет эки бөлүктөн турат: I бөлүк - Жүрүм-турум аспектилерин изилдөө отчету жана II бөлүк - Чечимдерди баалоо. I бөлүктө азыктандыруучу заттардын жетишсиздигине таасир эткен факторлор көрсөтүлгөн, анын ичинде ишенимдер, кабылдоолор, социалдык нормалар, табу, гендердик динамика, үй-бүлөнөнүн ичиндеги мамилелер, рыноктордун жеткиликтүүлүгү жана сезондук шарттар. II бөлүктө 6-23 айлык балдардын түрдүү тамактануусун стимулдаштырууга багытталган эки чечимдин тестирлөө жана баалоо жыйынтыктары көрсөтүлгөн.

Автору
ЮНИСЕФ
Жарыяланган күнү
Тилдер
англис, орус, кыргыз