Эненин жолу: “Беббо” тартуулаган үмүт жана колдоо
Көздүн жоосун алган пейзаждары менен атагы чыгып, жалпылык сезими күчтүү болгон Кыргызстандын жүрөгүндө бир эне майыптыгы бар балдар үчүн чектелүү ресурстарга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип келатат.
Данакер аттуу уулунун жаркын келечеги үчүн иштеп жүргөн Азиза менен таанышып алыңыз. Данакер – маңдайы жарык, көптү билүүгө умтулган, аутизми бар алты жаштагы бала.
Азизанын жашоосу – бул билинер-билинбес тең салмактуулукту сактоо аракети. Уулунун муктаждыктары адатта туура эмес чечмеленген коомдо, Азиза реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыз кылуу багытында кооптуу көйгөйлөргө туш болуп, алар менен күрөшүп, ошол эле маалда бул жолдо пайда болуп жаткан ар кандай коомдук айыптоолорго каршы туруп келатат. Көзгө дароо илинген чыңалууга карабастан, Азизанын чечкиндүүлүгү туруктуу бойдон кала берүүдө.
“Менин баламдын өнүгүүсүндөгү негизги максаттарым – уулумдун өзгөчө керектөөлөрүнө жооп берген колдоочу жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүү. Мен ага эмоционалдык аң-сезимин өрчүтүүгө, социалдык көндүмдөрдү өз ыргагында өнүктүрүүгө жана анын кызыкчылыктарына ылайыкташтырылган көнүгүүлөрдүн жардамы менен когнитивдик жана физикалык өсүшүнө дем берүүгө умтулуп келатам”.
“Беббо менин тарбиялоомдун айрым ыкмаларына таасирин тийгизген пайдалуу маалыматтарды жана практикалык кеңештерди берди. Күнүмдүк кеңештер жана ресурстар мага баламдын өнүгүүсүнөн кабардар болууга жардам берип, эмоционалдык жөнгө салуу жана баарлашуу сыяктуу багыттарга көңүл бурушум керектигин эскертип турду. Мен эне катары өзүмдүн ой жүгүртүүмө таянсам да, бул тиркеме кошумча билимди берип, менин ыкмамды колдогон пайдалуу аспап болуп калды”, - дейт Азиза.
Адистештирилген жардам кымбатка туруп, көп учурда жеткиликсиз болгон шарттарда Азиза керектүү колдоону күтүлбөгөн жерден тапты. “Беббо” ушундай куткаруучу чөйрөнүн бири болуп саналат. Ата-энелер үчүн иштелип чыккан “Беббо” тиркемесин Азиза Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин Инстаграмдагы барагынан тапкан. Азиза үчүн “Беббо” бул жөн гана тиркеме эмес; бул ошону менен бирге ата-энелик жолдо анын ишенимдүү өнөктөшү.
Азизанын бектиги анын өзүнүн тажрыйбасынын чегинен чыгып, аныкына окшош көйгөйлөргө туш болгон башкаларга колдоо көрсөткөн жамаатты түзүүгө шыктандырып келатат. Азиза негиздеген “Өзгөчө Кыргызстан” тармагы аркылуу аутизми бар балдардын 225 энеси WhatsApp’тагы тайпа аркылуу байланышып, кеңештери, тажрыйбасы менен бөлүшүп, бири-бирин колдоп, күч жана дем берип турушат.
Азизанын баамында, “Беббонун” дарамети өтө чоң. Азиза тиркеме майыптыгы бар балдардын үй-бүлөлөрү үчүн адистештирилген ресурстарды кошуп, өз сунуштарын кеңейте алат деп үмтөтүп турат. Азиза тиркемеде жүрүм-турум көйгөйлөрү жана эмоционалдык жөнгө салуу боюнча практикалык кеңештер, социалдык интеграцияга көмөктөшүү боюнча кеңештер жана ата-энелер туш болуп жаткан күнүмдүк стрессти башкаруунун стратегиялары камтылса, жакшы болмок деп ишенет.
Жеке блогунун жардамы менен Азиза башка ата-энелерди шыктандыра алган үнгө айланды. Азизанын Данакерди тарбиялоодогу чын жүрөктөн баяндаган окуялары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, ошол эле маалда өзгөчө муктаждыгы бар жана андай муктаждыктары болбогон балдары бар үй-бүлөлөргө тилектештик жана колдоо көрсөтүп келет.
“Натыйжада, майыптыгы бар балдардын көптөгөн ата-энелери кеңеш жана колдоо сурап, мага көп кайрылышат. Башкалар менен баарлашуу, тажрыйба алмашуу жана дем берүү үчүн мейкиндикти сунуштоо пайдалуу болду”.
Азиза менен Данакердин окуясы ата-энелерге балдарынын өнүгүүсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоодо колдоонун маанилүү ролун баса белгилеп турат. Чакан жеңиштер, чексиз чыдамкайлык, туура ресурстар жана жамаат – мунун баары чечүүчү мааниге ээ экендигин баамдоо менен аныкталган жол.