Жаңы Беббо тиркемеси

Сиздин ата-энелик көндүмдөр боюнча чөнтөгүңүздөгү жардамчы

Bebbo main illustration

Беббо

“Беббо” мобилдик тиркемеси ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири өңүттөрү боюнча, анын ичинде тамактануу, баланы эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, жоопкерчиликтүү ата-энелик, балдарды коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча эксперттик кеңештерди берет. Тиркеме 0-6 жашка чейинки курактагы наристелердин ата-энелери үчүн ылайыктуу болот.

Embedded video follows

Ар бир ата-энеге жардам керек

Ар бир бала камкордукка, чың ден соолукка, туура тамактанууга, ошондой эле эрте куракта өнүгүүнү жигердүү түрдө камсыз кылган дем берүүчү жана коопсуз чөйрөгө муктаж. Тиешелүү колдоо, адатта, саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо кызматтары аркылуу, ошондой эле балдар менен ата-энелердин балдарды эрте өнүктүрүү боюнча адистер менен байланышы аркылуу камсыз кылынат, бирок бул колдоо дайыма эле жетиштүү боло бербейт же такыр эле жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.

Ошондо Беббо кайрылып толук маалымат алалсыз! 

Тиркеме ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири өңүттөрү боюнча, анын ичинде тамактануу, баланы эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, жоопкерчиликтүү ата-энелик, балдарды коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча эксперттик кеңештерди берет. Кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болгон бул мобилдик тиркеме Кыргызстандагы ата-энелерге балдарды тарбиялоо жана билим берүү боюнча ишенимдүү билимдерге жана тажрыйбаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле ата-энелерге жана бала баккандарга баланын бакубатчылыгына кантип кам көрсө болоору тууралуу конкреттүү кеңештерди камтыйт. “Bebbo” тиркеме 0-6 жашка чейинки курактагы наристелердин ата-энелери үчүн ылайыктуу болот.

Балдарды өнүктүрүү маселесине арналган ата-энелер үчүн “Bebbo” мобилдик тиркемеси алгач Европа менен Борбор Азиянын 11 өлкөсүндө киргизилет.

Баланын өсүп-өнүгүсүү

Тиркеме кантип иштейт?

Ата-энелер тиркемеге баласы жөнүндө негизги маалыматтарды (туулган күнүн, боюн, салмагын) киргизип, баланын жашына жана жынысына байланыштуу маалыматтарды алышат. Тиркеме ата-энелерди баланын өнүгүү жана өсүү баскычтарын жигердүү түрдө көзөмөлдөп, белгилеп турууга түртөт. Тиркеме ата-энелерге өтүш керек болгон эмдөөлөр жана медициналык текшерүүлөр жөнүндө толук маалымат берет. Бул тиркемеде бардык керектүү маалыматтарды сактоо абдан ыңгайлуу.

Suggested Daily Reads

Күнүмдүк кеңештер

Бул тиркемеден балаңыздын тилин, кыймыл-аракетин жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн оюндарды жана идеяларды таба аласыз.

Games for parents and children

Балдар жана ата-энелер үчүн оюндар

Балаңыздын күн сайын өнүгүүсүнө жардам бере турган оюндарды жана идеяларды таба аласыз.

Child Development Tracker

Баланын өнүгүүсүн көзөмөлдөчү

Сиз балаңыздын 0-6 жаш балдар үчүн сунушталган өнүгүү көрсөткүчтөрүнө карай жетишкендигин көзөмөлдөй аласыз

Vaccination

Эмдөө

Сиз балаңыздын алган эмдөөлөрүн оңой көзөмөлдөп, жазып алсаңыз болот.

Health Check-ups

Ден-соолугун көзөмөлдө

Балаңыз кандай медициналык текшерүүлөрдөн өткөнүн тиркемеге киргизип, аларга көз сала аласыз.

Child’s Growth

Баланын өсүп-өнүгүүсү

Балаңыздын боюн жана салмагын  каттоо менен, анын өнүгүүсүн байкап туруңуз.

Ата-энелер үчүн түзүлгөн атайын тиркемени ачыңыз

“Беббону” азыр жүктөп алыңыз!
Bebbo visual