Эми биз биргебиз
Сузакта медкызматкерлерди, педагогдорду жана соцкызматтарды бириктирген Команда иштей баштады
Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 30 пайызга жакыны эрте жардам жана инклюзивдүү билим берүү системасынын тышында кала беришүүдө. Ведомстволор аралык эриш-аркак иштешүүнүн жетишсиздигинен, үй-бүлөлөр көп жакшы маалымат ала албагандыктан жана ресурстардын тартыштыгынан улам мындай балдар адатта алардын өнүгүүсү үчүн эң маанилүү куракта – жарык дүйнөгө келгенден кийин сегиз жашка чейин колдоосуз калып жатышат. Мындай жагдайды өзгөртүү максатында ЮНИСЕФ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Сузак районунда Трансдисциплинардык команданын (ТДК) пилоттук моделин ишке киргизишти.
Долбоор 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Программасынын, ошондой эле “Жеткиликтүү өлкө” Программасынын бир бөлүгү катары башталган. Өнүгүүсүндө тобокелдиктери бар балдарды эрте куракта аныктоонун эл аралык тажрыйбасы жана аларга жергиликтүү деңгээлде комплекстүү жардам көрсөтүү бул программанын өзөгүн түзөт.
Трансдисциплинардык команда деген эмне?
Трансдисциплинардык команда – бул системалуу модель, анда медицинанын, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун өкүлдөрү майыптыгы бар баланы жана анын үй-бүлөсүн колдоо бөлүгүндө бир команда катары иштешет. Буга чейин бул адистердин ар бири — дарыгер, социалдык кызматкер, педагог — өз функцияларын өз-өзүнчө аткарып келишкен. Алар бири-биринин көйгөйлөрүнөн кабардар эмес болчу, маалыматтар менен бөлүшкөн эмес жана жалпы чечимдерди даярдашчу эмес.
Эми алар чогулуп, ар бир балага жана анын үй-бүлөсүнө байланышкан кырдаалды талкуулап турушат, үй-бүлөнү колдоонун бирдиктүү планын түзүшөт, айылдын, жергиликтүү бийликтин ресурстарын тартышат, эң башкысы – ата-энелер бул командалардын мүчөсү болуп, бул процесске жигердүү катышып келатышат. Сузактын Трансдисциплинардык командасында болгону 7 адам бар, бирок алар мындан тышкары 25 баланы коштоп жүрүшөт. Дагы 19 бала кабыл алуу процессинде турат.
ТДКны түзүү жөнүндө чечим жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде белгиленип, тармактык министрликтер менен макулдашылды. Ушундан кийин команда ЮНИСЕФтин жардамы менен уюштурулган бир катар окуу тренингдеринен өттү, анын ичинде өнүгүүсүндө артта калып жаткан баланы эрте мөөнөттө аныктоо, ата-энелерди колдоо боюнча иштер, үй-бүлөлөр менен байланышуу этикасы боюнча тренингдер болду.
Өнүгүүсү кечеңдеген же майыптыгы бар балдарды аныктоо бир нече жол менен ишке ашат. Биринчиден, бул ҮМБда же ФАПта кабылдама маалында баланы кароо болушу мүмкүн – медайым же дарыгер баланын өнүгүүсүндөгү кечеңдөөнү, анын ичинде сүйлөөдө, моторикасында ж.б. көйгөйлөрдү байкай алышат. Экинчиден, бул социалдык кызматкерлер, анын ичинде акимчиликтин жана билим берүү уюмдарынын (бала бакчалардын жана мектептердин) кызматкерлери менен биргеликте үймө-үй кыдырып, кейс менежмент аркылуу ишке ашат. Акыры, баланын окуусунда жана коомго аралашуусунда көйгөйлөр болсо, ТДКга кабарлай ала турган педагогдор жана тарбиячылар аркылуу жасаса болот.
Баштапкы текшерүүнү жүргүзгөндөн кийин команда баланын ата-энеси менен чогулуп, ар бир ишти өзүнчө карап чыгат. Алар үй-бүлөнү колдоонун жеке планын иштеп чыгышат, анда балага адистештирилген медициналык диагностика керекпи же жокпу, майыптыкты тариздөө зарылбы же жокпу, логопедге, психиатрга же балдардын мекемесине жибериш керекпи – ушуну чечишет. ТДКдан бир жооптуу адис үй-бүлөнүн биринчи муктаждыктарына карап, коштоп жүрүүгө дайындалат, мисалы, документтерди тариздөөгө, пенсия алууга, баланы жамаатка адаптациялоого ж.б. жардам берет. Команда белгилүү бир “чек-тизме” аспабы менен иштейт, жолугушуулар туруктуу негизде өтүп турат, ал эми өзгөчө татаал же алыскы сапарларга команда толук курамда чыгат.
Маанилүү принциптердин бири – команданын ишине ата-энелер катышып, балага гана эмес, ата-энеге да жардам көрсөтүлөт. Аларга бала менен иштөөнүн усулдарын үйрөтүшүп, ар бир кадамы көрсөтүлгөн нускамаларды берип, укуктарын түшүндүрүшөт. Ата-энелер команданын бир бөлүгү болуп калышат.
“Апа” деди
Алиман* (аты өзгөртүлдү) жакында төрткө чыгат. Алиманда эпилепсиянын белгилери бар жана жашоосунун алгачкы жылдары тили чыкпай, адамдын көзүн тик карай албай, айланасында болуп жаткандарга эч кандай реакция жасачу эмес. Алимандын ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн, ал эми кыз менен чогуу жашаган таенеси небересинин көйгөйлөрүн моюнга алуудан баш тартып келген.
Социалдык кызматкер текшерүү менен келгенден кийин гана таенеси кыздын апасына телефон чалууга макул болгон. Апасы Орусиядан кайтып келгенден кийин команда планды даярдаган: кыз текшерилет, логопедге бара баштайт, топ түзүлөт, күн сайын сабактар болуп турат. Эң кызыгы – кыз машинеге отурганда гана өзүн тынч сезет. Ошондуктан, апасы аны менен сабактарды машиненин ичинен өткөрөт.
“Башында кызымдын тынчы кетип, колуна тийгендин баарын эле ыргыта берчү. Азыр болсо бир жерде отуруп, сүрөттөрдү көрсөтүп, “апа”, “ата”, “му” дейт. Ал жаныбарлар кандай үндөрдү чыгарарын билет. Бул мен үчүн керемет”, - дейт Алия* (аты өзгөртүлдү).
Азыр үй-бүлө кыз үчүн майыптыгы боюнча пенсия алат. Кыз коомго аралашып, жакындары менен байланыш түзгөндү үйрөнүп, оюнчуктарга жана китептерге кызыга баштады.
Алиман ушундай ийгиликтерди жаратып жаткан чакта айылдын кийинки башында 11 жаштагы Рахим* (аты өзгөртүлдү) сакайып кетүү жолуна эми гана түштү. Рахим эмдөөгө келгенде Зухра Назмутдинова аттуу медайым бала адамдын көзүнө тик карагандан коркуп, өтө чыңалуу абалда болгонун, суроолорго жооп бербей жатканын байкаган. Медайым Рахимдин апасын бейтапканага чакырып, баланы текшерүүдөн өткөргөн.
“Мурда мен “баланын ден соолугу чың” деп эле жазып коймокмун. Бирок окууга катышкандан кийин анын жүрүм-туруму тынчсыздануудан, стресстен кабар берип, КТГС (Көңүлдүн тартыштыгы жана гиперактивдүүлүк синдрому), аутизм белгилери болушу мүмкүн экендигин түшүндүм”, - дейт Зухра.
Рахимдин окуусу начар, тынчы жок, ойлорун жакшы жеткире албайт. Психиатр олуттуу диагноз койгон эмес, бирок психотерапияны, акырындык менен коомго аралаштырууну, ата-эне менен иштешүүнү сунуштаган.
“Адегенде мен эч нерсени мойнума алгым келген эмес. Эгерде баламда көйгөйлөр бар экенин мойнума ала турган болсом, ага өкүм чыгаргандай болом деп ойлочумун. Бирок команда мага абдан колдоо көрсөттү, азыр да эсимде, жолугушууда дарыгер да, биздин мугалим да, социалдык кызматкер да болду – баары мага жардам бергиси келип турду. Азыр биз алар менен күнү-түнү байланыштабыз, үйдөгү сабактардын жардамы менен баланын жүрүм-турумуна түзөтүүлөрдү киризип жатабыз. Рахимдин күлкүсү чыгып калды. Анын досу да пайда болду. Ал тургай, уулум чоңойгондо полиция кызматкери болгум келет деп айтып калды, ал эми мурда биз менен такыр сүйлөшчү да эмес”, - дейт Рахимдин апасы Гулия* (аты өзгөртүлдү).
Бул окуянын дагы бир каарманы бар – тентек жана көп чурулдаган Ислам* (аты өзгөртүлдү). Мында биринчилерден болуп ФАПтын башчысы Юлдашева Шахриниса коңгуроо каккан. Бала 3 жаш 10 айга толсо да тили чыга элек эле. Ал кечке эле ары-бери чуркап жүрчү, баарынан качып, ал тургай, ата-энеси менен да байланышка барчу эмес.
“Биз аны невропатологго, андан кийин логопедге жибердик. Алар КТГС деген диагноз коюшту. Азыр дары ичип, бала бакчага даярданып жатат. Ал горшокко отурганды үйрөндү, ондогон сөздөрдүн маанисин билет. Эң негизгиси, ал башка балдар менен достошо баштады”, - дейт Шахриниса.
Юлдашева Шахринисаны бул команданын жүрөгү деп койсо да болот. ЮНИСЕФте окуудан өтүп, жолугушууларды уюштуруп, баланын өнүгүүсүндөгү динамиканы көзөмөлдөп турат. Өткөн жылы ал өз районундагы 612 үйдү жөө кыдырып чыккан, айрымдар үйлөр бири-биринен 3-4 чакырым алыстыкта орун алган.
“Үйлөрдү кыдырбай коё албадым. Алар биздин балдарыбыз. Эгерде биз азыр алардын жанында болбосок, анда алар жалгыздыкта чоңоюшат. Эгерде жанында болсок, алар президент болушат”, - дейт ал.
8-мартта күйөөсү ага машине белек кылган, “аялыма башка үй-бүлөлөргө жардам берүүгө жеңил болсун” деп айткан. Азыр машинеде документтер, китептер, оюнчуктар жана аптечка бар. Шахриниса күн сайын балдарды текшерүүгө чыгып турат.
“Биздин ишибиз үчүн бир нече негиздеме бар – пилоттук айылдык аймактардын макулдугу менен үч министрликтин – Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тескемеси бар. Биз ыктыярчы эмеспиз жана бул нерселерди өзүбүз ойлоп тапкан эмеспиз. Команда 7 адамдан турат. Арабызда дарыгер, медайым, социалдык кызматкер, педагог, координатор бар, азыр жергиликтүү бийликтин өкүлү да кошулду. Иштөө механизми татаал эмес, ал 4 этаптан турат: баштапкы аныктоо – жолугушууда талкуулоо – иш-аракеттер планы – үй-бүлөнү коштоо. Бул ыкмалар тууралуу бизге ЮНИСЕФтин тренери айтып берген: байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, тесттер, кууш адистерге багыттоо, юридикалык жардам көрсөтүү, майыптыкты тариздөө, ата-энелерди окутуу. Биздин максатыбыз – балдарды тобокелдик тобунан чыгаруу, коомго аралаштыруу, экинчи майыптыктын алдын алуу. Буга чейин жасагандарыбыздан айырмасы – биз баланы бир адистен экинчисине багыттабайбыз, эми бала үчүн жалпы жоопкерчиликти алып калдык”, - деп түшүндүрдү ФАПтын башчысы.
Команданын иши айылдагы өнүгүүсү кечеңдеген же майыптыгы бар балдарга болгон мамилени өзгөрттү.
“Буга чейин майыптыгы бар балдардын ата-энелери бизге эшигин ачпай, балдарын сыртка чыгарбай, обочодо кармап келишкен. Бизди кууп чыгышчу деп айта албайм, бирок өзгөчө деле байланышчу эмес, өз балдарына жардам берүүгө аракет кылчу эмес, бизге жолобогонго аракет жасачу. Азыр болсо кошуналар чалып: “Бул жакта бир бала бар, карап көрөсүңөрбү? Биз бул үй-бүлөгө жардам бергибиз келет, эмне кылышыбыз керектигин үйрөтсөңөр” деп айтышат”, - деди социалдык кызматкер Омушева Гүлнур.
Ушундай жол менен ТДКнын кабылдамасына Адыл* (аты өзгөртүлдү) да келген, ал таежесинин колунда чоңоюуда. Адылдын тарамыштары тырышып калат. Ал кекечтенип сүйлөйт, ошондуктан мектепке баргандан коркот. Таежеси кайрылып, команда координацияланган ишти жүргүзгөндөн кийин Адыл менен психолог иштеше баштады. Команда таежеси менен да иштейт, документтерди тариздөөгө жардам берип, баланы коомго аралаштыруу боюнча кийинки кадамдарды пландаштырып жатат.
“Бул долбоор эмес. Бул – майыптыгы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берген жаңы система. Биз жалгыз иштебей калдык. Азыр ар бир бала биздин назарыбызда жана көзөмөлүбүздө”, - дейт координатор Рано Колдошева.
БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА БУУ системасынын жалпы координациясы менен, ошондой эле БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча өнөктөштүгүнүн колдоосу алдында Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын укуктарын сүрөө боюнча эки жылдык долбоорду ишке ашырышууда.