Тынчтыкты сактоо максатында муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо
Аярлуу балдарды бүгүн коргоп калуу менен, келечекте дагы да тынч жамааттарды түптөй алабыз.
Эрмек Батыров бизди Шарк айылына жеткирди. Аталган айыл орун алган райондо Эрмек үй-бүлөлөргө жана балдарга колдоо көрсөтүү бөлүмүн жетектейт. Эрмек бизге жолду көрсөтүп баратып, ылайдан тургузулган жупуну үйдүн жанында токтоду.
Биз Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусунда жүрөбүз жана бул – Момина Салиеванын үйү. Анын үй-бүлөсү оор турмуштук кырдаалда турат деп расмий таанылган.
Шарк айылында ушундай дагы эки үй-бүлө бар жана анда төрт бала жашайт.
Момина бүгүн ооруп жаткандыктан биз анын өзү менен сүйлөшө алган жокпуз. Ошондуктан бул үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен баарлаштык. Үй-бүлө өтө оор абалда жашайт. Жакында эле Моминанын кызы соттун чечими менен эркинен ажыратылгандан кийин ал беш небересин асырап алган.
Балдарга камкордук
Жумушуна байланыштуу Эрмек Батыров жүрөк ооруткан, кайгылуу тагдырларга көп жолу күбө болгон. Аны өзгөчө балдардын абалы тынчсыздандырат:
Бул жумуш эмоционалдык жактан өтө оор басым жасайт. Кээде жумуштан үйгө кайтып барганда арыз жазып, ишимди таштап кетсемби деп ойлоном. Бирок эртең менен жардамга муктаж балдарды элестетип алып, аларды таштап кете албай турганымды түшүнүп, кайрадан бел байлайм.
Бүгүн Эрмек Моминанын үйүнө жакшы кабар менен баратат: ал Моминанын төрт жаштагы небереси Назимага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшырат. Көчөт кыз азырынча кичинекей кызыл китепченин маанисин түшүнө элек. Бирок буга карабастан күбөлүктүн мааниси өтө чоң: туулгандыгы тууралуу күбөлүк Назиманын жарандыгы бар болгонун ырастап турат. Күбөлүк болбосо, Назиманын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим жана социалдык жардам алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болот.
Социалдык коргоону камсыз кылуу жолу менен тынчтык куруу
Моминанын үй-бүлөсү Кыргызстандагы өзбек тектүү азчылыкка кирет. Алар негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү Ош жана Баткен облустарында жашашат. Жалпысынан алганда өзбектер жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышууну жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кошкондо, көпчүлүк социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгүнө караганда көп жакшы эмес абалда турушат.
2010-жылы Кыргызстанда жаңжал чыгып, анда жүздөгөн адамдар набыт болуп, 400 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Андан бери өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орноду. Бирок бул тынчтыкты мындан ары дагы бекемдей берүү абзел.
Социалдык теңсиздикти Кыргызстандагы жаңжалдардын бирден бир себеби катары караса болот. Социалдык коргоо системасы жана жергиликтүү бийлик органдары этностук таандыктыгына карабастан калктын өзгөчө аярлуу катмарына өз убагында көңүл бура албаса, бул көңүл калууга жана обочодо калгандай сезимдердин жаралуусуна алып келип, жергиликтүү деңгээлде чыңалууга себепчи болот. Ошондон улам социалдык коргоо ЮНИСЕФ БУУнун Тынчтык куруу фонду менен биргеликте колдоп келаткан программалардын бири болуп саналат.
Муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы ыкмасы
2015-жылы Кыргызстан Өкмөтү №391 токтом кабыл алган. Бул токтомдо оор турмуштук кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктап, алардын арасында иш жүргүзүү тапшырылган.
“Бул узап бараткан жылдагы эң жакшы окуя болду”, - деп толкунданып айтып берди Батыров. “Бул менин ишимди бир кыйла жеңилдетти: токтом бийликтин ар кайсы органдары оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга карата кандай милдеттенмелери бар болгонун түшүндүрүп берүүдө. №391 токтом аярлуу балдарга жана үй-бүлөлөргө тиешелүү маселелерди биргелешип, натыйжалуу чечүү үчүн түрдүү министрликтердин, муниципалитеттердин, алгачкы медициналык-санитардык жардам кызматтарынын, мамлекеттик каттоо органдарынын жана башка мекемелердин башын бириктирүүдө”.
Токтомдун маанилүү өзгөчөлүгү – үй-бүлө оор турмуштук кырдаалда турат деген факт жана ушундан улам алар социалдык колдоо алууга укугу бар. Мурда мындай аныктама үй-бүлөлөр өздөрү колдоо сурап кайрылганына жараша берилчү. Бирок ушул тапта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлери жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды өздөрү эле аныктай башташты.
ЮНИСЕФтин колдоосу
“Бир нече мекемени үндөшүп, калкты мүмкүн болушунча кененирээк камтуу көз карашынан ой жүгүртүп иштетүү оңой эмес”, - деп айтты ЮНИСЕФтин социалдык саясат боюнча адиси Гульсана Турусбекова. “Акыркы 20 жылдан бери социалдык колдоо системасы дээрлик өзгөргөн жок”.
№391 токтомго байланыштуу саясаттын өзгөрүүсүн ЮНИСЕФ колдоп келди. Токтомдун өзөгүндө ЮНИСЕФ иштеп чыккан пилоттук долбоор жатат. Өкмөт бул долбоорду улуттук масштабдан ишке ашырууну чечкенде ЮНИСЕФ токтомду ишке ашыруу боюнча техникалык колдоо көрсөтүп, аны жайылтуу боюнча нускамаларды да берди.
Токтом кабыл алынгандан кийин ЮНИСЕФ керектөөлөрдү эсепке алуу менен өзгөрүүлөрдү камтыган, БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылаган окуу программасын иштеп чыкты. Бул окууларга мамлекеттик жана муниципалдык аткаминерлер катышты.
“Бул тренингдер – ЮНИСЕФ бизге бере алган эң баалуу нерсе болуп калды. Себеби алар ишибизди мыкты аткарууга жол ачууда”, - деп айтты катышуучулардын бири Батыров.
Жакшы жашоого умтулган жол
Моминанын үй-бүлөсү социалдык кызматкерлердин максаттуу аракеттеринин натыйжасында табылган. Алар өтө жакыр турмушту башынан өткөрүп жатышкан эле; мындан тышкары бул үй-бүлөдөгү эч бир адамда расмий документтери болгон эмес.
Эрмек Батыровдун командасы алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жана паспортторун калыбына келтирип, беш баланын ар бири үчүн ай сайын 705 сом (11 АКШ доллары) көлөмүндө жөлөкпул алып турууга жардам берди.
Шарк айылы жайгашкан райондо Моминанын үй-бүлөсүнө окшогондор көп. Алардын колунда документтери жок, акчасы тартыш, бул үй-бүлөлөрдө ата-энеси мигрант балдар жашайт, ошондой эле майып балдар жашаган үй-бүлөлөр да бар.
Ушундай үй-бүлөлөрдү таап чыгып, аларды каттоого алуу, муктаждыктарын аныктоо, жакшы жашоого умтулган жолунда жардам көрсөтүү социалдык кызматкерлердин милдети болуп саналат.