Нөлдүк өлүм көрсөткүчү – бир максат: Ысык-Көл облусундагы ар бир баланы коргоо

Ысык-Көл облусу эмдөө, өнөктөштүк жана ишеним аркылуу өлкөдө кызамык оорусунун эң төмөнкү көрсөткүчүнө кантип жете алды? 2025-жылы кызамыктан бир дагы өлүм катталган жок.

ЮНИСЕФ
GAVI and UNICEF delegation in Karakol
UNICEF/DanilUsmanov
02 Сентябрь 2025

Глобалдык Вакциналар Альянсынын (ГАВИ) гранттарын колдонуудагы жылыштарды биргелешип баалоо – бул жетишкендиктерди талдап, андан аркы кадамдарды пландоо үчүн маанилүү этап болуп саналат. Бул баалоонун алкагында ГАВИнин делегациясы Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РИБ) жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен бирге Ысык-Көл облусуна барды.

Коноктор эмне себептен Ысык-Көл облусу өлкөдө кызамык оорусунун эң төмөнкү деңгээлин көрсөтүп жатканына өздөрү ынанышты.

Ысык-Көл облустук Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Гүлүшкан Тайлакова жана облустук иммунолог Лилия Бектурова таасир калтырарлык маалыматтарды беришти: облуста кызамык оорусунун деңгээли республика боюнча орточо көрсөткүчтөн дээрлик алты эсе төмөн, бул жалпы учурлардын болгону 1,3 пайызын түзөт, мында облустун калкы өлкөнүн жалпы тургундарынын 7,5 пайызга жакынын түзөт. 2025-жылы аймакта кызамыктан каза болгондор катталбаганы өзгөчө маанилүү.

Облуста калктын төмөн жыштыгы роль ойноп жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында Ысык-Көл – бул Кыргызстандагы жашоо ыргагы эң жандуу аймактардын бири, өзгөчө жай мезгилинде бул жакка 2 миллиондон ашык турист келет. Караколдо лыжа базалары болгондуктан бул жакка жыл бою коноктор каттап турушат. Дарыгерлердин айтымында, 2025-жылы кызамык оорусунун көпчүлүгү саякатчылар менен байланышта болгон, бул оору күч алган кезде аны көзөмөлдөө кыйын болуп калат. Ошого карабастан, аймакта эмдөө менен камтуунун масштабы дайыма жогорку деңгээлде болуп келет.

Ооругандардын санынын аздыгы – бул комплекстүү мамиленин жыйынтыгы. Мында калк менен жигердүү иш алып баруу, ооруп калгандарга дыкат көз салуу, оорунун күч алышына ыкчам жооп кайтаруу, медициналык кызматкерлердин өз ишине берилгендиги жана эң негизгиси, ГАВИнин каржылоосунун эсебинен ЮНИСЕФтин РИБге техникалык жана логистикалык колдоосу бар.

Special vehicles for vaccine transportation
Вакциналарды ташуу үчүн атайын транспорт @ЮНИСЕФ/Данил Усманов

Акыркы жылдары ГАВИнин жана ЮНИСЕФтин жардамы менен Ысык-Көл облусу жашоо үчүн маанилүү ресурстарга ээ болду. Алар: вакциналар, компьютерлер, “муздатуучу чынжырды” бекемдөө үчүн жабдуулар – анын ичинде бир рефрижератор жүк ташуучу унаа, температурага аралыктан мониторинг жүргүзүү системасы, көлөмү 30 куб метр болгон муздаткыч камера, эмдөө пункттары үчүн 200дөн ашык жабдуу жана вакциналарды ташуу үчүн бир пикап.

Lilia Bekturova
Лилия Бектурова @ЮНИСЕФ/Данил Усманов

“Буга чейин бизде вакциналарды сактоо үчүн жай жок болчу, - деп айтып берди иммунолог Лилия Бектурова. – Биз запастарды камдай албай, вакциналар келген күнү эле райондорго чукул жеткирүүгө шашылчубуз, себеби вакциналарды сактоо үчүн шарттар жок эле. Азыр болсо муздатуучу чынжырдын кеңейиши менен биз запастарды акылдуулук менен башкара алабыз. Ал эми транспорттун пайда болушу менен биз вакциналарды өзгөчө шарттарда өзүбүз жеткирип жатабыз. Бул ишибизди гана жеңилдетпестен, ошону менен бирге эмдөөгө болгон ишенимди да бекемдеп жатат”.

Дарыгерлер ошондой эле вакциналарды сактоо үчүн көзгө көрүнгөн жабдуусу бар адистештирилген транспорт менен келгенде ата-энелер вакциналардын сапатына жана коопсуздугуна ынанып, калктын эмдөөгө болгон ишеними артарын белгилешет.

Refrigerators
Муздаткыч жабдуулар жана FridgeTag датчиктери @ЮНИСЕФ/Данил Усманов
 FridgeTag

Иш сапардын кийинки пункту жаңы муздаткыч камера болду – бул 60 миң дозадан ашык вакцина сакталган, көлөмү 30 куб метр бөлмө. Камера температураны өлчөгөн FridgeTag датчиктери менен жабдылган, алар 60 күн бою маалыматтарды жазып жана берип турушат. “Эми медициналык кызматкерлер температураны кол менен текшерип отурушпайт, - деп бөлүшөт кызматкерлер. – Электр жарыгы үзгүлтүккө учураса да, камера вакциналардын коопсуздугун камсыз кылуу менен бир нече күн туруктуу бойдон кала бермекчи. Аралыктан мониторинг жүргүзүүчү түзмөк температураны үйдөн – жумуштан кийин жана дем алыш күндөрү да көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берет.

Инфраструктурадан тышкары, ЮНИСЕФ жүрүм-турум илимин жана жамааттардын катышуусун колдонуу менен вакциналарга карата шектенүүнү жоюунун үстүнөн иш алып барууда. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү имамдар окуудан өтүп, мечиттер, коомдук чогулуштар аркылуу эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтарды таратып жатышат. Мындай көп деңгээлдүү мамиле ар бир адамды маселени чечүүгө катышууга мүмкүндүк берет.

Ысык-Көл үй-бүлөлүк медицина борборунда кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн өтүү үчүн келген Данагүлдү жана анын бир жаштагы кызы Фатиманы жолуктурдук.

One year old Fatima is getting her MR vaccine
Бир жаштагы Фатима кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө алып жатат @ЮНИСЕФ/Данил Усманов

Караколдо эки баланын энеси Гүлжан өз окуясы менен бөлүштү. Анын 9 жаштагы тун кызы Жанетта бардык пландуу эмдөөлөрдү алган. Ал эми кичүүсү, 11 айлык Каныкей кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө алууга даярданып жатат.

“Каныкейди төрөгөндө төрөт үйүндө кызамык оорусу күч алып жаткан, - деп айтып берди Гүлжан. – Баламдын саламаттыгы жакшы болгону менен, оорулуу балдар менен байланышта болуп калганыбызды айтып, 21 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук. Абдан корктум. Бул окуя менин вакциналарга болгон ишенимимди бекемдей алды, эми эмдөө алчу күндү чыдамсыздык менен күтүп калдым”.

Gulzhan with daughters Janetta and Kanykei
Гүлжан кыздары Жанетта жана Каныкей менен @ЮНИСЕФ/Данил Усманов

Фатима менен Каныкейдей балдар үчүн РИБ, жергиликтүү бийликтер, ЮНИСЕФ жана ГАВИ ар бир вакцина каржыланып, коопсуз жеткирилип, туура сакталып, вакцинаны квалификациялуу адистер сайышын камсыз кылуу үчүн талыкпай иш алып барууда.

Алар – ар бир чечимдин, ар бир өнөктөштүктүн, ар бир инвестициянын себеби. Эч бир бала алдын алууга боло турган оорулардан азап чекпеши керек. Биз биргелешип, ар бир баланы коргой алабыз.

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте ГАВИнин – Глобалдык вакциналар альянсынын финансылык колдоосу менен эмдөө системаларын бекемдөө жана вакциналарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо демилгесин ишке ашырууда.