Кыргызстандын мектептериндеги STEM
“Илимдеги кыздар” долбоору окутууга болгон мамилени кандайча өзгөртүүдө
Бүгүн Акдана Эгембердиева жана Аида Асранбекова аттуу эки мугалим “Кыздардын максаттары: Келечекти кыздар менен ачабыз” деген иш-чаранын алкагында сахнага чыгышты. 8-март майрамынын урматына алар кыздар үчүн илимий шоуну өткөрүп жатышат: от жана азот менен химиялык реакцияларды көрсөтүп, илим тууралуу элести өзгөрткөн тажрыйбалар жөнүндө айтып беришүүдө. Залда отургандардын баары шоудан ырахат алып жатышат. Көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү химия канчалык кызыктуу болорун, эксперименттердин дүйнөсү адамды канчалык арбап аларын биринчи жолу көрүштү. Бирок дайыма эле мындай болгон эмес. Алардын бул күнгө болгон сапары күмөн саноолордон, ресурстардын тартыштыгынан жана жаңы бир иштин алдындагы коркуу сезимдери менен башталды.
Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан чакан Кызыл-Кыя шаарында акыркы жылдары аялдардын илимге катышуусуна байланышкан олуттуу өзгөрүүлөр орун алууда. Бул өзгөрүүлөргө салым кошкондордун бири – №6 мектептин химия мугалими Акдана Эгембердиева.
Илимге карай жол
Акдана изилдөөлөргө жана илимий ачылыштарга дайыма умтулуп келген. ЮНИСЕФ адистиктер боюнча долбоорлорго конкурс жарыялаганда, ал Кызыл-Кыя шаарынын ар бир жашоочусуна жакын теманы тандап алган. Бул – ичүүчү суунун сапаты. Шаарда суу саатка карап берилип турат жана анын сапаты тынчсызданууну жараткан көйгөй. Акдана бул көйгөй тууралуу айтып эле тим болбостон, өз окуучуларын аны менен терең таанышып чыгууга тартмай болду.
ЮНИСЕФтин колдоосу менен керектүү реактивдер, микроскоптор жана лабораториялык жабдуулар сатылып алынды. Окуучулар мугалим менен биргеликте сууга анализ жасап, чыпкаларды даярдап, сууну тазалоо процессин көрүш үчүн шаардык лабораторияларга барып жүрүштү. Бул практикалык ыкма алардын билимин байытып гана тим болбостон, илим – бул чыныгы көйгөйлөрдү чечүү үчүн аспап экендигин да көрсөттү.
Стереотиптерди жеңебиз
Адатта аялдардан салттуу гана ролдору күткөн коомдо кыздардын илимге катышуусу түптөлүп калган стереотиптерди жеңүү аракетине айланат. ЮНИСЕФтин жана Билим берүү министрлигинин “Илимдеги кыздар” программасы STEM (илим, технологиялар, инженерия жана математика) жаатында кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Акдана долбоорго катышуу менен анын окуучу кыздарында ишеним жана кайрат пайда боло баштаганын белгилейт. Алар келечекке салттуу пландар менен чектелбестен, илимге жана коомго салым кошо аларын түшүнүштү. Ой жүгүртүүдөгү мындай өзгөрүүлөр алар үчүн жаңы белестерди жана мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат.
Мектепте болуп жаткан өзгөрүүлөр бүтүндөй шаарчага да таасирин тийгизүүдө. Илимий долбоорлорго тартылган окуучулар өз билимдерин үй-бүлөлөрү жана кошуналары менен да бөлүшүп жатышат. Алар башкаларды жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө катышууга шыктандырып, өзгөрүүлөрдүн агенттери болушууда. Бул болсо жаштар арасында сынчыл ой жүгүртүүнү жана жигердүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө да көмөктөшүүдө.
ЮНИСЕФтин колдоосу бул өзгөрүүлөрдө негизги ролду ойноп берди. Уюм мектептерди керектүү жабдуулар менен камсыздап гана тим болбостон, ошону менен бирге мугалимдерге окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жардам берип, окууларды өткөрдү. Ошондой эле долбоорго багытталган окутууну кантип өткөрсө болоорун да үйрөттү. Бул бүгүн эле жемишин бере баштаган келечекке жасалган инвестиция.
Мугалимдердин жеке өсүшү
Программага катышуу окуучуларды гана эмес, мугалимдердин өздөрүн да өзгөртө алды. Акдана алгач коркуп, мунун баары ага адаттан тыш болгонун, бирок тренерлердин жана кесиптештеринин колдоосу коркуу сезимин жеңүүгө жардам бергенин мойнуна алат. Эми ал өзүн ишенимдүү сезип, жаңы чакырыктарга даяр болуп калды.
“Илимдеги кыздар” демилгеси STEM чөйрөсүнө багыт алган кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткенден тышкары, стереотиптерди бузуп, оң өзгөрүүлөргө дем берүү менен коомдун жалпы өнүгүүсүнө көмөктөшөт, - дейт педагог.
Мектепте курт-кумурскалардын уникалдуу коллекциясы кантип пайда болду
Кочкордо биология мугалими Аида Асранбекова да кадыресе сабактардын алкагынан чыгып, окуучуларына илим – бул окуу китептери гана эмес, ошону менен бирге бизди курчап турган чөйрө экенин да көрсөтүүнү чечкен.
ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын алкагында ал окуучулары менен бирге экологияны жана жергиликтүү фаунаны изилдеп, ошондой эле таштандыларды жок кылуу маселелерин изилдеп чыгышты.
Аида өзүнүн долбоору үчүн эки маанилүү теманы тандап алды. Алар: аймактагы таштанды көйгөйү жана курт-кумурскаларды изилдөө. Иш процессинде 9-11-класстардын окуучулары өз алдынча изилдөөлөрдү жана байкоолорду жүргүзүп, чечимдерди издей башташты.
“Мен балдар мынчалык кызыгып, процесске берилип кетет деп күткөн эмесмин. Алар идеяларды өздөрү сунушташып, таштандыларды чогултушуп, аны кантип кайра иштетүүгө болорун талдап чыгышты. Курт-кумурскаларга байкоо жүргүзө баштагандар башка окуучулар үчүн бүтүндөй бир коллекцияларды чогултуп, жалпы айылды ишке тартып, тоолордо жана экспедицияларда көп убакыт өткөрүштү”, - деп бөлүштү Аида.
Анын айтымында, долбоор студенттерге билим гана эмес, өзүнө болгон ишенимди да бере алды. Ал тургай айрымдары келечектеги кесибин илим менен байланыштырууну чечишкен.
“Менин бүтүрүүчүлөрүм эми экологияны жана биологияны мындан ары да терең өздөштүрүү үчүн тиешелүү жогорку окуу жайларына тапшырууга даярданып жатышат”, - дейт ал.
Аида чогуу бир иш менен алектенген балдар ынтымактуу болуп калганын, буга чейин окуудан артта калып жаткандар күчтүү окуучулар менен достошкондуктан башка сабактарды жакшы өздөштүрө баштаганын кошумчалады. Кенже класстын окуучулары жогорку класстарга суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты, ал эми бүтүрүүчүлөр алардан мурун эч ким билбеген нерселерди айта алганына сыймыктанып турушат.
Чогултулуп чыккан курт-кумурскалардын коллекциясы – бул балдардын өзгөчө сыймыгы. Себеби бул коллекция менен эми башка окуучулар да ондогон жылдар бою билим алмакчы.
Бирок мындай өзгөрүүлөргө карай жол оңой болгон жок. Башында Аида өзү да көп нерсени үйрөнүшү керек болчу.
“Менде коркуу сезимдери болду, себеби мунун баары мен үчүн жаңы бир көрүнүш эле. Көп маалыматты издөөгө, тренерлер менен 24/7 режиминде байланышта болуп, чогуу иштөөгө туура келди. Мен башында алардан бир нерсе сурагандан тартынар элем. Бирок долбоордун тренерлери менен ментордук жолугушуулардан кийин мен аларга дайыма чалып, суроолорду берип турчумун, өзүмдүн комплекстеримди жеңе алдым, биз балдарга өтчү сабактарды чогуу ойлонуштуруп, түзүп чыкчубуз. Мурда мен сабакта лекция окуп тим болчумун, азыр болсо ар бир сабагым өзүнчө бир шоу катары өтөт, көптөгөн кесиптештерим да көрүп, бул методиканы кабыл ала башташты”, - дейт ал.
Долбоор окуучуларга гана эмес, бүтүндөй бир мектепке да таасирин тийгизди. Аиданын айтымында, окуучулар бири-бири менен көбүрөөк тил табышып, ынтымакта иштей башташты.
“Окуу жылынын аягында көптөгөн окуучулар бири-бирин ал тургай тиричилик маселелеринде да колдоп калышты. Муну көрүп, абдан кубандым”, - дейт ал. Эми анын окуучулары биологияны жөн гана окубастан, ошону менен бирге алган билимин иш жүзүндө да колдонуп жатышат. Алар ишембиликтерди уюштуруп, классташтарына таштандыларды туура жок кылып, айлана-чөйрөнү сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти.
STEM – өзгөрүүлөргө карай жол
Аида мындай долбоорлор кыздарга жана балдарга илим жөнүндө көбүрөөк билүүгө жол ачкандан тышкары, аларга кайраттуу, ишенимдүү болууга да жардам берет деп ишенет. “Буга чейин алар идеяларды сунуштагандан коркушчу, эми болсо тартынбай сүйлөп, чечимдерди сунуштап, жигердүү жүрүшөт”, - деген Аида ЮНИСЕФтин долбоору мугалимдерге жана окуучуларга горизонтторду кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бергенин кошумчалады. Эми алар илим – бул жөн гана теория эмес, курчап турган дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү аспап экендигин билишет.
2020-жылдан бери Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен кызматташтыкта өзгөчө аярлуу жамааттарда өсүп жаткан кыздар жана балдар үчүн STEM-билимин жигердүү жайылтууда. Бул өнөктөштүк салттуу социалдык ченемдерге каршы чыгып, гендердик стереотиптерди бузууда. Натыйжада 60 000ден ашуун өспүрүм, анын ичинде 48 000 кыз теңтуштардын арасында STEM окуусунан өтүп, бул багыттарда карьерага даярданууга шыктанышты.