Китепканалар балдарды эрте куракта өнүктүрүү борборлоруна айланууда

Китепканаларды эрте куракта окутуу борборлоруна айландыруу: Кыргызстандагы балдардын өнүгүүсү үчүн жаңы доор

ЮНИСЕФ
Altynai and parents
UNICEF
19 Февраль 2025

Биз кездери жөн гана каитепкана болгон жерге ата-энеси менен келген үч жаштагы Алтынай кыткылыктап күлүп, бөлмөнү аралап чуркап жүрөт. Бүгүнкү күндө бул китепкана алда канча көбүрөөк мааниге ээ болуп турат.

Алтынай – Чүй облусунун Ставрополовка айылындагы балдарды өнүктүрүү боюнча жаңы борборго келип жүргөн 26 баланын бири. Жергиликтүү китепкананын имаратында жайгашкан борбор 2024-жылдын аягында Алтынай сыяктуу балдарга мектепке даярданып, керектүү көндүмдөрдү үйрөнүүгө жардам берүү максатында ачылган.

Балдарга эрте куракта билим берүү өтө маанилүү болгону менен, 2018-жылы 3-5 жаштагы балдардын 24% гана мектепке чейинки билим берүү программаларынан өтүшкөн. Бул боштукту четтетүү максатында Маданият министрлиги менен биргеликте Билим берүү жана илим министрлиги китепканаларды балдарды өнүктүрүү борборуна айландыруу демилгесин ишке киргизген. 

ЮНИСЕФтин колдоосу алдында китепканачылар жана балдар менен иштеген педагогдор наристелер үчүн кызыктуу билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча окуудан өтүшкөн. Бул демилгеде ата-энелер да негизги ролду ойношот – Алтынайдын апасы Жылдыз борбор анын үй-бүлөсүнө үйдө окутууга шыктандыруунун жаңы ыкмаларына үйрөткөнүн айтып берди.

“Буга чейин биз кызыбызды бул куракта кантип окутарыбызды билчү эмеспиз”, - дейт Жылдыз. “Азыр болсо биз чогуу окуйбуз, санайбыз, жада калса сүрөт тартабыз. Кызым ушунчалык көп нерсени үйрөнүп жатат”.

Бул борборлор жөн гана билим берүүчү жер эмес, алар балада социалдык көндүмдөрдү, чыгармачыл жөнөмдөрдү жана өзүнө болгон ишенимди өрчүтүшөт. Алтынайдын атасы Асылбек программа кызын мектепке даярдап жатканын айтты: “Кызым түстөрдү, сандарды, тамгаларды жана башка балдар менен баарлашканды үйрөнүп жатат. Бул анын жаркын келечеги үчүн зарыл болгон пайдубал”.

2023-жылы жүргүзүлгөн Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө мектепке чейинки билим берүү системасын кеңейтүүдө олуттуу жылышты көрсөттү: мындай окутууга жеткиликтүүлүк 39 пайызга чейин өскөн экен. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдарды өнүктүрүү боюнча 300 борбор иштейт, алардын баары коомдук китепканаларда ачылган. Бул борборлор 1 жаштан 6 жашка чейинки курактагы 7000ден ашуун балага билим берүүдө, оюнга негизделген окутууну камсыздап, эмоционалдык өнүгүүгө көмөктөшүп, ата-энелерге колдоо көрсөтүп келишет.

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү системасын кеңейтүү “Алтын Казык” билим берүү реформасынын негизги элементи экенин баса белгилейт. Китепканаларды эрте куракта окутуу системасына интеграциялоо менен Кыргызстан көп сандагы балдарды жашоосунун алгачкы жылдарынан баштап ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон аспаптар менен камсыз кылууда.

The girl and the minister
UNICEF