“Бөбөк” берүүсү үй-бүлөлөргө кантип жардам берүүдө

Оштогу Верониканын окуясы

ЮНИСЕФ
Veronica and her kids
UNICEF/TynchtykNurbekov
12 Май 2025

“Бөбөк” берүүсү Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн турмушунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынан (УТРК) чыккан бул берүү балдарды тарбиялоодо колдоо көрсөтүп, ата-энелерге пайдалуу кеңештерди берип, шыктандырып турат. 10 мүнөттүк чыгарылыштар бала эмизүүдөн жана эрте куракта билим алуудан баштап, балдардын билим алуусуна жана Интернеттеги коопсуздугуна чейинки темаларды камтыйт.

Мындай окуялардын биринин чордонунда жалгыз бой эне Вероника турат. Вероника үч баласы – Селина (6 жаш), София (10 жаш) жана Алан (2 жаш) менен Оштон Бишкекке көчүп келген. Жаңы шаар, колдоонун жоктугу жана балдарды тарбиялап, багууда бардык маселелерди өз алдынча чечүү зарылдыгы анын жашоосун кыйла татаалдаштырды. Бирок “Бөбөк” берүүсүнүн жардамы менен Вероника үй-бүлөсүндө маселелерди жөнгө салуу үчүн кеңештерди гана эмес, ошону менен бирге илхамды да таба алды.

Берүү Вероникага кандайча жардам берди

Бул берүүдө Верониканын назарын бурган биринчи эле нерсе – алып баруучу, тажрыйбасы мол педиатр Кубанычбек кызы Айжандын түшүнүктүү жана кесипкөй кеңештери болду. Берүүлөр Вероникага балдардын жаш курагына жараша күн тартибин кантип туура уюштуруп, тамактануусун кантип жолго салып, ар бири менен эмоционалдык байланышты кантип түзсө болорун түшүнүүгө жардам берди.

Өзгөрүүлөр орун алып жаткан шарттарда балдарды психологиялык жактан колдоого арналган берүү абдан маанилүү болду. “Мен жаңы шаарга оңою менен көнө албай жаткан Селинаны кантип колдош керектигин билип калдым. Эми биз көп сүйлөшүп, чогуу ойноп жатабыз. Кызым күндөн-күнгө ачылып баратканын көрүп турам”, - дейт Вероника.

Верониканын тун кызы София өткөөл курактан улам мектепте кыйынчылыктарга туш болгон. “Берүүдөгү кеңештер мага София менен тил табышууга жардам берди. Азыр ортобузда көбүрөөк ишеним бар жана ал өзүнүн эмоциялары менен бөлүшүп турат”, - дейт Вероника.

Верониканын болгону эки жаштагы кичүү баласы Аланга суук тийип, көп сыркоолочу. “Чыгарылыштардын биринде мен иммунитетти бекемдөө боюнча пайдалуу сунуштарды таптым. Эми Алан көп оорубай калды, ал эми мен болсо жасап жаткан аракеттериме көбүрөөк ишене баштадым”, - дейт ал.

Аландын тили азырынча чыга элек, бирок ал берүүдөгү жакшы көргөн жерлерин көрүп калса, дайыма эмоционалдуу реакция жасайт. “Бөбөктүн” алгачкы секундаларында эле ал экранды колу менен көрсөтүп, күлө баштайт. Балам берүүнү көргөндөн ырахат аларын сезип турам”, - деп кошумчалайт Вероника.

Veronika and her kids watching Bobok
UNICEF/TynchtykNurbekov

“Беббо” тиркемеси – берүүнүн уландысы

Берүүлөрдү көргөндөн кийин бул үй-бүлө ЮНИСЕФтин “Беббо” тиркемесин жигердүү колдоно баштады. “Беббо” тиркемеси кеңештерди жана сунуштамаларды гана эмес, баланы өнүктүрүүчү мультфильмдерди да камтыйт. Вероника тиркемеде балдардын тамактануусу, тарбия жана ден соолук жөнүндө көптөгөн пайдалуу макалаларды жана видеолорду таба алды. Балдарынын жашына туура келген контентти тандоо функциясы өзгөчө баалуу болуп чыкты.

“Беббо” тиркемеси балдары жоктор үчүн да пайдалуу. Тиркеме балдарды тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле болочок ата-энелерге, чоң ата-чоң энелерге жана балдардын психологиясы менен ден соолугуна кызыккандардын баарына пайдалуу болушу мүмкүн. “Тиркеме менин чыныгы жардамчыма айланды. Бул тиркеме ар бир баланын өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө жардам берип, колдонууга оңой болгон конкреттүү сунуштамаларды берет”, - дейт Вероника.

“Мага тиркемедеги өнүктүрүүчү оюндар жагат. Селина экөөбүз чогуу ойной баштадык, бул оюндар бизди жакындатууда”, - деп кошумчалайт София.

Aizhan Kubanychbekova
UNICEF/TynchtykNurbekov

Жашоону өзгөрткөн берүү

“Бөбөк” берүүсү жөн гана маалымат бербестен, ошону менен бирге шыктандырат. Алып баруучу Кубанычбек кызы Айжан буларды белгиледи: “Бүгүнкү күндө телевидениени, телефондорду жана гаджеттерди балдардын жашоосунан алып салууга болбойт. Бирок биздин милдет – алардын таасирин туура багытка буруу, себеби алар баланы тарбиялоодо чоң ролду ойношот”.

“Балдарды туура тарбиялоо үчүн ата-энелер адегенде өзүнөн башташы керек. Балдар чоңдор көрсөткөн мисалдын негизинде үйрөнүшөт. Бала көргөнүн сөзсүз кайталайт”, - деп бөлүштү Айжан.

Вероника да бул сөздөрдү тастыктайт: “Бөбөк берүүсү пайдалуу кеңештерди бергенден тышкары, ошону менен бирге моралдык жактан да колдойт. Мен эне катары өзүмдү ишенимдүү сезем жана ар кандай кыйынчылыктарды жеңе аларымды билем”.