Кыргызстанда позитивдүү ата-энеликти жайылтуу үчүн жаңы телешоу башталды
ЮНИСЕФ жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) “Бөбөк” деген аталышта позитивдүү ата-эне болуу жөнүндө берүүлөрдү баштады. 10 мүнөттүк чыгарылыштар бала эмизүүдөн жана эрте куракта окутуудан баштап, балдардын билим алуусуна жана коопсуздугуна чейинки темаларды камтыйт.
Ар бир берүүдөн ар кайсы тармактардагы эксперттердин кеңештерин жана көп узатылган суроолорго жоопторду табууга болот. Ата-энелер берүүлөрдү УТРК жана “Баластан” каналдарынан, ошондой эле “Баластандын” жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин YouTube-каналдарынан көрө алышат.
“УТРК менен кызматташуу - Кыргызстанда позитивдүү ата-энеликти жайылтуу жолунда маанилүү кадам. Биздин максат - кеңири аудиторияны тартып, ата-энелерге балдарды тарбиялоо боюча пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды кыргыз тилинде жеткирүү”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.
“Бөбөк” телеберүүсү ЮНИСЕФтин ата-энеге жардамчы катары чыгарылган “Беббо” мобилдик тиркемесине негизделген. Бул тиркемеде жаш балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү боюнча адистик маалымат бар. Мындан тышкары, мобилдик тиркеме ата-энелерге эмдөө, медициналык текшерүүлөргө көз салып, баланын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарын байкап турууга мүмкүнчүлүк берет.
“Ата-энелерге балдарынын ден соолугу, билими, аларды тарбиялоо жөнүндө туура маалымат алуусуна жардам берүү биздин негизги максатыбыз болуп саналат. Бул чыгарылыштар өлкө боюнча миңдеген көрүүчүлөрүбүзгө пайдалуу болот деп ишенебиз”, - деди УТРКнын директорунун контент боюнча орун басары Адыл Акжол уулу.
ЮНИСЕФ менен УТРКнын ортосундагы өнөктөштүк Кыргызстандагы балдардын бакубатчылыгын камсыз кылууга умтулуунун далили болуп саналат. Бул берүүлөр балдарды тарбиялоонун оң ыкмаларын жайылтып, балдарга кам көрүүнүн жалпы сапатын жогорулатуу менен коомго узак мөөнөттүү таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.