Балдардын жашап кетүүсү үчүн шарт түзүү

Тубаса оорулар миллиондогон үй-бүлөлөргө таасирин тийгизүүдө. Анын ичинде Кыргызстанда төрөлгөн Абдурахимдин* үй-бүлөсү да бар.

Свен Симонсен
A male doctor in lab coat holds up a scan to the light
UNICEF Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

31 Январь 2018

Тубаса оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана бул ооруларды алдын алуу максатында жыл сайын 3-мартта дүйнөдө Тубаса оорулардын күнү белгиленет. Жакыр турмушта жашаган үй-бүлөнүн күнүмдүк тамактануусунда адатта азыктандыруучу заттар жетишпейт. Бул болсо кош бойлуу аялдардын саламаттыгына жана баланын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Тубаса оорулар миллиондогон үй-бүлөлөргө таасирин тийгизүүдө. Анын ичинде Кыргызстанда төрөлгөн Абдурахимдин* үй-бүлөсү да бар.

Born two months ago, Abdurahim* lies at the neurology unit of the National Centre for Motherhood and Childhood in the city of Bishkek, Kyrgyzstan. His mother Alima has been struggling to understand why her boy was born with spina bifida
UNICEF Kyrgyzstan/Vlad Ushakov

Born two months ago, Abdurahim* lies at the neurology unit of the National Centre for Motherhood and Childhood in the city of Bishkek, Kyrgyzstan. His mother Alima has been struggling to understand why her boy was born with spina bifida

Кыргызстанда 500 баланын ичинен бир ымыркай нерв түтүгүндөгү кемтик менен жарык дүйнөгө келет. Оору болочок эне кош бойлуу экенин билбей жүргөн алгачкы айда пайда болот. Бул оорунун пайда болуу себептери азырынча так белгилүү эмес. Анткен менен, эгерде аял күнүмдүк тамагында фолий кислотасын аз колдонсо, бала ушундай кемтик менен төрөлөт деген тобокелдик жогору болот. Фолий кислотасы – В тобуна кирген витаминдердин бири.

Dr Bakytbek Karachev gently lifts up Abdurahim’s shirt, and releases a bandage that covers much of his spine. He explains that spina bifida is one of the most common neural tube defects, which are defects that affect the brain, spine, or spinal cord. It is a result of the child’s spinal column not closing properly during pregnancy.

Dr. Karachev
UNICEF

Dr. Bakytbek Karachev, head of the neurology unit of the National Centre for Motherhood and Childhood in the city of Bishkek (Kyrgyzstan)

Жакыр турмушта жашаган үй-бүлөнүн күнүмдүк тамактануусунда адатта азыктандыруучу заттар жетишпейт. Бул болсо кош бойлуу аялдардын саламаттыгына жана баланын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2009-жылы өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу эмес аялдардын 42 пайызында фолий кислотасынын таңсыктыгы аныкталган. Ошондой эле аялдардын 27 пайызы аз кандуулуктан жапа чексе, кош бойлуу аялдардын 61.6 пайызынын организминде йод жетишпей турганы аныкталган.

Tursunhan Salieva (39) prepares bread for her family living in Shark village, Kara-Suu District, Osh province (Kyrgyzstan). Families who live in poverty tend to have a diet low in nutrients, negatively affecting the health of the pregnant woman
UNICEF Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

Tursunhan Salieva (39) prepares bread for her family living in Shark village, Kara-Suu District, Osh province (Kyrgyzstan). Families who live in poverty tend to have a diet low in nutrients, negatively affecting the health of the pregnant woman.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ Швейцария Улуттук комитетинин финансылык колдоосу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк баланын нерв түтүгүндөгү кемтикти алдын алуу боюнча иш алып барат жана кош бойлуу аялдарды медициналык текшерүүдөн өтүүгө үндөп келет.

Zamir Shakirov, UNICEF consultant, discusses the diet of pregnant with Asel (28) in the maternity hospital in the city of Batken (Kyrgyzstan). UNICEF advocates for early screening of pregnant women to prevent as many neural tube defect cases as possible
UNICEF Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

Zamir Shakirov, UNICEF consultant, discusses the diet of pregnant with Asel (28) in the maternity hospital in the city of Batken (Kyrgyzstan). UNICEF advocates for early screening of pregnant women to prevent as many neural tube defect cases as possible

Азык-түлүктөрдү фортификациялоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Өкмөткө жардам берүү максатында ЮНИСЕФ мыйзамды сактабаган ун тартуучуларга айып салуу үчүн актыларды даярдоону колдойт. Ошол эле маалда ЮНИСЕФ мыйзамдын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү үчүн массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом менен кызматташат.

nurses have been trained on newborn child resuscitation
UNICEF Kyrgyzstan/Vlad Ushakov

A health worker uses equipment for treatment of children with birth defects and prematurely born children at the National Centre for Motherhood and Childhood in the city of Bishkek. UNICEF trained over 1,000 doctors, midwives, nurses on newborn care.

Кыргызстандагы балдар ооруканаларындагы медкызматкерлер ара төрөлгөн балдарды жана тубаса кемтиги бар балдарды дарылоо үчүн ЮНИСЕФ берген жабдууларды колдонушууда. Саламаттык сактоо министрлиги  менен ЮНИСЕФ ортосунда түзүлгөн Биргелешкен аракеттер планынын алкагында акыркы төрт жылда миңден ашуун акушер жана медайым ара төрөлгөн балдарга кам көрүү боюнча окуудан өтүштү.

Photo newborn health prevention of birth defects
UNICEF Kyrgyzstan/2016/Simon Lister

Amir (1.5 months) with his mother Sozul Eisheeva in the Karakol hospital, Issyk-Kul province (Kyrgyzstan). UNICEF raises awareness among mothers on the importance of nutrition, so that they will seek out the best foods for themselves and their children.