Жер титирөө көп катталган Кыргызстанда балдардын коопсуздугун камсыздоо
Жер титирөө Кыргызстандагы табигый кырсыктардын эң кооптуу тобокелдиктеринин бири болуп эсептелет.

Талас облусунун Аманбаев айылындагы Айтматов атындагы бул мектепте 1200 окуучу чукул кырдаалдарга реакция жасоо боюнча көнүгүүлөргө даярданып жатышат. Бул иш-чараны ЮНИСЕФ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү уюштурган.

Мектепте табият кырсыктарына реакция жасоо боюнча комитеттер түзүлгөн. Алар чукул кырдаал маалында ким, эмне үчүн жооп берээрин аныкташат: ким белги берет, ким эвакуациялоо үчүн эшиктерди ачат ж.б. Комитеттердин курамына мугалимдер жана башка кызматкерлер гана эмес, ошондой эле окуучулар да кирет.


“Өткөн жылы бул жерде катуу жер титирөө болгон жана бул биз үчүн сабак болуп калды. Балдар жана улуулар кымгуутка түшүп калышты. Биз мектепте эвакуация иштерин жүргүздүк, бирок бул ырааттуу болгон жок”, - дейт мектептин директору Динара Нуралиева.
Кыргызстандагы ЮНИСЕФ акыркы алты жылдан бери DIPECHO – Гуманитардык жардам жана жарандык коргонуу бөлүмү маселелери боюнча Европа Комиссиясынын программасы (ECHO) менен кызматташып келди. Өнөктөштүк бул жылы кайра башталды.






Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп келди. Эң катуу жер титирөө өткөн жылы болуп, күчү 6.4 баллга жеткен.
ЮНИСЕФ DIPECHO менен ишин улантууда. Бул өнөктөштүк Кыргызстанда жана Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын башка беш өлкөсүндө жергиликтүү деңгээлде табият кырсыктарынын тобокелдигин азайтуу боюнча пландарды иштеп чыгуу максатын көздөйт.