Кыргызстан жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу коомдук ынтымакты чыңдайт
Бишкек, 15-апрель 2026 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы тутуму менен биргеликте «Жаштардын укуктарын жана мумкунчулукторун кеңейтүү аркылуу коомдук ынтымак үчүн өз ара байланышты чыңдоо» аттуу жаңы долбоорду ишке киргизди. Долбоор социалдык биримдикти чыңдоого жана өлкөдө туруктуу ынтымакты илгерилетүүгө багытталган жана БУУнун Тынчтыкты бекемдөө фондусунун (PBF) колдоосу менен алып барылат.
Долбоор ЮНИСЕФ, ЮНФПА жана ЮНЕСКО тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.
Демилге өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ынтымак куруу, сынчыл ой жүгүртүү, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча негизги көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле долбоор жаштардын активдүү катышуусун кеңейтүүгө, муундар аралык диалогду илгерилетүүгө жана коомчулуктарда ишенимди, өз ара түшүнүүнү жана инклюзияны бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
«Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жана тынчтыкты орнотуу компетенцияларын өнүктүрүү жаштар арасында маалыматты сынчыл талдоо көндүмдөрүн, дезинформацияга туруктуулукту жана санариптик чөйрөдө жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошот. Бул жек көрүүчүлүк сөздөрүнүн жайылышын алдын алуу жана тынчтык диалог маданиятын өнүктүрүү үчүн маанилүү негиз болуп саналат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова.
Долбоордун ачылыш аземи мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын, жарандык коомдун, жаштар уюмдарынын жана эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирди. Талкууларда социалдык биримдикке таасир эткен негизги чакырыктар, анын ичинде дезинформациянын жана жек көрүү тилинин жайылышы, ошондой эле жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине чектелген катышуусу белгиленди.
«Коомдук ынтымакты чыңдоо багытындагы күч-аракеттер уланып жаткан шарттарда бул демилгенин алкагында жаштар көйгөйлөрдү чечүүнүн чордонунда болуп, көбүрөөк инклюзивдүү жана тынч жамааттарды куруу үчүн көндүмдөрдү өздөштүрүп, платформаларга ээ болушат», - деп айтты ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа.
БУУнун Тынчтыкты бекемдөө фонду тарабынан колдоого алынган бул долбоор 36 ай аралыгында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында ишке ашырылат.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.