Балдар сизден колдоо күтүшөт

ЮНИСЕФке кайрымдуулук кылган дүйнө жүзү боюнча 10 миллион адамдын катарына кошулуңуз

07 Октябрь 2025
family in Gaza receiving clothing
UNICEF

ЮНИСЕФ өлкөнүн ичинде да, анын тышында да оор кыйынчылыктарга туш болуп жаткан балдарга жардам берүү максатында Кыргызстанда кайрымдуулук акчасын чогултуу боюнча биринчи өнөктүктү баштоодо. Жеке адамдардын жана уюмдардын салымдары ЮНИСЕФке балдарды азык-түлүк, коргоо менен камсыздап, медициналык жардамды жеткирип, жашоо үчүн маанилүү башка кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

“ЮНИСЕФ дайыма балдардын жанында болуп келген, ошол эле маалда биз балдарды биргелешип колдоо үчүн адамдарды бириктирген уюмбуз, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа. - Биздин ишибизди колдоо менен Кыргызстандын эли балдарга өз дараметин толук ачууга мүмкүнчүлүк берип жатат”.

Өнөктүк төмөнкү балдарды колдоо максатында каражат чогултууга багытталган:

  • Газадагы гуманитардык кризистен жабыркаган балдарды;
  • Суданда, Йеменде, Газада жана башка өлкөлөрдө азык-түлүктүн тартыштыгынан жапа чегип жаткан балдарды;
  • Кыргызстанда абанын булгануусунан азап чеккен балдарды;
  • Кыргызстанда саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык интеграция чөйрөлөрүндө тоскоолдуктарга туш болуп жаткан, майыптыгы бар балдарды.

Ондогон жылдар бою Кыргызстандын балдары дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган адамдардын берешендигинин жана колдоосунун аркасында ЮНИСЕФтен жардам алып келишкен. Эми болсо ЮНИСЕФ Кыргызстандын жарандарын дүйнө жүзүндөгү балдарга да камкордугун жана тилектештигин көрсөтүүгө чакырат.

Өнөктүк ар кандай санариптик платформаларда башат алып, жарандарга онлайн режиминде бир жолку же туруктуу негизде акчалай салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Өзүнүн кайрымдуулук салттары менен белгилүү Кыргызстан Дүйнөлүк кайрымдуулук индексинде 140 өлкөнүн ичинен 64-орунда турат. 2024-жылы жарандардын 39% кайрымдуулук максаттарда жардам көрсөткөн, бул болсо өлкөдөгү тилектештиктин жана камкордуктун духу күчтүү болгонун чагылдырып турат.

ЮНИСЕФтин иши толугу менен жарандардын, фонддордун, өкмөттөрдүн жана бизнестин ыктыярдуу салымдарынын эсебинен каржыланып келет. 2024-жылы ЮНИСЕФтин вазыйпасын дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашык адам колдоп берген. Ар бир акчалай салым – аз же көп болсун – балдардын өмүрүн сактап калууга, алардын укуктарын коргоого жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.

ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча өзүнүн ачык-айкындыгы жана отчеттуулугу, чогултулган каражаттар жана жетишилген жыйынтыктар жөнүндө үзгүлтүксүз отчетторду берип турганы менен белгилүү.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ балдардын өмүрүн сактап калып, алардын бакубатчылыгын жакшыртып, ар бир балага өз дараметин ачууга жардам берүү максатында 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иш алып барат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 30 жылдан ашык убакыттан бери ыктыярчылар, жергиликтүү жамааттар, өкмөт жана жарандык коом менен бирге балдардын жашоо шарттарын оңдоо максатында иш алып барууда.

ЮНИСЕФ өзгөчө кырдаалдарда балдарды колдоо аракеттерин бириктирип, балдардын аман калуу көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана ар бир баланын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган туруктуу демилгелерди ишке ашырып келет. Уюм өкмөттөрдүн, жарандардын, компаниялардын жана фонддордун ыктыярдуу салымдарынын эсебинен гана каржыланат.