ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чатырларды жана коргоочу шаймандарды берди
Бишкек, Кыргызстан - 2024-жылдын 29-июлунда ЮНИСЕФ КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 10 чоң чатыр жана 5 миңге жакын коргоочу шаймандарды тапшырды. Чатырларды өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды жайгаштыруу үчүн колдонууга болот, ал эми коргоочу шаймандар кызматкерлердин коопсуздугу үчүн зарыл. Жабдуулардын жалпы баасы 5,2 миллион сомдон ашат.
Шаймандарды тапшыруу расмий аземи Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапанын катышуусунда өттү.
Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки өлчөмү бар - 72 кв. м жана 42 кв. м. Алар өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркаган калк үчүн убактылуу билим берүү мекемелери, тамактануу борборлору же медициналык мекемелер катары колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, комплектте кошумча атайын брезент материалдар камтылган.
«Биз баарыбыз климаттын өзгөрүшү жаңы тобокелдиктерди жаратып, көптөгөн кыргызстандыктардын, өзгөчө балдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканына күбөбүз. Ошондуктан ушундай кырдаалдарга даярдануу жана аларга тез чара көрүү өзгөчө маанилүү болуп калды. Бул жабдыктар министрликтин ишин жакшыртууга жана калктын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенем”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
Гуманитардык жардам пакетине 550 коргоочу бет кап жана 4370 даана жеке коргонуу каражаттары кирет. Бул жабдуу куткаруучулардын табигый жана техногендик коркунучтарга туш болгондо натыйжалуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да ысыкка жана жаан-чачындын нормадан ашыкча көлөмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар көбөйүүсү байкалды.
«Өзгөчө кырдаалдарда балдар жана аялдар өзгөчө аярлуу болушат. Биз менен болгон активдүү ишиңиз үчүн ЮНИСЕФтин командасына ыраазычылык билдиребиз. Мындай жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар дайым болушу керек жана ар кандай кырдаалдарда керектелет», - деп белгиледи министр.
ЮНИСЕФ балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын бекемдөөдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантат.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.