ЮНИСЕФ жана Борбордук Азия университети “ЭКОкыздар” хакатонундагы кыздарды биргелешип колдошот

Бишкек/Нарын, 2023-жылдын 18-апрели – Борбордук Азия университетинин Искусство жана илимдер мектеби (БАУ-ИИМ) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Климаттын өзгөрүшү жана экологиялык туруктуулук” темасында "ЭКОкыздар" хакатонун уюштурушту. Иш-чара 2023-жылдын 15-16-апрель күндөрү Нарын шаарындагы БАУнун кампусунда өттү. Хакатонго Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 49 кыз, анын ичинде БАУнун, башка университеттердин студенттери жана орто мектептердин окуучу кыздары катышты. Алардын көбү ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасына катышат.
17-21 жаштагы кыздар климаттын өзгөрүшү жөнүндө түшүнүгүн өркүндөтүп, ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташуу үчүн чогулушту.
Хакатондун экинчи күнүндө алар эксперттик калыстар тобун өздөрүнүн инновациялык идеялары менен тааныштырышты. Калыстар тобунун курамына БАУнун Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин академиялык маселелер боюнча менеджери Самарат Мамбетаджиева, “Accelerate Prosperity” демилгесинин өлкөлүк директору Жылдыз Исабекова жана БАУ-ИИМдин табигый илимдер боюнча улук окутуучусу, Филиппиндеги Илим жана технология департаментинин окумуштуусу, доктор Ян Фил Канлас кирген.
Ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү чечип жатып, командалардын бири экинчи жолу кайра иштетүүгө жарамдуу таштандыны бөлүп турган роботтоштурулган колду даярдоону сунуштады. Башка команда адамдар көп жолу пайдаланууга боло турган баштыктарды жанында ала жүрүшү үчүн кездемеден жасалган жана азык-түлүк салынган баштыктарга арзандатуу картасынын QR-коддорун түшүрүүнү сунуштады.
Катышуучулардын дагы бир тобу китептер үчүн экологиялык мукабаларды өндүрүү идеясы менен чыгышты. Дагы бир идея стартаптарды баштоодо аялдарды колдоп, кыздарды салттуу кол өнөрчүлүккө үйрөтүү үчүн туристтик программаны түзүүгө багытталган.
“БАУда биз гендердик теңчиликке жетишүү “бирдей” мүмкүнчүлүктөрдү бергенден да көптү талап кылаарын моюнга алабыз”, - деп билдирди БАУнун Искусство жана илимдер мектебинин факультетинин мүчөсү жана “ЭКОкыздар” хакатонунун кошо-уюштуруучусу Киран Бхимани. “Программаны кыз-келиндер үчүн гана түзүү менен, биз STEM жаатындагы гендердик теңсиздикти жоюп, кыз-келиндерибиздин ийгилиги үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга умтулуп жатабыз. Бул аракеттер БАУнун кадырлуу канцлери Ага Хандын кеңири көз карашынын бир бөлүгү болуп саналат, ал тынчтыкка жана өнүгүүгө көмөктөшүүдө плюрализмдин жана жарандык коомдун маанилүүлүгүн баса белгилеп келет. Теңдикти да, адилеттүүлүктү да кабыл алуу менен биз негиздөөчүбүздүн көз карашына шайкеш келген инклюзивдүү жана плюралисттик коомду курууга өз салымыбызды кошо алабыз”.
Хакатон БАУ демөөрчү катары бөлгөн акчалай байгелерди тапшыруу менен жыйынтыкталды. Кыздарга байгелерди Нарын шаарынын вице-мэри Эльнура Асангазы кызы тапшырды: биринчи орун үчүн 500 доллар, экинчи орун үчүн 300 доллар жана үчүнчү орун үчүн 200 доллар байге берилди. “ЭКОкыздар” хакатонунун концепциясын андан ары өнүктүрүү үчүн жеңүүчү команда “Accelerate Prosperity” демилгесинин инкубациялык программасына катышууга чакыруу алышты. Бул программаны Ага Хандын өнүктүрүү уюму өткөрүп келүүдө. Программа командага өзүнүн стартапы үчүн 10 000 долларга чейин инвестиция утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.
“Көптөгөн балдар жана жаштар үчүн климаттын өзгөрүшү көйгөйлүү маселе болуп саналат. Ошондой эле азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүшүнө каршы өнөктүктөрдө жаштар жетектөөчү ролду ойноп жатканын көрүүдөбүз. Климаттын өзгөрүшү кыз-келиндерге өзгөчө таасир тийгизип жаткандыктан, биз алардын бул кыймылга катышуусун жана инновациялык “жашыл” демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Эгерде биз аларга бүгүн өткөн хакатондогудай туура мүмкүнчүлүктөрдү берип, позитивдүү окутуу чөйрөсүн камсыз кыла алсак, анда биздин жаш кыргызстандык лидерлер кырдаалды өзгөртүп, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтарууга өз салымын кошо алышат”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жольм.
Хакатондон тышкары катышуучулар дизайн-ой жүгүртүү, эл алдында сүйлөө, лидерлик, финансылык сабаттуулук жана фандрайзинг боюнча семинарларда да болушту. Бул семинарларды “WeInCrypto” компаниясынын башкы директору Елена Чигибаева, “Борбордук Азиядагы IDEA” уюмунун аткаруучу директору Айзат Русланова жана “Accelerate Prosperity” демилгесинин өлкөлүк директору Жылдыз Исабекова баштаган, өз тармактарында белгилүү аял лидерлер өткөрүштү.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.