Окумуштуу Асел Сартбаева Бишкектеги 300 окуучу кызга химия боюнча мастер-класстарды өткөрдү
Окумуштуу Асел Сартбаева дүйнөгө таанымал илимпоз, Бат университетинин химия илимдеринин профессору жана Улуу Британиядагы Падышалык илимий коомдун мүчөсү жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси.

БИШКЕК, 2022-жылдын 28-январы – Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси, окумуштуу Асел Сартбаева Бишкекте 300 окуучу кызга мастер-класстарды өткөрдү. Мастер-класстар кыздарга STEM-дисциплиналары, анын ичинде химия кийинки муун үчүн эң сонун кесип экенин көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Окумуштуу Асел Сартбаева бардык материя атомдордон тураары боюнча баштапкы билимди жеткиликтүү түрдө көрсөтүп берүү максатында мастер-класстардын программасын даярдап чыккан. Окумуштуу жүзүм, сыр өңдүү күнүмдүк азыктарда молекулалар жана полимерлер кантип түзүлөөрүн мисал түрүндө көрсөтүп берди.
Январда өткөрүлгөн бул 5 күндүк иш-чара долбоордун өнөктөштөрү менен бирге уюштурулду: БААУнун Инновациялык колледжинен тренерлер Мадина Самакбаева жана Бахтияр Асанов катышты, ал эми Балдарды коргоо борбору кыздардын катышуусун камсыз кылып берди. Мастер-класстар Zoom платформасында класстагы фасилитаторлордун колдоосу менен өткөрүлдү.
Мастер-класста кыздар бир нече молекулаларды, анын ичинде глюкоза молекуласын түзүп, тренерлердин жана доктор Сартбаеванын жетекчилиги астында акырындык менен бардык молекулаларды узун чынжырга – крахмал полимерине бириктиришти. Ар бир сабактын соңунда катышуучу кыздар үчүн интерактивдүү жана пайдалуу болгон “Суроо-жооп” сессиясы өтүп турду. Бул сессияда кыздар алар үчүн үлгү болгон инсанга суроолорду узатып, жоопторду алып турушту. Суроолор Улуу Британияда билим алуудан жана окутуудан баштап гендердик стереотиптерге жана илимге чейинки темаларды камтыды.
Бат университетинин химия илимдеринин профессору, окумуштуу Асел Сартбаева буларды айтты: “Бул программага кызыккан ушунчалык көп сандагы кыздар менен таанышканыма абдан кубанычтамын. STEM-дисциплиналары алардын келечектеги кесиби үчүн мыкты пайдубал болуп саналат, анын ичинде критикалык ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө, адаттан тыш ой жүгүртүүгө жана өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Кыздар иш-чараларга жигердүү катышып, көптөгөн кызыктуу суроолорду беришти жана алар химия биздин жашообуздун бир бөлүгү экенин жана келечектеги кесип катары туура тандоо болгонун түшүнүштү деп ишенем. Биз кыздардан молекулаларды үйдөн түзүп келүүнү суранганбыз, мастер-класстардан кийин алар үйдө жасаган молекулалардын сүрөттөрүн көрүп, абдан толкундандым”.
Ал эми сабактан кийинки айрым кыздар мындай пикирлери менен бөлүштү: “Жүз жолу уккандан көрө, бир жолу көргөн жакшы”; “Мага абдан жакты, бул тренинг үчүн ыраазымын, ал абдан кызыктуу болду. Мындай иш-чараларга катышуу менин биринчи тажрыйбам болгонуна карабастан, өзүмдү абдан ыңгайлуу сездим, рахмат”; “Мен көп нерсени үйрөндүм жана менде химик болуу каалоосу пайда болду”.
2020-жылы ЮНИСЕФ жаңы конуштарда жана элет жергесинде жашаган 14-18 жаштагы 500 өспүрүм кыздын илим, технология, инженерия жана математика (STEM) боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатып, алардын карьера жасоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Илимдеги кыздар” долбоорун ишке киргизген. Программага катышкан кыздар илим чөйрөсүндөгү карьера жолунда үлгү катары окумуштуу Асел Сартбаеваны аташкан. Дал ошондуктан ЮНИСЕФ Асел Сартбаеваны “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси кылып дайындаган. Окумуштуу Асел Сартбаева дүйнөгө таанымал илимпоз, Бат университетинин химия илимдеринин профессору жана Улуу Британиядагы Падышалык илимий коомдун мүчөсү. Аталган илимий коом балдар вакциналарынын бардык температурада коопсуз болушуна багытталган новатордук изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.