КР Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды өнүктүрүү боюнча ата-энелер үчүн билим берүүчү онлайн платформаны жана мобилдик тиркемени сунуштайт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ балдардын окуусуна жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында эки жаңы санариптик демилгени баштап жатат: окуу паспорту жана балдарды тарбиялоо боюнча “Беббо” мобилдик тиркемеси.

23 Ноябрь 2021
The Deputy Minister of Education and Science of the Kyrgyz Republic, Ms. Nadira Djusupbekova, and UNICEF Regional Director for Europe and Central Asia, Ms. Afshan Khan
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Bektur Zhanibekov

БИШКЕК, 2021-жылдын 23-ноябры - КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова менен ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Афшан Хан кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча “Беббо” регионалдык мобилдик тиркемесин жана окуу паспорту аттуу билим берүүчү онлайн платформаны сунушташты. Окуу паспортун жакында эле “Time” журналы 2021-жылдын 100 мыкты ойлоп табууларынын бири деп атаган.

Балдарды өнүктүрүү маселесине арналган ата-энелер үчүн “Беббо” мобилдик тиркемеси алгач Европа менен Борбор Азиянын 11 өлкөсүндө[1] киргизилет. Тиркеме ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири өңүттөрү боюнча, анын ичинде тамактануу, баланы эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, жоопкерчиликтүү ата-энелик, балдарды коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча эксперттик кеңештерди берет. Кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болгон бул мобилдик тиркеме Кыргызстандагы ата-энелерге балдарды тарбиялоо жана билим берүү боюнча ишенимдүү билимдерге жана тажрыйбаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле ата-энелерге жана бала баккандарга баланын бакубатчылыгына кантип кам көрсө болоору тууралуу конкреттүү кеңештерди камтыйт. “Беббо” ошондой эле ата-энеге балдарынын алгачкы жылдарындагы эмдөөлөрдү, медициналык текшерүүлөрдү жана өнүгүүсүндөгү башка маанилүү баскычтарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген өзгөчөлүктөргө ээ. Тиркеме 0-6 жашка чейинки курактагы наристелердин ата-энелери үчүн ылайыктуу болот.

Окуу паспорту – бул ЮНИСЕФ тарабынан берилген жана Microsoft корпорациясы тарабынан колдоого алынган глобалдык билим берүү платформасы. Анын жардамы менен окуучулар Интернетке кошулбастан эле мобилдик тиркеменин же браузердин негизинде сабактарды ача алышат. Кыргызстанда ЮНИСЕФ билим берүү жаатындагы эксперттер менен тыгыз кызматташып, окуу паспортун мугалимдердин жана 3-6 жаштагы балдардын ата-энелеринин муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эсепке алуу менен ылайыкташтырып чыкты. Кыргызстанда окуу паспорту “Билимдүү муун” деген аталыш менен таанылып, жогорку класстын окуучуларына да жетиш үчүн платформаны колдонууну акырындык менен кеңейтүү пландалууда.

“Санариптештирүү жана онлайн билим берүү биздин бүгүнкү күнүбүз жана келечегибиз үчүн абдан маанилүү, - деди Билим берүү жана илим министрдин орун басары Надира Джусупбекова. - Технологиянын бизге берген мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биз мектепке чейинки жана мектеп курагындагы окуучулардын, алардын ата-энелеринин билим алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, аларга жогорку сапаттагы билим берүү аспаптарын сунуштай алабыз”.

КР Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелер үчүн “Билимдүү муун” окуу паспортун жана “Беббо” мобилдик тиркемесин иштеп чыгып, таанытууга кошулуп жатат. Бул технологиялар балдар үчүн жашоонун эң жакшы башталышын камсыз кылууда ата-энелер үчүн практикалык, туруктуу санариптик платформа катары кызмат өтөйт. Платформалар ата-энелердин жана мугалимдердин мектепте да, үйдө да балдарынын жаш курагына ылайыктуу сапаттуу эрте куракта окутуу ресурсуна болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында иштелип чыккан.

“Балдар үчүн жашоонун эң жакшы башталышын камсыз кылуу балдардын үйдө тапкан колдоосунан, ошондой эле мектепке чейинки чөйрөдөн көз каранды, - деди Афшан Хан, ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору. – “Беббонун” жардамы менен ата-энелер алардын ата-энелик милдеттерин мыкты аткарууга жардам берген дем-күчтү жана колдоону сезишет, ал эми “Окуу паспорту” Кыргызстандын ар бир жараны жайгашкан жерине жана интернет байланышына карабастан сапаттуу эрте билим алууну колдоо үчүн чексиз онлайн ресурс менен камсыз кылат”.

Ата-энелер үчүн окуу паспортун жана мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ыңгайлаштыруу Кыргыз Республикасынын 2021-2040-жылдарга билим берүүсүн өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана 2021-2023-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келет.

 


[1] Албания, Беларус, Болгария, Греция, Косово, Кыргызстан, Македония, Черногория, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан. «Bebbo» тиркемесин Play Market жана App Store’дон жүктөп алса болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.