Казакстандык, кыргызстандык жана өзбекстандык кыздар абанын булганышын талдоо үчүн стратосферага наноспутниктерди учурушту

ЮНИСЕФ менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин биргелешкен долбоорунун алкагында үч наноспутник жасалып, стратосферага учурулду.

28 Март 2022
STEM girls
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Dmitrii Galkievich

АЛМАТЫ/БИШКЕК/ТАШКЕНТ, 2022-жылдын 28-марты – Бүгүн Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан 150дөн ашык кыз, UniSat (Uni – UNICEFтин кыскартылышы (БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Sat – satellite (спутник) деген сөздүн кыскартылышы) билим берүү программасынын катышуучулары, стратосферага үч ультразаманбап наноспутникти учурду.

Чакан космостук аппараттардын классына кирген наноспутниктердин салмагы 10 килограммга чейин жетет. Бул аппараттар бир нече камералар менен жабдылган, алардын бири 4К сапатында Жердин эллипс формасындагы сүрөтүн тартууга жөндөмдүү. Учурулган маалда UniSat наноспутниктери Жердин жана космостун укмуштуудай, жогорку сапаттагы сүрөттөрүн тартып алат. Сенсорлор нурдануу, абанын басымы, гравитация, жарык жана газ курамы жөнүндө маалыматтарды чогултат, ал эми чоң көлөмдөгү маалыматтар, видеолор жана сүрөттөр анализ үчүн Жерге кайра жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө наноспутниктер дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы университеттеринде жана коммерциялык уюмдарында даярдалууда. UniSat спутниктери билим берүү максаттарын көздөйт.

“Бүгүн наноспутниктин учурулуп жатканы символикалык мааниге ээ. Бул Борбор Азиядагы кыздардын жана аялдардын дарамети чексиз болгонун, илимдин жана техниканын чектерин кеңейтүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул жылы биз программага үч өлкөдөн 2000 катышуучуну кошуп, аларды илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы билимин жана карьерасын улантууга шыктандыра алганыбызга абдан кубанычтабыз. Биз UniSAT программасынын жыйынтыктары коомдо да космостук өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, - деди ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлү Артур ван Дизен.

Кыздар наноспутниктерди Аль-Фараби атындагы КазУУдагы 10 күндүк марафондун алкагында жасашкан. UniSat долбоорунун катышуучулары космостук аппараттардын долбоорун чийип, дизайнын жасаганды, программалоону жана чогултуп чыкканды өздөштүрүштү. Алар космостук технологиялардын жана Жерди аралыктан зондоо борборунда болушту. Кыздар сабак учурунда алган теориялык билимин ошол замат практикада колдоно алышты. Насаатчылардын жетекчилиги алдында 3D-моделдөөнүн жардамы менен наноспутниктердин корпустарын долбоорлоп, аларды 3D принтерде басып чыгарышкан. Кыздар ошондой эле UniSat наноспутниктеринин системаларын программалап, учураардын алдында лабораториялык шарттарда сынашкан.

“Кыргызстанда 15-19 жаштагы ар бир үчүнчү кыз гана компьютерди колдонгонду билет. Кыздардын 80 пайыздан ашыгы социалдык жана гуманитардык илимдерди тандашат. Бирок мына ушундай тандоо канчалык деңгээлде кыздардын кесипке болгон кызыгуусун жана умтулуусун чагылдырат? Ушул себептен улам 2020-жылы ЮНИСЕФ кыздардын дүйнө таанымын кеңейтип, гендердик стереотиптерди жеңип, кесип тандоосуна жардам берүү үчүн “Илимдеги кыздар” программасын баштаган. Жыл сайын 10 миңден ашык кыз бул демилгеге кошулуп жатат, илимий карьерасын өнүктүрүүдө өзүнө ишене баштаган кыздардын саны барган сайын көбөйүүдө. Мына ушул жагынан алганда биз үчүн наноспутниктерди учуруу иш-чарасы эки жылдык эмгектин жыйынтыгы гана эмес, ошону менен бирге кыздардын жана жаштарыбыздын потенциалына дем берүү да болуп саналат”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник.

Катышуучулар буга чейин UniSat онлайн курсунан өткөн 2000 кыздын ичинен тандалып алынган: Кыздар үчүн UniSat наноспутникти иштеп чыгуу боюнча билим берүү программасы (UNEPG) | МООК Аль-Фараби атындагы КазУУ (kaznu.kz). Учурган маалда наноспутниктер алган айлана-чөйрө жөнүндө учуу маалыматтарын иштетүү, маалыматтарды визуализациялоо, миссия жөнүндө отчетту даярдоо, маалыматтарды илимий жана практикалык максаттарда пайдалануу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин онлан-курсунун программасына киргизилген. Кыздар командада иштөө көндүмдөрүн, Linux’та программалоо негиздерин өздөштүрө алышты, ошондой эле аэрокосмостук технологиялар тармагындагы алдыңкы казакстандык адистердин дарстарын угушту.

“Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Өзбекстанда ар кандай себептерден улам эркек балдар менен кыздардын ортосунда компьютердик сабаттуулук, техникалык билим алуу жана карьера жаатында олуттуу ажырым кала берүүдө. UniSat билим берүү программасы ушул ажырымды азайтып, кыздарды кызыктырып, илим жана технология чөйрөсүндөгү тиешелүү көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган. UniSat Өзбекстандын жаштары арасында технология чөйрөсүндөгү гендердик маселеге жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууга жардам берет. Бул долбоордун катышуучулары өз мисалынын негизинде теңтуштарын өзүнө ишенүүгө шыктандыра алышат деп ишенебиз. Алар жеке мисалы менен кыздар кандай гана чөйрөдө болбосун ийгиликтүү боло аларын көрсөтүп жатышат”, - дейт ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мунир Мамедзаде.

UniSat – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин билим берүү программасы. Наноспутниктерди даярдоо жаатында кыздардын билимин жана компетенциясын жакшыртуу, ошондой эле командада иштөө, оратордук чеберчилик, тайм-менеджмент жана креативдүүлүк сыяктуу көндүмдөрдү өркүндөтүү UniSat программасынын максаты болуп саналат.

UniSat программасы “Dubai Cares” Эл аралык билим берүү фондунун, Clé de Peau Beauté брендинин жана филантроп Назанин Алакия айымдын колдоосу менен ишке ашырылып келүүдө.

Редакторлор үчүн:

Долбоор тууралуу кошумча маалымат UniSat программасынын сайтында жеткиликтүү: https://unisat.kz/

Аль-Фараби атындагы КазУУ

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети – атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын флагманы болуп саналат. КазУУнун технопаркында табигый жана техникалык илимдер (физика, математика, химия, биология жана башкалар) жаатында колдонмо жана негизги изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистештирилген илимий жабдуулары бар.

Dubai Cares

Dubai Cares – 2007-жылы БАЭнин премьер-министри, вице-президенти, Дубайдын эмири шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумдун чечими менен негизделген эл аралык кайрымдуулук уюму. Уюм 2030-жылга чейин бардыгы үчүн инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга жана өмүр бою билим алууга багытталган БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы (ТӨМ) 4-максатка жетүүдө негизги ролду ойнойт. Dubai Cares жана анын иши жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн сайтка кириңиз: https://www.dubaicares.ae/

Назанин Алакия — үч багытка – билим берүүгө, аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого терең берилген гуманитардык ишмер жана филантроп. Ал аялдарга жана кыздарга татыктуу билим берип, жамааттарды экологиялык жактан туруктуу келечекке багыттай алсак, туруктуу, өнүккөн жана адилеттүү дүйнө кура алабыз деп эсептейт.

Назаниндин гуманитардык иши, биринчи кезекте, калктын аз камсыз болгон катмары, качкындар жана өлкөнүн ичинде жер которгон адамдар үчүн климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтуу үчүн чечимдерди аныктоого жана колдонууга арналган. Ал Нигериянын түндүк-чыгышындагы ЮНИСЕФтин Суу менен жабдуу, санитария жана гигиена (WASH) боюнча программасынын алкагында күн энергиясын колдонуу менен скважиналарды бургулоо сыяктуу узак мөөнөттүү чечимдерге инвестиция жумшап келет.

Йеменде токтобой келаткан жаңжал учурунда ал азык-түлүк, дары-дармек жана психосоциалдык жардам үчүн, ошондой эле ЮНИСЕФке каражат чогулткан.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.