Ирактан кыргызстандык балдарды алып келүүгө байланыштуу ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольмдун билдирүүсү

Бишкек, 2021-жылдын 16-марты – “ЮНИСЕФ “Мээрим” миссиясынын алкагында бүгүн эртең менен Ирактан 79 кыргызстандык баланын мекенине кайтарылышын кубаттайт”.
"ЮНИСЕФ өкмөттүн Баланын укуктары жөнүндө Конвенция боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жана бул балдарды кыска мөөнөттүн ичинде үй-бүлөлөргө кошулушуна көмөктөшүп, аларга биринчи кезекте коргоого муктаж болгон жабырлануучу катары мамиле жасап, бул балдарга байланыштуу ар кандай чечим кабыл алууда алардын кызыкчылыктарын эске алып жатканын жогору баалайт. Ирактан кайтып келаткан бардык балдар үчүн үй-бүлөлүк шарттарды камсыздоо жана алардын башка балдардай эле кадыресе балалыкка кайта алышы үчүн билим алуусуна мүмкүн болгон шарттарды түзүү зарыл.
“ЮНИСЕФ балдардын укуктарын коргоо боюнча өзүнүн мандатынын алкагында жана куралдуу кагылышуудан жабыркаган балдарга жардам берүү боюнча көп жылдык тажрыйбасына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн ушул гуманитардык операцияда колдоду жана мындан ары да бул балдардын өз үй-бүлөсүндө жана жамааттарда толук интеграциялануусуна колдоо көрсөтө бермекчи.
ЮНИСЕФ жалпыга маалымдоо каражаттарын бул балдарды коргоого, алардын жеке жашоосун сыйлоого, ар кандай басмырлоолордон же стигмалардан алыс болууга чакырат”.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.
ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.
COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.