Бишкек шаарынын мэриясы “Балага эшикти ачыңыз!” социалдык өнөктүгүн колдоп берди
Күн сайын майыптуулугу бар балдар стигмага туш болушат. Басмырлоодон жана кодулоодон кооптонгон балдар коомдун толук кандуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышууда. Бул болсо алардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.

БИШКЕК, 2018-жылдын 1-марты. – Бишкек шаарынын мэриясы “Балага эшикти ачыңыз!” социалдык өнөктүгүн колдоп берди. БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) демилгелеген бул кампания майыптуулугу бар балдарды коомдук турмушка тартуу канчалык маанилүү болгонун көрсөтүүдө.
Борбор калаадагы жүзгө жакын аялдамаларга жана билборддорго “Балага эшикти ачыңыз!” деп үндөгөн тематикалык баннерлер илинди. Мындан тышкары ар бир муниципалдык бала бакчада ата-энелер арасында орус жана кыргыз тилдеринде чыккан буклеттер таратылып жатат. Буклеттер майыптуулугу бар балдарды түрткүлөбөстөн, алар менен кантип баарлашып, ойносо болоорун суроо-жооп форматында, түшүнүктүү тилде жеткирет.
Социалдык өнөктүктүн негизги максаты – майыптуулугу бар балдарды коомго кошуунун зарылчылыгы тууралуу маалымдоо. Себеби өлкөдө жашаган 2 миллион баланын 29 миңи – майыптуулугу бар балдар. Алар балдардын эң аярлуу категориясына кирет. Күн сайын алар стигмаларга туш болуп, адатта үйдөн чыга албай отурушат. Басмырлоодон жана кодулоодон кооптонгон балдар коомдун толук кандуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышууда. Бул болсо алардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.
“Биз балдардын кызыкчылыгында ЮНИСЕФ менен көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келатканы үчүн Бишкек шаарынын мэриясына абдан ыраазыбыз. Бул жаңы биргелешкен демилгенин жардамы менен шаардыктардын көбү майыптуулугу бар балдарга жүрөгүн ачып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да демилгени колдоп кетет деп үмүттөнүп турабыз”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу:
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.