Мектептерде COVID-19 вирусунун алдын-алуу жана көзөмөлдөө боюнча негизги билдирүүлөр жана иш-аракет

COVID-19 вирусун жуктуруп алууну алдын алуу боюнча колдонмо

School in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Bektur Janibekov

Кыска мазмуну

Коронавирустун (COVID-19) чыгышы коомдук саламаттык сактоо жаатында эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган болчу. Бүгүнкү күнгө чейин вирус көптөгөн өлкөлөргө жана аймактарга тарады. Вирус (COVID-19) тууралуу көп нерсе али белгилүү боло электе, биз анын оору жуктуруп алган адамдын бөлүп чыгарган (жөтөлүү жана чүчкүрүү) суюктуктары менен түз байланыш аркылуу жугаарын, адамдар ошондой эле вируска булганган буюмдарды кармалаганда, андан кийин адамдар беттерин (мисалы, вирус көз, мурун жана ооздун былжыр челдерине өтүшү мүмкүн) кармалаганда жуга тургандыгын билебиз.   

Балдарды жана билим берүү мекемелерин коронавирусту жуктуруп алуудан коргоо өзгөчө мааниге ээ. Сактык чаралары мектептерде COVID-19дун потенциалдуу жайылуусуна бөгөт коюу үчүн зарыл; бирок ошондой эле вирустун таасирине дуушар болушу мүмкүн болгон окуучуларды жана кызматкерлерди жаманатты кылууга (стигматизация) жол бербөө үчүн сактык чараларын көрүү дагы  маанилүү. COVID-19 вирусуна улутуна, этникалык жактан таандык болушуна, майыптуулук статусуна, курагына же жынысына карабастан дээрлик бардык адамдар дуушар болушу мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Мектеп чөйрөсү бардык окуучулар үчүн жагымдуу, инклюзивдүү жана достук маанайда болуусун улантышы абдан маанилүү.

Мектептер тарабынан көрүлгөн чаралар COVID-19 вирусунун окуучуларга жана кызматкерлерге жайылышын жана жугуусун алдын алат, ошол эле учурда окуу процессин үзгүлтүккө учуратууну азайтып жана окуучуларды жана кызматкерлерди кодулоодон (дискриминация) коргойт.

Бул документтин максаты мектептерде жана башка окуу мекемелеринде COVID-19 вирусуна бөгөт коюуга, эрте аныктоого жана көзөмөлдөө үчүн чараларды аткаруу боюнча так жана ишке ашырууга мүмкүн болгон көрсөтмөлөрдү берүүдө турат. Бул колдонмо COVID-19 вирусун жуктуруп алууну тастыктаган өлкөлөргө багытталган болсо дагы, башка өлкөлөр үчүн да актуалдуу болуп саналат.  Коронавирус тууралуу маалыматтуулук жана кабардын болушу окуучулардын үйдө, мектептерде жана өздөрүнүн жамааттарында вирустун жайылышына бөгөт коюу аркылуу оорунун алдын алууда жана күрөшүүдө коргоочу болушуна түрткү бере алат. Мектептерде сактык чараларын жүргүзүү же мектептерди карантинден кийин ачууну көптөгөн кырдаалдарды эске алуу менен жүргүзүү керек, эгерде бардыгы туура жасала турган болсо, бул коомдук саламаттык сактоону жакшыртууга жардам берет.

Автору
МФКК, ЮНИСЕФ жана БДСУ
Жарыяланган күнү
Тилдер
орус

Отчетту жүктөп алуу