Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик Стандарттары: Мугалимдер үчүн Колдонмо
Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик Стандарттары: Мугалимдер үчүн Колдонмо
Кыска мазмуну
Кыргызстанда жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды. Жаңыланган стандарттар – бул Кыргызстандын билим берүү тутумундагы окуу программаларын түзүүнүн негизин түзгөн улуттук алкак. Алар ар бир баланын сапаттуу билим алышын камсыздоого багытталып, балдардын заманбап дүйнөдө ийгиликтүү жашоосу жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билим, көндүм жана компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган.
Жаңы стандарттар мектепке чейинки тарбиядан тартып орто билимге чейинки бардык деңгээлдерди камтыйт жана өлкө боюнча 1,4 миллиондон ашуун балага эсептелген. Аларды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясына техникалык колдоо көрсөткөн ЮНИСЕФтин салымы чоң болду.
Стандарттарды жаңылоо «Алтын Казык» аттуу кеңири камтылган билим берүү реформасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул реформага 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, методикаларды жана окуу китептерин жаңыртуу, билим берүү тармагын санариптештирүү, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү кирет.