ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоо энелер менен балдардын жашоосун өзгөрттү

DBS усулу жөнөкөй: татаал жабдуулар же инвазивдик процедуралар талап кылынбайт.

UNAIDS
UNICEF/2017/Aleksei Osipov
ЮНИСЕФ

29 Январь 2018

Махабат Асанованын тун кызынын дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөндө андан ВИЧ табышкан. Экинчи кош бойлуулуктан кийин Махабат баласында ВИЧ инфекциясы болбогону аныкталганга чейин 18 ай күткөн эле.

Бирок үчүнчү жолу кош бойлуу болгон учурда кырдаал өзгөрдү. Төрөгөндөн кийин бир айдын ичинде Асановага кызында ВИЧ инфекциясы болбогонун айтышты. Себеби ошол маалда кандын кургак тамчысы боюнча балдар арасында ВИЧке тестирлөөнүн (DBS) революциялык усулу киргизилген, бул усул диагностикага кеткен убакытты бир кыйла кыскарткан.

“Баламдын ВИЧ-статусу тууралуу билүү үчүн 18 ай күткөн азап болду”, - дейт Асанова. “Ошондо мен катуу санаага баттым, бирок кургак тамчы боюнча диагностика жашоомду толук өзгөрттү”. DBS усулуна чейин балдар тестирлөөдөн өтүш үчүн бир жылдан ашык күтүп келген.

DBS усулу жөнөкөй: татаал жабдуулар же инвазивдик процедуралар талап кылынбайт. Ымыркайдын таманына ийне сайгандан кийин кандын тамчысын фильтрленген кагазга чогултуп кургатышат. Кандын үлгүсү лабораторияга тестирлөө үчүн жиберилип, анын жыйынтыгы ымыркай бир айга толгонго чейин эле белгилүү болот. Бул болсо ВИЧ инфекциясы бар ымыркайларды өмүрүн сактап калган антиретровирустук дарылар менен чукул арада дарылай баштоого жол берет.

“2013-жылы кургак тамчы боюнча тестирлөөнүн усулун Кыргызстанда кеңири колдоно баштаганга чейин ымыркайлардын 15% гана эрте куракта диагностикадан өткөрө алышкан”, -

деп айтты БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) ВИЧ-инфекция боюнча программасынын кызматкери Эдиль Тилеков. “2017-жылы бул көрсөткүч дээрлик 90% жетти”.

Бүгүнкү күндө илим жана ВИЧ-инфекциясынын диагностикасы дагы да так болуп калды. ЮНИСЕФ канды алган соң эки сааттан кийин эле ВИЧ диагнозун берген ВИЧ инфекциясынын диагностикасынын усулун пропагандалап келатат.

DBS усулун жайылтуу жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы азайтууга жардам берди.

UNICEF/2017/Aleksei Osipov
ЮНИСЕФ/2017/Алексей Осипов
Ош облустук СПИД борборунун директору Эльмира Нарматова

“Антиретровирустук дарылар баштапкы медициналык-санитардык жардам системасына интеграцияланган сайын медициналык персоналдын арасындагы стигма да азая баштады”, - деп айтты Ош облустук СПИД борборунун директору Эльмира Нарматова. “ВИЧ тубаса ооруга окшой баштады, андан өлгөндөрдүн саны азайды”.

Балдары эрте куракта дарылануу алган ата-энелерде ишеним сезими пайда болду. Бүгүнкү күндө бир чети DBS усулунун натыйжасында Оштогу ВИЧ менен жашаган балдардын 95% ашыгы антиретровирустук терапиядан өтүүдө.

Бирок баары бир дарылоого каршылык кала берүүдө. Эрте диагностикага карабастан айрым балдар зарыл болгон дары-дармек алышпайт. “Эмне үчүн айрым ата-энелер дагы деле өз балдарына антиретровирустук дарыларды бергиси келбей жатканын аныктоо үчүн ата-энелер жана медициналык персонал менен сүйлөшүп жатабыз”, - деп айтты Тилеков.

Бейформал сүйлөшүүлөр көрсөткөндөй, мындай каршылык динге, иммунизациялоого байланышкан скептицизмге же атүгүл шаарда айтылган жалган имиш кептерге байланыштуу болушу мүмкүн.

“Ата-энелерге маалымат берип, медициналык кызматкерлерди окутуу үчүн көп иштер жасалганы менен, мурдагыдай эле ресурстар жана окутулган персоналдын жетишсиздиги өңдүү көйгөй бар. Ошондуктан айрым ата-энелерге маалымат жетпей, алар терс кесепеттери тууралуу кабарсыз кала берүүдө”, - деп айтты Тилеков. “Ошентип, эгерде балдары антиретровирустук терапиянын башында салмак таштап же тамакты көп жей албай калса, ата-энелер муну дарылардан көрүшөт”.

UNICEF/2017/Aleksei Osipov
ЮНИСЕФ/2017/Алексей Осипов
Ош шаарындагы СПИД борборунун лабораториясы. Бул жерде кан текшерилет

Ымыркай же эне Ошто ВИЧке тестирлөөдөн өтсө, лаборатория жыйынтыкты Оштогу СПИД борборго жиберет. Бул бардыгы үчүн эшиги ачык имарат тегерек чети бак-дарактар менен курчалган аймакта орун алган. Коридордо Витаминка жөнүндө белгилүү жомоктун сүрөттөрүн көрүүгө болот. Бул сүрөттөр саламаттык сактоонун кызматкерлерине жана ата-энелерге балдарга антиретровирустук дарыларды күн сайын алып туруу канчалык маанилүү болгонун түшүндүрүүгө жардам берет.

Дарылоого кошумча балдарга ыңгайлуу жер бөлүп берип, психологиялык-социалдык колдоо көрсөтүү менен, борбор ата-энелерге өздөрүн сыйлуу коноктой сезип, дагы келип турууга шыктандырат. Бул болсо балага дайындалган дарыларды өз убагында алып кетип, тестирлөөдөн туруктуу өтүп турууга мүмкүнчүлүк берет.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФ жана ЮНЭЙДС менен биргеликте, Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен оңдолгон борбор учурда 200дөн ашуун баланы тейлейт, ал эми психолог ВИЧ менен жашаган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүп келет.

Социалдык кысымдан алыс, достордун чөйрөсүндө ата-энелер бири-бирин колдой алышат жана келечекке үмүт менен карашат.

Махабат Асанованын да көңүлү тынчып, өзүн колго алып калды. Анын саргыч жашыл көйнөгү ачык сарык кызгылт хижабына каршы келип турат. Махабат Асанова – биздин каармандын өз аты-жөнү эмес. Себеби бул келинди борбордун сыртындагы стигма жана басмырлоо тынчсыздандырып келет. Азыр кош бойлуу болгону менен эч коркпой калды. Анткени, кандай гана болбосун, DBS усулунун жардамы менен диагнозду күткөн азаптуу айларды башынан өткөрбөйт.