“Баламды бакчага алышпаса, анда аны өзүм ачам”

Бир эне Кыргызстанда кантип инклюзивдүү бала бакча ача алды

ЮНИСЕФ
Aida Kuttubaeva
UNICEF/TynchtykNurbekov
06 Май 2025

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүго жеткиликтүүлүк мурдагыдай эле чектелүү бойдон кала берүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы 3 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдардын 26,4 пайызында гана бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул демек, дээрлик 770 миң наристе эрте куракта билим ала албай, коомго аралаша албай кала берүүдө.

Өнүгүүсү кечеңдеп жаткан же майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин абалы ого бетер кыйын – бала бакчалар мындай балдарды кабыл алууга дайыма эле даяр боло бербейт, себеби тийиштүү шарттар жок, адистер жана билим жетишсиз. Бирок кээде жеке көйгөй бүтүндөй бир системаны өзгөртүүгө жөндөмдүү боло алат.

“Мени эч ким күткөн эмес”: баары эмнеден башталды

“Мен уулумду бала бакчага киргизейин десем, бизди албай коюшкан. Эч бир бакчага кире албай койгонбуз. Жада калса, жеке бала бакча да баш тарткан. Бул 4 жыл мурун болсо да, ошондо эле менин бакчамда ар бир адам үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр болот деп чечкен элем”, - деп эскерет Аида Куттубаева. Аиданын баласы ДЦП менен ооруйт. Ал күлүп, оюнга жана айланасындагы дүйнөгө кызыгат, бирок көптөгөн бала бакчалар үчүн анын диагнозу жеңүүгө болбогон тоскоолдукка айланды.

Аида мындай жагдай менен күрөшүүгө дароо эле батынган эмес. Адегенде үмүтү үзүлүп, көп ыйлап, жүрөгүн таарыныч ээлеген. Бирок, андан соң баарын түп-тамыры менен өзгөрткөн суроо жаралды: баламды эч жерде кабыл албай жатышса, анда, балким, балам өзүнүн толук дараметин ача алган жерди өзүм жасасам эмне болот?

Мүмкүнчүлүк берген программа

2023-жылы өлкөдө ECE Accelerator аттуу Өкмөттүн демилгеси башталган, аны ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө колдоого алган. Бул демилге бала бакчаларды ачуу жана ага балдарды кабыл алуу эрежелерин өзгөрткөн: документтерди тариздөө жеңилдегендиктен, аялдарда үйүндө эле өзүнүн чакан бала бакчасын ачууга чыныгы мүмкүнчүлүк пайда болду.

“Мен “Акселератор” программасы жөнүндө тааныштардан угуп калдым. Адегенде бала бакчаны эч кыйынчылыктарсыз ачууга болоруна ишенген эмесмин. Кантип эле толтура документтерди чогултпастан, ар кандай уруксаттарды албастан бакча ача алмак элем деп ойлогом. Анан курска жазылып, бул ишти башташым керектигин түшүндүм”, - дейт Аида.

Аида негизги окуудан өткөн – үч күн бала бакчаны кантип ачыш керектигин үйрөнүп, бала бакчаны башкаруу, коопсуздук жана гигиена маселелери менен таанышып чыккан. Андан кийин Аида “Наристе” жана “Балалык” мамлекеттик программалары боюнча тереңдетилген эки жумалык тренингге катышкан: оюн аркылуу өнүктүрүү, инклюзия, ата-энелер менен эриш-аркак иштешүү сыяктуу темаларды терең өздөштүргөн. Окутуунун программасы жана модулдары ЮНИСЕФтин колдоосу менен иштелип чыгып, тренингдерди Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык институт өткөргөн.

“Бул жөн гана “уктум – унуттум” дегендей болгон жок. Биз колдонмолорду окуп, методикаларды талдап, баланын жүрүм-турумун жана анын муктаждыктарын байкоо ыкмаларын үйрөндүк. Балдар менен кантип иштешсе болорун толугу менен түшүнүп калдым”, - дейт Аида.

Kolibri kindergarten
UNICEF/TynchtykNurbekov Балдар менен кантип иштешсе болорун толугу менен түшүнүп калдым”, - дейт Аида

Ошентип “Колибри” бала бакча да ачылды

Окууну аяктагандан кийин бир ай соң Аида үйдө бала бакчаны ачкан. Аида аны “Колибри” деп атаган, колибри – бул кичинекей, тез жана өжөр куш.

“Адегенде корктум. Планым ишке ашпай калса эмне болот? Эч ким келбей койсочу? Бирок акыры “эки бала келсе деле мен баары бир бакчаны ачам” деп чечим кабыл алдым”, - деп эскерет маектешибиз.

Азыр “Колибриде” 24 бала бар. Алардын үчөөндө майыптыгы бар. Аида балдарды мектепке даярдайт. Бала бакчада няня жана дагы бир мугалим бар. Эгерде зарылчылык жаралса, анда логопедди да чакырышат.

“Мен эч качан энеге “сиздин балаңызды кабыл ала албайм” деп айтпайм. – Себеби мен да ушул сөздү уккам. Бул канчалык жүрөктү оорутарын билем”, - дейт Аида.

Бакчада оюндар көп, балдарга мээрим төгүп, көп көңүл бурулат. Бул жерде балдар чогуу билим алышат, дос болушат, бири-бирине жардам беришет. Инклюзивдүүлүк – бул жөн гана модалуу ураан эмес, бул күн сайын ишке ашып жаткан көрүнүш.

Аида “Акселератор” программасы балдарга гана эмес, жеке өзүнө да жардам берип жатат деп эсептейт.

“Мен буга чейин курулушта иштегем. Прораб болчумун. Балдарды абдан жакшы көргөнүм менен, балким, бул менин колумдан келбеген иш деп коркоор элем. Көрсө, колумдан келет экен. Бул жөн эле иш эмес. Бул – өзүмдү көрсөтө алуу эркиндиги, чыгармачылык, өзүмдү таанытууга мүмкүнчүлүк. Бул – менин чакан дүйнөм, бул дүйнөнү күн сайын жан дүйнөмдү берип куруп жатам, муну менен кошо финансылык эркиндикке да жетүүгө шарт түзүлүүдө”.

Аиданын баамында, анын окуясы – Өкмөттүн демилгеси жана ЮНИСЕФтин колдоосу адегенде бир жашоону, андан кийин башкалардын да жашоосун өзгөртө алганынын далили.

“Мен ичинде коркуу сезими бар ар бир аял баарын нөлдөн баштаса болоорун билишин каалайт элем. Эң негизгиси – өзүңө болгон ишеним”.