Кыргызстанда 125 миңден ашык бала COVID-19 пандемиясынын коркунучу алдында жарык дүйнөгө келет

COVID пандемия деп таанылгандан бери 9 айдын ичинде дүйнө жүзүндө 116 миллионго жакын бала төрөлөт деп күтүп жатканын эсепке алуу менен, ЮНИСЕФ өкмөттөрдү жана донорлорду кош бойлуу аялдардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактоочу кызматтарды колдоого үндөйт

27 Май 2020
Over 125,000 babies will be born in Kyrgyzstan under the shadow of the COVID-19
UNICEF
Хувайдо жолдошу менен кыздарынын ойногонун карап отурушат

БИШКЕК, 2020-жылдын 17-май күнү – Бүгүн Кыргызстанда Энелердин күнү белгиленип жатат. ЮНИСЕФтин эсеби боюнча, COVID-19 пандемиясынын коркунучу алдында Кыргызстанда 125 453 ымыркай төрөлөт. Бул балдар 11-мартта COVID-19 пандемия деп таанылгандан кийинки 40 аптанын ичинде жарык дүйнөгө келишет. Учурда пандемия дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо системасына жана медициналык жабдууларга күч келтирип жатат.

Көз жарган энелерди жана ымыркайларды сүрдүү чындык күтүп алат. Анын ичинде кыймыл-аракеттерге киргизилген чектөөлөр жана коменданттык саат өңдүү чаралар бар.

Кыргызстандагы миңдеген энелер биз бир нече ай мурда билген дүйнөгө эч окшошпогон шарттарга көнүүгө даярданып жатышат. Бул жаңы дүйнө – COVID-19 алып келген коркунучтардын айынан белгисиз жагдайларга бай. Бүгүнкү күндө төрөлүп жаткан балдар COVID-19дун айынан кризисти башынан өткөрүп жаткан дүйнөгө келишүүдө. Бүгүн Энелер күнүн майрамдап жаткан чакта азыркыдай оор мезгилде дүйнөгө жаңы адамды тартуулаган аялдардын эрдигине баа беребиз. Ошол эле маалда ар бир кош бойлуу аял жана жаңы төрөлгөн ымыркай зарыл болгон жардамды алып, алардын саламаттыгы бекем болушу үчүн, аларга коопсуз шарттарды түзүп берүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине колдообузду уланта беребиз”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

ЮНИСЕФ бир жагдайды баса белгилейт: 29-апрелде Кыргызстандын өкмөтү башка 168 өлкө менен чогуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриштин “Балдарыбызды коргогула” деген чакырыгын колдоду. Бул өнөктүктүн алкагында өлкөлөр COVID-19 пандемиясынын шарттарында билим берүүгө, азык-түлүккө, балдардын саламаттыгына жана коопсуздугуна артыкчылыктуу көңүл бурууга тийиш. Бул кайрылуунун алкагында Кыргызстандын өкмөтү ошондой эле ЮНИСЕФтин Иш-аракеттер Программасына да колдоо көрсөттү. Бул программа өзгөчө аярлуу балдарды коргоого, алардын саламаттыгын, коопсуздугун жага билим алуусун камсыз кылууга багытталган.

ЮНИСЕФ бардык аялдарга төрөткө чейин, төрөт маалында жана андан кийинки кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө колдоосун уланта берет. Мындан тышкары ымыркайлар бардык неонаталдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болуп, зарыл учурда чукул жардам алышы керек. Эми гана эне болгондор эмчек эмгизүүнү баштоо үчүн колдоого муктаж, ошондой эле аларга дары-дармектер, вакциналар, балдардын ден соолугуна кам көрүү үчүн жакшы азык-түлүк зарыл. ЮНИСЕФ бардык кош бойлуу аялдарга төмөнкүдөй сунуштарды берет:

  • Өзүңүздү вирустун таасиринен коргоо үчүн сактык чараларын карманыңыз, өзүңүздө COVID-19 оорусунун белгилери болуп-болбогонун текшерип туруңуз, каттоодо турган медициналык мекемеге кеңеш сурап кайрылыңыз. Эгерде сизде чыйрыгуу, жөтөл же дем ала албай кыйналуу өңдүү белгилер бар болсо ооруканага кайрылыңыз;
  • COVID-19ду жуктуруп албаш үчүн башка адамдардай эле сактык чараларын көрүңүз: аралыкты сактаңыз, көзүңүздү, мурдуңузду жана оозуңузду колуңуз менен кармалабаңыз, эл көп жүргөн жерге барбаңыз, мүмкүн болушунча саламаттык сактоо кызматтарын онлайн түрүндө колдонуңуз;
  • Балаңызга вирус жукса же жукту деген шек болсо да эмгизе бериңиз. Себеби вирус эмчек сүтүнөн табылган эмес. COVID-19ду жуктуруп алган энелер баласын эмгизип жатканда беткап тагынышы керек; баланы колго алаардан мурда жана эмгизип бүткөндөн кийин колун таза жуушу керек; үйдүн ичин туруктуу тазалап, дезинфекциялап турууга тийиш;
  • Ымыркайды колуңузга алып, тери-териге контактты уланта бериңиз;
  • Акушерден же дарыгерден төрөт үчүн эң коопсуз жер кайсы болгонун билип алып, бул жерге өз убагында жетүү үчүн төрөт планын түзүп алыңыз;
  • Медициналык кызматкерлердин сунуштарына ылайык, ымыркайларды жана балдарды пландуу эмдөөдөн калтырбаңыз;
  • Мындан тышкары үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө кош бойлуу аялдарга жана ымыркайларга кам көрүүнүн, колдоо көрсөтүүнүн мааниси тууралуу эскертип туруш керек.

Ошондой эле ЮНИСЕФ өкмөткө жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө кайрылып, алдыдагы айларда төмөнкүдөй жолдор менен адам өмүрүн сактап калууга чакырат:

 

  • Кош бойлуу аялдарга текшерүүдөн өтүүгө, квалификациялуу медициналык жардам алууга, төрөттөн кийин кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө жана зарыл болгон учурда COVID-19га байланыштуу кам көрүүгө жардам бериңиз;
  • Медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып, биринчилерден болуп тест тапшыруусуна шарт түзүп бериңиз;
  • Медициналык мекемелерде төрөткө чейин жана андан кийин илдеттин жайылышын болтурбоо боюнча дезинфекциялоо өңдүү чаралар көрүлүшү керек;
  • Медицина кызматкерлерине видеоконсультациялар үчүн мобилдик ыкмаларды колдонуу менен кош бойлуу аялдарды жана жаңы көз жарган энелерди үйүнөн текшерип турушуна шарт түзүп бериңиз.
  • Эненин жана баланын ден соолугу үчүн Тез жардам кызматтарына ресурстар бөлүнүп берилиши керек.


“Энелер күнүн белгилеп жаткандыктан мен Кыргызстандагы ар бир энени куттуктап, азыркыдай кыйын учурда алардын жүгү көбөйгөнүн белгилегим келип турат. Биз өкмөттү, жамааттарды жана үй-бүлө мүчөлөрүн өз ролу менен бөлүшүүгө чакырабыз”, - деп айтты Жольм айым. “ЮНИСЕФте биз ар бир кош бойлуу аял муктаж болгон колдоого ээ болуп, алдыдагы айларда коопсуздукта көз жарып алышы үчүн алардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүнү уланта беребиз”.
 
Редакторлор үчүн эскертүү

Сүрөттөрдү, тасмаларды жана маалымат файларын бул жерден жүктөп алсаңыз болот.
 
Бул баалоо БУУнун Калкты жайгаштыруу бөлүмү даярдаган ”2019-жылы Дүйнөлүк демографиянын келечеги” деген документтен алынган маалыматтарга негизделди. Кош бойлуулук адатта орточо 9 айга же 39-40 аптага созулат. Бул баалоонун максаттары үчүн 2020-жылы 40 апталык мезгил аралыгында төрөттөрдүн саны эсептелип чыкты. Бул баалоодо 11-марттан 16-декабрга чейинки 40 апталык мезгил колдонулду. Бул баалоо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 11-марттагы баалоосуна негизделген. Ага ылайык, 11-мартта COVID-19 пандемия катары таанылган.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Айпери Алымбекова
Коммуникация бөлүмүнүн адиси
ЮНИСЕФ Кыргыстан
Телефон: +996 777 91 91 43

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн дүйнөдөгү эң татаал
жерлерде иш алып барат. 190 өлкөдө жана аймактарда бардыгы үчүн татыктуу
жашоону камсыз кылуу максатында биз ар бир бала үчүн, бардык жерде иш алып
баруудабыз. ЮНИСЕФ жана уюмдун Кыргызстандагы балдар үчүн жасаган иши тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/. COVID-19 тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү сайтка баш багыңыз: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/coronavirus-disease-covid-19-what-parents-should-know.
 

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.