Ымыркайлардын саламаттыгы үчүн үйгө баруу практикасы

Үйгө баруу боюнча жаңы пилоттук практика ымыркайлардын чын ден-соолукта өсүшүнө таасирдүү жардам берүүдө

Нурсултан Абдилов
Home Visiting for Newborns’ Good Health
UNICEF/Kyrgyzstan/2019
21 Апрель 2020

Зилола – жаш эне жана жергиликтүү мектепте өз ишине берилген мугалим. Зилола Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусундагы Ноокат шаарында жашайт. Зилоланын эки баласы бар – беш жаштагы Зубайдахон жана жаңы төрөлгөн Мухаммед-Юсуф. Зилола өзүнүн гана эмес, балдардын бардыгын жакшы көргондуктөн, ичинде болгон мээримин чыныгы кумарына – билим берүүгө багыттады: “Мага балдар менен иштеген жагат. Мен үчүн иштин эң сонун бөлүгү – мени мугалим катары жакшы көргөн балдар. Аларга билим берүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатам”.


Өз жамаатынын өнүгүүсүнө байкоо салып отуруп, Зилола ымыркайлардын үйүнө баруу практикасы жаш энелердин абалын өзгөрткөнүн белгилейт. Бул долбоор Ноокатта сыноо режиминде ишке ашырылды:

 “Бул биринчи кезекте тун баласын төрөгөн жаш энелерге чоң колдоо көрсөттү. Себеби биринчи жолу көз жарган аялдар бала багуудагы кыйынчылыктарды жана көп керектүү нерселерди биле беришпейт”.

 Жапон өкмөтү каржылаган 2018-2021-жылдарга “Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүп, ымыркайларды жана энелерди үйүнө барып көрүп, кеп-кеңеш берүү практикасын ишке ашыра баштады. Ошондой эле бул долбоордун алкагында Сузактагы жана Ноокаттагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда төрөттөн кийин эненин үйүнө баруу кызмат көрсөтүүсүнүн модели түзүлдү.

Тилекке каршы, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң ымыркай чарчап калат. Ал эми бир топ көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө (MICS) көрсөткөндөй, ымыркайлардын 28 пайызына гана төрөт үйүнөн чыккандан кийин эки күндүн ичинде дарыгерлер, медайымдар барып, ал-абалын билишкен. Мунун өзү ар бири баланын жашоосу жакшы башталашын камсыз кылуу үчүн өз убагында чара көрүү канчалык маанилүү болгонун көрсөтүүдө.

Анткен менен 2019-жылдын июль айынан тартып эне-бала төрөт үйүнөн чыгарылгандан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар алгачкы үч күндүн ичинде аларга бара баштады. Ошентип бул практиканын алкагында дарыгерлер 1020 ымыркайдын абалын билип келишти. Бул болсо Сузак жана Ноокаттагы жаңы төрөлгөн балдардын 96 пайызы дегенди билдирет. Төрөттөн кийинки алгачкы күндөрү өз убагында чара көрүү ымыркайлар арасында өлүм санын азайтып, баланын өнүгүүсүнө тоскоол болчу ооруларды мүмкүн болушунча эрте аныктоодо өтө маанилүү.

Долбоордун алкагында эне баласын дарыгерге көрсөтүү зарыл экенин билдирген 13 кооптуу белгини өз алдынча аныктай алат. Бул болсо дарыгерлерге баланын өнүгүүсүнө таасирин тийгизиши ыктымал ооруларды таап, чукул арада дарылай баштоого жардам берет. Долбоорго катышкан ноокаттык дарыгер Райхан Аскарова мындай практиканын түз таасири тууралуу буларды айтып берди: “Менин практикамда жаны төрөлгөн ымыркайлардын сарыгынын  белгилери менен сегиз ымыркай болгон, алардын төртөөндө оор формасы тастыкталды. Жаңы ыкманын жардамы менен биз чукул реакция жасап, балдарга жардам берүү үчүн бардык чараларды көрдүк. Мындан тышкары эне-баланын үйүнө баруу практикасы бизге төрөттөн кийинки күндөрү алар өздөрүн кантип сезип жатканын билип, алар менен жакындан таанышууга жол берүүдө. Баласынын ден соолугунда кандайдыр бир мандем болсо, энелер биз менен байланышат, ал эми биз болсо ооруну эрте мөөнөттө аныктай алабыз”.

Сузактагы үй-бүлөлүк дарыгер Адина Матякубова атайын окуудан өтүп, төрөттөн кийин үйгө баруу практикасын өздөштүрдү. Бул окуунун натыйжасында ал ымыркайда кандайдыр бир оору же патология болсо, аны ошол замат аныктай алуу боюнча билимин тереңдетти. “Тренингдин жардамы менен мен төрт ымыркайдан дисплазиянын белгилерин жана эки ымыркайдан сарыктын белгилерин аныктай алдым. Эгерде өз убагында муну аныктай албай калганда баланын мээсинин өнүгүүсүнө доо кетмек же бала чонойгондо сылтып калмак”.
 

Home Visiting for Newborns’ Good Health
UNICEF/Kyrgyzstan/2019

Ыктымал оорулар, балдарынын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп, энелер жана бала багууга жардам берген үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүн ишенимдүү сезип калышты. Ноокаттын дагы бир тургуну Хуршида жакында эле көз жарып, кызынын атын Фарохат деп койгон:

“Дарыгерлердин үйгө келип, ал-абалымды сураганы баламдын дени сак чоңоюшуна чоң салым кошуп жатат. Дарыгерлер көп нерсени үйрөтүшөт. Ошондуктан бала ооруп калса, эне эмне кылышы керектигин билет. Бул өзгөчө жаш энелерге өтө пайдалуу. Мисалы, мен азыр кайсы учурда баламдын башы же ичи ооруп жатканын өз алдынча аныктай алам”.

 Эне-баланын үйүнө баруу боюнча жаңы эксперименталдык практика энелерге психологиялык-социалдык колдоо көрсөтүүгө, ымыркайлар коопсуз жана жакшы чөйрөдө өсүшүн камсыз кылууга дарыгерлерди жана медайымдарды шыктандырып жатат. Доктор Адина Матякубова өз ишинде байкаган өзгөрүүлөр менен бөлүштү: “Мен эми баланын айлана-чөйрөсүнө көбүрөөк көңүл бура баштадым. Эне же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү психологиялык басым алдындабы – мына ушуну байкаганга аракет кылам”. Ноокаттагы үй-бүлөлүк борбордо иштеген дарыгер Нурхан Имамованын да ишинде бир топ өзгөрүүлөр болду: “Мен баланын бакубатчылыгы үчүн жүрүм-турумду өзгөртүш керек деп үй-бүлө мүчөлөрүнө жол көрсөтүп, аларга дем бере тургандай сүйлөшүп калдым”.

Зилола эне-баланын үйүнө баруу  үчүн кабыл алынган бирдиктүү ыкма жана медициналык кызматкерлерди бул багытта окутуу ымыркайларга оң таасирин тийгизип жатканын айтты:

“Мен дарыгерлерден ушундай колдоо алганыма абдан кубанычтамын. Алар мени көп баалуу нерселерге үйрөтүштү. Мен тун кызымда дарыгерлерден көп пайдалуу кенеш алган болчумун. Бирок, Мухаммад-Юсуф төрөлгөндө, баланы кантип багып-кароо, эмчек эмизуу, баламдын өсуп -өнугуусу учун коопсуз чоөйрө тузуп беруу жөнундө маалыматты биринчи жолу алдым. Бул дарыгерлердин кеп-кеңеши баламды туура багууга жардам берүүдө. Дарыгерлер уулума абдан камкор, өз баласындай, мамиле жасашат”.

ЮНИСЕФ пилоттук программанын ийгилигине таянуу менен, мындан ары да Саламаттык сактоо министрлигине өлкө боюнча ушул практиканы кеңири жайылтууга колдоо көрсөтө бермекчи. Жакын арада ар бир ымыркай мына ушул практиканын жемишин көрө баштайт. Бул иштер ар бир бала дени сак болуп чоңоюшу үчүн өтө маанилүү.

Долбоор тууралуу

Жапон өкмөтү каржылаган 2018-2021-жылдарга “Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүп, ымыркайларды жана энелерди үйүнө барып көрүп, кеп-кеңеш берүү практикасын ишке ашыра баштады. Ошондой эле бул долбоордун алкагында Сузактагы жана Ноокаттагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда төрөттөн кийин эненин үйүнө баруу кызмат көрсөтүүсүнүн модели түзүлдү. ЮНИСЕФтин колдоосу менен үйгө баруу кызматы жаңыланып, ага төмөнкүлөр да кошулду:

1) уйгө барууда  үй-бүлөлүк дарыгер менен  үй-бүлөлүк медайымдын ортосунда милдеттерди болуштуруу  ;

2) баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизчү тобокелдиктерди, балага таш боор мамиле жасалган, бала каралбай калган учурларды аныктоо;

3) медициналык гана эмес, социалдык көйгөйлөрдү жана өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн үй-бүлөгө багыт алган ыкманы киргизүү.