Энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгы Бишкектеги симпозиумда талкууланды

Өлкөлөр Борбор Азия жана Кавказ регионунда энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгын коргоо жаатындагы прогрессти тездетүү үчүн чогулду

20 Июль 2017
Улучшение здоровья матерей и новорожденных
ЮНИСЕФ

БИШКЕК, 2017-жылдын 20-июлу. – Дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо жаатындагы эксперттер Бишкектеги Симпозиумга чогулушту. Алар Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү стратегиясынын алкагында Борбор Азия жана Кавказ региондорунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

“«Ар бир ымыркай» иш-аракеттер Планынын беш стратегиясы ишке ашырыла баштаганынан улам бул эл аралык Симпозиум биздин өлкөдөгү жана бүтүндөй региондо ымыркайлардын жана энелердин саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшөт. Дүйнөгө таанымал педиатрлардын, неонатологдордун жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү эксперттердин катышуусу менен бул Симпозиумду Бишкекте өткөрүп жатканыбызга кубанычтабыз”, - деп айтты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 100гө жакын жогорку даражалуу жетекчилер жана саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Симпозиумга чогулду. Дүйнөгө белгилүү педиатрлар жана неонатологдор, ошондой эл БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлдөрү, “SickKids” балдардын глобалдык ден соолук борбору менен кызматташтыкта Педиатрлардын эл аралык ассоциациясы, Балдардын глобалдык ден соолук жаатындагы Борборлордун коалициясы, Ага Хан университети, Ага Хандын Өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү да бул Симпозиумга катышат. Алар «Ар бир ымыркай» Иш-аракеттер планын аткаруу аркылуу энелердин жана балдардын саламаттыгын бекемдөө үчүн зарыл стратегияларды талкуулап чыгышат.

«Ар бир ымыркай» Иш-аракеттер планына назар буруу менен, Симпозиумдун катышуучулары пландын ар бир өңүтүн карап чыгып, Борбор Азия жана Кавказ региондорунда энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгын коргоо жаатындагы прогрессти тездетүү үчүн Пландын концепциясын колдонуу боюнча талкуу өткөрүшөт. Бул максатка жетүү үчүн Планда беш стратегиялык максат сунушталат:

1. Төрөттүн I жана II мезгилдеринде жана алгачкы күнү, алгачкы аптада эне-балага өзгөчө көңүл буруп, буга инвестиция салуу

2. Эне менен ымыркайдын абалына өзгөчө көңүл буруу

3. Теңсиздикти кыскартуу максатында ар бир эне жана ымыркайдын тартылуусун камсыздоо

4. Ата-энелердин, үй-бүлөлөрдүн жана  жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу

5. Ар бир ымыркайды эсепке алуу

Бул иш-чара эне менен ымыркайдын саламаттыгын сактоо маселесине, ошондой эле тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, педиатрларды, неонатологдорду, эл аралык уюмдардын эксперттерин жана ММКны активдештирүү максатын көздөйт.

“Туруктуу өнүгүү максаттары балдардын саламаттыгына таасирин тийгизип, балдар өлүмүнө алып келген социалдык себептерди даректөөгө мүмкүнчүлүк берет. Борбор Азия жана Кавказ региондорундагы өлкөлөр ымыркайлардын жана энелердин саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү прогрессин тездетүү үчүн өз аракеттерин бириктирүү боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар”, - деп айтты Педиатрлардын эл аралык ассоциациясынын президенти, Ага Хан университетинин Аялдар жана балдардын саламаттыгын коргоо борборунун директору, доктор Зульфикар Бутта.

Акыркы он жылдыкта дүйнө жүзүндө балдар өлүмүнүн санын кыскартуу ишинде олуттуу прогресс жетишилгенине карабастан ымыркай кезде жана неонаталдык өлүм коэффициенти мурдагыдай эле деңгээлде: 5 жашка чейинки курактагы балдар өлүмүнүн бардык учурларынан 52% түзөт.

Ымыркайлар арасында өлүмдүн көпчүлүгү – 75% төрөлгөндөн кийинки алгачкы аптага туура келет. Ал эми 25-45% алгачкы 24 саатка туура келет. Айрым өлкөлөрдө ымыркайлар өлүмүнүн улуттук орточо көрсөткүчтөрү үмүт пайда кылганы менен, субулуттук деңгээлде ажырым өтө чоң бойдон кала берүүдө.

«Беш жашка чейинки балдар өлүмүн азайтууда билинээрлик жетишкендиктерге карабастан ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчтөрү Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө дагы деле жогору бойдон кала берүүдө. Тубаса аномалиялар, ара төрөт жана жугуштуу оорулар мунун негизги себептери болуп эсептелет. Ымыркайлар арасында өлүмдөрдүн көбүн эффективдүү жана сапаттуу кийлигишүүнүн жардамы менен болтурбай коюу мүмкүн. Ар бир энеге жана балага жардам берүү үчүн мындай кийлигишүүлөрдү кеңейтүү зарыл», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Борбордук жана Чыгыш Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бөлүмүнүн саламаттык сактоо жана тамактануу маселелери боюнча адиси Амирхоссеин Ярпарвар.

Ымыркайлардын саламаттыгын коргоо маселелери Миң жылдыктын өнүгүү максаттарынын жыйынтыкталбай калган күн тартибинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал азыр Туруктуу өнүгүү максаттарына кошулган. 3.2.-Максат – 2030-жылга чейин ымыркайлардын алдын алууга мүмкүн өлүмүн токтотуу жана бардык өлкөлөрдү ымыркайлардын чарчап калуусун азайтуу – бери дегенде 1000 ымыркайга 12ге чейин деңгээлде кармоо. Ымыркайлардын саламаттыгын бекемдөө эне-бала ден соолугун коргоо жаатындагы медициналык кызматкерлердин, адистердин биргелешкен аракеттерин талап кылат.

"Жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы айында, өзгөчө аярлуу маалында ымыркайлардын өлүмүн болтурбоо Борбор Азия жана Кавказда олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө, - деп айтты ДСУнун Европалык регионалдык бюросунун балдардын жана өспүрүмдөрдүн саламаттыгы жана өнүгүүсү боюнча программанын менеджери, доктор Мартин Вебер. – Симпозиумда 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарынын негизги көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн калган көйгөйлөрдү чечүү максатында зарыл кадамдарды биргелешип жасоо үчүн түрдүү өнөктөштөр чогулду”.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook

About the WHO Regional Office for Europe

The primary role of the World Health Organization (WHO) is to direct and coordinate international health within the United Nations’ system. The WHO Regional Office for Europe (WHO/Europe) is one of WHO’s six regional offices around the world. Through offices in 29 countries, 3 technical centres, and in the main office in Copenhagen, Denmark, WHO/Europe staff work side by side with governments and other partners to ensure the highest attainable level of health for all people.

About The Coalition

The Coalition of Centres in Global Child Health (The Coalition) is a global network of expert individuals and academic centres and institutions that have expressed commitment to a collectively-developed set of principles and plans of advancing global child health. The Coalition provides a platform for enhancing research capacity and global collaboration and knowledge exchange to improve child health, development and survival. Visit www.gchcoalition.com for more information.

About SickKids Centre for Global Child Health

The Centre for Global Child Health is the dedicated hub for global child health-focused activities at SickKids. The Centre supports the global agenda for newborn, child and adolescent health  through collaborative research grounded in scholarship, sustainable capacity building through education, the use of evidence to inform policy development, and advocacy for improved health for children and families. Visit www.sickkids.ca/globalchildhealth for more information.