Кыргызстанда көп тилдүүлүк оюндан башталат

Кыргызстандын Ош облусунун Нариман айылында жайгашкан “Келечек” бала бакчасында тил үйрөнүү кызыктуу жана көңүлдүү.

By Sven G. Simonsen
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Влад Ушаков
ЮНИСЕФ
29 Январь 2018

Сахиба Абдуллаева алдында отурган төрт жаштагы балдарды карап отуруп, айрымдары жаңы эле өзү орус тилинде айтканды түшүнбөй калганын көрдү. Мугалим ошол замат жашыл моюн орогучту алып чыгып, оронуп алды. Бул жөнөкөй орогуч эмес – бул балдарга эми ал өзбек тилинде сүйлөй турганын айткан белги.

Сахиба өзүнүн түшүндүрмөсүн эне тилинде кайталады; шарфты чечээр алдында аны дагы бир жолу орус тилинде кайталап, балдар түшүнгөнүн көрдү.

Кыргызстандын Ош облусунун Нариман айылында жайгашкан “Келечек”  бала бакчасында тил үйрөнүү кызыктуу жана көңүлдүү. Кыргызстандын өзбек тектүү калкынын басымдуу бөлүгү Ош жана Баткен облустарында жашайт.

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу алдында жана БУУнун Тынчтык куруу боюнча фондунун каржылоосу менен беш мектепке чейинки мекемеде, 56 мектепте жана эки университетте көп тилдүүлүктү киргизип жатат. “Келечек” алардын бири.

Долбоор көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө, өзгөчө улуттук азчылыктарды жалпы маалымат мейкиндигине кошуу, толук интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Көп тилдүү көндүмдөрдү алгандан кийин этностук азчылыктагы балдарда жогорку билим алууга жана ишке орношууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.

Кыргызстанда социалдык-экономикалык теңсиздик адатта этностор ортосундагы ажырымга шайкеш келет. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Ошто көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча өнүгүү деңгээли көпчүлүк башка аймактарга салыштырмалуу төмөн.

2010-жылы Ош облусу кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыккан жаңжалдын чордону болгон. Мунун натыйжасында жүздөгөн адамдар набыт болуп, 400 000ге жакын адам башка жакка көчүп кетишкен. Тынчтык орнотуу иштери ийгиликтүү болуп, салыштырмалуу саясий туруктуулукка алып келгени менен, кырдаал чыңалган бойдон кала берүүдө. Дал ошондуктан Тынчтык орнотуу фонду аймактагы жаңжалдардын негизги себептеринин бирин чечүүдө.

 

Мугалимдин түшү

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил болуп саналат. Бул эки тилди билбеген балдар ыңгайсыз абалда калат.

2015-жылга чейин “Келечек” бала бакчасында бардык балдар өзбек тилинде билим алып келишкен. Бирок бул жылы ЮНИСЕФтин колдоосу алдында тогуз группанын бири үчүн көп тилдүү окутуу боюнча сыноо долбоору башталган. Мугалим Сахиба бул иште активист болду:

ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Влад Ушаков
ЮНИСЕФ
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/ Влад Ушаков

“Мурда мен Орусияда мигрант болчумун. Мен жакшы эле акча тапчумун, бирок ишимден эч кандай канааттануу алчу эмесмин, - дейт Сахиба. – Бул жерде болсо ар бир күн маңыздуу өтөт. Атүгүл түнүндө түшүмдө да балдарга үч тилде кантип жакшыраак түшүндүрүп берсе болот деп ойлоно берем!”.

Эшикте илинип турган баш кийим

Сахибанын жана башка кызматкерлердин аракеттери акталды. Пилоттук долбоор ийгиликтүү болуп, бул жылы бала бакчанын администрациясы дагы эки классты көп тилдүү класска айландырууну чечишти.

Бүгүн эртең менен “Келечекке” келген балдар-кыздар эшикте илинип турган калпакты көрүштү. Кыргыздардын улуттук баш кийими болгон калпакты көрөөр замат бүгүн кыргыз тилинде гана сүйлөшөөрүн түшүнүшөт. Ошон үчүн бакчага киргенде эле мугалим менен “саламатсызбы” деп учурашышат. Сахиба балдарды чапан кийип тосуп алат.

Башка күндөрү балдар эшикте матрешканы көрүшөт. Бул демек бүгүнкү күн орус тилинде өтөт. Мисалы, топу – өзбек тилинде сүйлөшөөрүн билдирет.

Тил үйрөнүү кадимки предметтерди окутуунун мамлекеттик стандарттарына ылайык окуу менен айкалыштырылган. Бул ыкма тилдерди башка предметтерден бөлүп, өзүнчө окутканга караганда дагы да натыйжалуу деп эсептелинет.

 

Мухайо үч тилде сүйлөйт

Дилноз Набиева бала бакчада ыктыярчы. Анын кызы Мухайо бул жерде алгачкы көп тилдүү группага барчу.

Мухайону бала бакчадан үйгө алып кетип бараткандагы диалогубуз мындай болгон эле:

- Апа, биз бүгүн эмне тамак жегенибизди билесиңби?

- Эмне жедиң?

- Бүгүн жүгөрү менен шорпо болду!

- Жүгөрү деген эмне? 

- Жүгөрү! – Сен бул сөздү билесиңби?

- Ооба! Бизче дүмбүл, орусча кукуруза деп айтылат!

“Үчүнчү же төртүнчү күнү ал бизге “Чоң эне, суранам, орусча сүйлөчү!”, “Ата, сен орус жана кыргыз тилдерин үйрөнүшүң керек!” деп айта баштады. Бул күндөрү мен бир нерсени орус тилинде сурасам, ал кыргыз тилинде гана жооп берчү. Азыр болсо үч тилде тен сүйлөй алат”, - деп айтты Дилноз.

Сахиба “Келечек” бала бакчасында көп тилдүүлүк киргизилгенден кийин ата-энелер да кошо тартылганын айтып берди. Алар барган сайын ата-энелердин чогулушуна көбүрөөк катышып, атүгүл өздөрү да тил үйрөнүп жатышат.

Дилноз Набиева көп тилдүүлүк ишенимди жана гармонияны бекемдөөнүн ыкмасы болгонуна ишенет:

“Мен төрт тилди билем жана сүйлөй алам: орус, өзбек, кыргыз тилдеринде сүйлөйм жана бир аз англис тилин билем. Жеке тажрыйбамдан улам тил билүү түрдүү улуттагы адамдардын бири-бирин түшүнүүсүн бекемдей турганын билем. Эгерде түшүнүү болсо, бардык маселени чечүүгө болот”, - деп айтты ал.

Мухайо тилде сүйлөйт
ЮНИСЕФ
Мухайо тилде сүйлөйт

“Бардык маселени чечүүгө болот”

Дилноз Набиева көп тилдүүлүк ишенимди жана гармонияны бекемдөөнүн ыкмасы болгонуна ишенет”: “Мен төрт тилди билем: орус, өзбек, кыргыз тилдеринде сүйлөйм жана бир аз англис тилин билем. Жеке тажрыйбамдан улам тил билүү түрдүү улуттагы адамдардын бири-бирин түшүнүүсүн бекемдей турганын билем. Эгерде түшүнүү болсо, бардык маселени чечүүгө болот”, - деп айтты ал.