Кыргызстандагы ЮНИСЕФ ыктыярчылары

ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын командасына катталыңыз

Volunteers
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Bektur Zhanibekov

Сиз ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын командасына катталгыңыз келеби?

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ыктыярчылык программасы 2018-жылдан бери иштеп келет жана баланын укуктарын коргоо, билим берүүнү өнүктүрүү, жаштардын катышуусу жана климаттык күн тартиби багыттарында программаларды ишке ашырууга өспүрүмдөрдү жана жаштарды тартуунун туруктуу механизми болуп саналат.

Бүгүн ЮНИСЕФ ыктыярчылары — жөн гана демилгелердин катышуучулары эмес, улуттук жана аймактык деңгээлдеги программаларды ишке ашырууда өнөктөштөр. Алар Европа Биримдиги колдогон «Күчтүү жаштар, күчтүү өлкө» демилгесинин алкагында да иш алып барышат.

Ыктыярчылар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иш-чараларды өткөрүп, өспүрүмдөрдүн катышуусун кеңейтүүгө жана ар бир бала үчүн коопсуз, инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө багытталган программаларды колдошот.

Embedded video follows
UNICEF/Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын программасына сереп

ЮНИСЕФ ыктыярчылары төмөнкү багыттарга салым кошушат:

• өспүрүмдөр үчүн билим берүү жана маалыматтык сессияларды өткөрүү (peer-to-peer ыкмасы);
• баланын укуктарын, гендердик теңчиликти жана жаштардын катышуусун илгерилетүү;
• жаштар демилгелерин жана жамааттарын колдоо;
• Ю-Репорт платформасы аркылуу санариптик катышууну өнүктүрүү;
• жаш климат элчилери катары климаттык демилгелерге катышуу, анын ичинде экологиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жергиликтүү иш-аракеттерди колдоо;
• коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү, анын ичинде Кырчын жайлоосунда балдар үчүн өткөрүлгөн иш-чаралар жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар;
• балдардын коопсуздугу, бакубаттуулугу жана өнүгүүсү боюнча маалыматтык кампанияларга катышуу.


Окутуу жана колдоо

Бардык ыктыярчылар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

• балдарды коргоо жана этикалык мамиле (Safeguarding, PSEA);
• лидерлик жана коммуникация;
• санариптик сабаттуулук жана медиа көндүмдөр;
• климаттык сабаттуулук жана туруктуу өнүгүү;
• фасилитация жана жамааттар менен иштөө.

ЮНИСЕФ ыктыярчыларга үзгүлтүксүз колдоо, насаатчылык жана потенциалды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

ЮНИСЕФ ыктыярчысы болууга кантип тапшыруу керек?

Негизги талаптар

Жашы: 14–25 жаш

Билими: орто же жогорку

Тажрыйба: ыктыярчылык же коомдук ишмердүүлүк тажрыйбасы кааланат

Тилдер: кыргыз жана/же орус тилдерин эркин билүү милдеттүү. Англис, өзбек, тажик жана башка тилдерди, ошондой эле жаңдоо тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.


Кантип тапшыруу керек?

Эгер сиз ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын командасынын бир бөлүгү болгуңуз келсе, төмөнкү шилтеме аркылуу анкета 2026-жылдын 14-майына саат 23:59га чейин толтуруңуз:

Көп берилүүчү суроолор

  • Ыктыярчылыкка канча убакыт бөлүү керек?

Орточо айына 60 саат. Ыктыярчылыкты окуу же жумуш менен айкалыштырууга болот.

  • Каржылык сый акы барбы?

ЮНИСЕФ ыктыярчылыгы — бул тажрыйба алуу, окутуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү.

  • Англис тили милдеттүүбү?

Жок, милдеттүү эмес. Бирок англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

  • Кошумча суроолор болсо кимге кайрылса болот?

ЮНИСЕФтин билим берүү, өнүктүрүү жана өспүрүмдөрдүн катышуусу боюнча адиси Айжан Абдесовага кайрылыңыз — [email protected].

 

UNICEF Volunteers