Мигранттардын балдары
Кыргызстандын 650 миңден 750 миңге чейин жараны чет өлкөлөрдө иштешет
Мигранттардын балдары
Туугандардын кароосуна калтырылган же интернаттык мекмелерге жайгаштырылган мигранттардын балдары катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк кабылышат. Ата-энесин узак мөөнөт көрбөгөн балдарда психологиялык жана социалдык көйгөйлөр пайда болот. Ички мигранттардын балдары негизинен коомдун көз жаздымында кала берүүдө. Себеби алардын көбүндө жарандык абалды каттоо документтери жок. Алар мектеп, медициналык жардам, социалдык жөлөкпул, социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрү өңдүү базалык кызматтарды алууда кыйналышат жана адатта Кыргызстанда эң начар жана кооптуу шарттарда жашашат.
Көптөгөн факторлордон (аны менен катар жакырчылыктан) улам мигранттардын балдары көп нерселерден куру калып, зомбулукка, эксплуатациялоого жана катаал мамилеге кабылышат.
Кыргызстандын 650 миңден 750 миңге чейин жараны чет өлкөлөрдө иштешет. Алардын айлык акысы 2015-жылы Ички дүң продуктусунун 25 пайыздан ашык эквивалентин түзгөн. Ошентип Кыргызстан мигранттардын акча которууларынан өзгөчө көз каранды мамлекеттердин бирине айланды. Мигранттардын дээрлик 80 пайызы Орусияда жана 15 пайызы Казакстанда иштешет. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын түштүк аймактарында жашайт.
Жакырчылыктын улам өсүп жаткан деңгээли ички жана тышкы эмгек миграциясын пайда кылгандыктан, кароосуз калган балдардын да саны өстү. 2014-жылы 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет өлкөдө жашачу. Эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтарына ылайык, текшерүүгө алынган 192 миң үй-бүлөнүн ичинен 72 мин бала кароосуз калтырылган. Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат. Алар болсо чоңоюп келаткан балдардын муктаждыктарын канааттандыра албай, алардын көбүн интернаттык мекемелерге жайгаштырышат. Мигранттардын үй-бүлөлөрүндө акча которуулардын арты менен киреше болгонуна карабастан, балдар оор иштерди жасоого мажбур. Бул болсо аларды бош убакыттан ажыратып, мындан улам мектепке барбай калышууда.
Ички мигранттардын жана эмгек мигранттарынын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аярлуу топторунун бири болуп эсептелинет.
Өлкө Евразия экономикалык биримдиги аркылуу Орусия менен тыгыз экономикалык интеграцияга өтүп жаткандыктан кароосуз калып жаткан балдардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бир миллионго жакын адам ички мигранттар катары жашашат. Алардын көбү негизинен Ош жана Бишкекке элет жергелеринен көчүп келишкен. Ички мигранттардын балдары көчөдө жүргөн балдардын болжол менен 80 пайызын түзөт. Алар Бишкектин чет-чекесинде авариялык абалда турган үйлөрдө, суу, газ, электр жарыгы жетишсиз болгон жайларда жашашат, аларда санитардык объекттерге жана коммуникацияларга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим алууга, социалдык жөлөкпулдарга жеткиликтүүлүгү чектелүү. Мигранттардын балдарында зомбулуктун, эксплуатациялоонун курмандыгы болуп калуу тобокелдиги жогору.