Ар бир бала үчүн коргоо
Ар бир бала коргоого укугу бар. Кыргызстандагы ЮНИСЕФ балдарды коргоо системасын, аны менен катар үй-бүлөсүнөн айрылууну болтурбоо, сот адилеттиги жана зордук-зомбулук менен эксплуатациялоодон коргоо чөйрөсүндөгү системаны күчөтүүдө.

Маселенин өзөгү эмнеде?
Борбор Азияда өз үй-бүлөсүнөн ажыратылган балдардын саны өтө жогору.
Кыргызстанда өтө көп балдар – 8 миңден ашуун бала интернаттык типтеги мекемелерде жашашат. Бул балдардын көбүнүн атасынын же апасынын көзү тирүү.
Бул балдар ата-энелеринин же жакын туугандарынын өзгөчө камкордугунан жана мээриминен ажыратылган. ЮНИСЕФ бул балдарды интернаттык мекемелерден чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат.
Сот адилеттиги системасына кайрылуу Кыргызстандагы балдардын башка бир көйгөйү болуп саналат. 2012-жылга чейин альтернативдик жазалоо сейрек колдонулгандыктан улам көп сандагы балдар жазык сот системасында калган. Жазык процессинде балдар сот системасына туш болушкан, ал эми ал болсо балдар үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыздаган эмес. Жазык сот өндүрүшүндө мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарга талаптагыдай мамилени камсыздоо үчүн балдарга аяр мамиле жасалган эмес. Мындан тышкары балдар соттук процесстер маалында кылмышкерлер менен бетме-бет жолугушууга мажбур болуп келишкен жана аларды угуулар маалында улуулар менен бир бөлмөгө кармашчу.
Кыргызстанда балдарга ташбоор мамиле жана зордук-зомбулук кеңири жайылган көрүнүш бойдон кала берүүдө.
Бул өзүнө мектептерде, үй-бүлөдө, интернаттык мекемелерде жана башка жерлерде зордук-зомбулукту камтыйт. Ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулук өзүнө коркутууну, адам сатууну, ошондой эле күч колдонуп жазалоону камтыйт. Мигранттардын балдары зордук-зомбулуктун, катаал мамиленин алдында өзгөчө аярлуу жана кароосуз калышууда. Анткени аларды көп учурда талаптагыдай колдоосуз жана көзөмөлсүз жалгыз калтырышат же интернаттык типтеги мекемелерде кармашат. Бул күнгө чейин зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдар үчүн системалуу колдоонун жоктугунан улам бул маселелер чечилбей келген.
Сексуалдык зомбулук Кыргызстандагы балдар үчүн тынчсыздануунун негизги себеби болуп эсептелет. Балдарга адатта коргоо жетишпейт. Эгерде алар даттангысы келсе, добуш укугун берчү жол-жоболор же аспаптар болбойт. Ошол эле маалда тартип коргоо органдарынын аракетсиздиги жана сексуалдык зомбулукту жашыруу мындай кылмыштардын басымдуу бөлүгү катталбайт дегенди билдирет. Миндеген кыздар гендердик зомбулуктан, эрте никеден жана кыздарды турмуш курууга мажбурлаган ала качуудан жапа чегишүүдө.
Маселени кантип чечсе болот?
Интернаттык мекемелерди башкаруу жана каржылоону кайра карап чыгуу, фостердик үй-бүлөлөрдүн ишенимдүү системасын жана социалдык стандарттарды киргизүү максатында ЮНИСЕФ балдарга кам көрүү системасын реформалоону колдойт. Балдар жөнүндө кодекстин жаңы версиясы күчтүү “гейткипинг механизмдерин” түзүүдө, алар болсо балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратууну алдын алууга жардам берет. Баланы интернаттык мекемеде туруктуу жайгаштыруу жөнүндө чечимди азыр сот кабыл алышы керек жана өтө сейрек учурларда гана мындай чечим чыгышы керек. Биз үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратууну болтурбоонун үстүнөн иштеп жатабыз жана бул мүмкүн болгон жерлерде үй-бүлөлөр чогуу болушуна аракет жасайбыз. Ошондой эле биз балдарды интернаттык мекемеге жайгаштырууну болтурбоого аракет жасап келебиз. ЮНИСЕФ 62 муниципалитетте оор турмуштук абалда калган балдар үчүн кейс-менеджмент боюнча жөнгө салууну иштеп чыгып, аткара баштады.
ЮНИСЕФ жашы жете электер үчүн сот адилеттигине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү жайылтып келет. Балдардын мүмкүн болгон учурларда жазык сот системасынан коруу максатында ювеналдык юстицияга жиберүүдө прогресс бар. Бул реформалар 2005-жылдан 2014-жылга чейин жашы жете электерге карата абакка кесүүлөрдү 84 пайызга кыскартууга алып келди. ЮНИСЕФтин балдарга аяр мамиле жасаган соттор боюнча долбоору ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, мамлекеттик бийлик органдары бул долбоорду өлкө боюнча жайылтууну чечишти. ЮНИСЕФ колдоого алган 2016-жылдагы реформа мыйзам менен тил табыша албаган ар бир баланын – кордук көргөн, күбө болгон же шектелген баланын атайын бөлмөлөрдү кошкондо балдар үчүн ыңгайлаштырылган акыйкат процесске укугун кепилдейт. Ал эми мыйзам менен байланышта турган балдарга акысыз юридикалык жардам кепилденген.
ЮНИСЕФ балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана реакция жасоо үчүн өз өнөктөштөрү менен иш алып барууда. Биз зомбулукка кабылган балдардын санын азайтып, бул көйгөйдүн тегерегиндеги стигманы бузгубуз келет. ЮНИСЕФ камкордукка муктаж балдардын кайрылууларына мониторинг жүргүзүү үчүн дараметти бекемдөө максатында КР Акыйкатчысынын институту менен кызматташып келатат. Акыйкатчы институту балдарга карата сексуалдык зомбулук учурларын кароого өзгөчө көңүл буруп, балдардын абалын жакшыртуу үчүн сунуштарды жана отчетторду берет.
ЮНИСЕФ балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана ала качуу үчүн жазаны күчөтүү үчүн мыйзамдардагы реформаларды колдойт. 2011-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке кирген пилоттук долбоордон кийин Кыргызстандын бийлиги балдарга колдоо көрсөткөн төрт борборду ачышты. “Зомбулуксуз мектеп” программасы 38 мектепте ишке ашырылган жана коркутуу маселелери боюнча кабардар болгондукту жогорулатууда жогорку натыйжалуулугун далилдеген. Ошол эле маалда көп түрдүүлүккө сый мамилени жана жаңжалдарды күч колдонбой чечүүнү жайылтып келебиз.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар – ЮНИСЕФ менен анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү балдарды коргоо боюнча жарыялаган чакан материалдар топтому гана болуп саналат. Тизме дайыма жаңыланып, ага жаңы маалыматтар киргизилип турат.
Кыргыз Республикасындагы балдарды абалына сереп
Кыргызстандагы балдардын турак жайга байланыштуу кырдаалына сереп
Кыргыз Республикасында балдардын үй-бүлөдөгү абалына сереп