COVID-19ду дарылоого карата илимий-негиздүү мамиле
ЮНИСЕФтин колдоосу менен Европа Биримдигинин каражатына сатып алынган, 100 миң АКШ долларына бааланган негизги дары-дармектер КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди
COVID-19 пандемиясы 2020-жылдын жай мезгилинде Кыргызстанда эң жогорку деңгээлге жеткен. Ошол оор күндөр өлкөнүн көптөгөн ооруканалары үчүн чоң сыноо болуп, инфраструктурага, адам ресурстарына жана потенциалына жүк түшкөн. Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл аймактык ооруканасы адатта эң көп дегенде 135 бейтапты кабыл алат. Бирок 2020-жылдын июнь айында оорулуулардын саны көбөйүп, күнүнө 40-60 адам түшө баштады. Ошол эле учурда ооруканада кошумча керебеттер коюлуп, чатырлар тигилип, медициналык кызматкерлер болсо COVID-19ду дарылоодо кыйынчылыктарга туш болушту.
«COVID-19 жашообузга, өзгөчө балдардын жашоосуна өтө чоң таасирин тийгизди».
Балдардын саламаттыгын коргоо боюнча медициналык адис Гүлмира Нажимидинова Кыргызстандагы ошол кездеги кырдаалды мындайча сүрөттөп берди: “COVID-19дун негизги белгилери сасык тумоого окшош болчу, көп өтпөй адамдын өпкөсү кагынып, оору курч мүнөзгө өттү. Балдардын ПЧР тести терс чыкканы менен, алардын бардыгында COVID-19дун белгилери болгон. Ошондуктан тез арада диагноз коюу жана дарылоо боюнча көрсөтмөлөргө муктаждык жаралды”.

2020-жылдын июнь айынан бери Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу COVID-19ду дарылоо протоколдорун даярдоо боюнча жумушчу топ иштеп жатат, ал иш жүзүндөгү маалыматтарга таянган сунуштамаларга жана тажрыйбага негизделет. Жумушчу топ балдарды дарылоо боюнча эки протоколду сунуш кылды: “Балдарда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан көп системалуу сезгенүү белгилерин диагностикалоо жана дарылоо” жана “Саламаттык сактоонун амбулатордук деңгээли үчүн коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жеңил түрү менен ооруп жаткан балдарды жана өспүрүмдөрдү карап, дарылоо”. Дарылоого стандартташтырылган жана илимий-негиздүү мамилени камсыз кылуу максатында протоколдорду даярдап, жайылтуу ишин ЮНИСЕФ колдоого алган.

Гүлмира Нажимидинова клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгон. Ал буларды түшүндүрүп берди: “Протоколдор COVID-19 менен ооруган балдарды карап, дарылоо үчүн иштелип чыккан жана телефон, WhatsApp, Zoom, Skype ж.б. аркылуу көрсөтүлгөн телемедицина кызматтарын камтыйт. Эки протоколдо эффективдүүлүгүн далилдей алган натыйжалуу антибиотиктердин тизмеси да сунушталат”.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги COVID-19га реакция жасоо чараларын колдоп, негизги дары каражаттарынын тартыштыгы өңдүү көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 менен ооруган бейтаптарды, анын ичинде балдарды дарылоо боюнча улуттук клиникалык протоколго ылайык, өлкө үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесин тастыктаган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана медициналык технологиялар боюнча борбордун директорунун орун басары Калиман Маматова буларды белгиледи: “Протоколдордо COVID-19ду антибиотиктердин жардамы менен дарылоо сунушталган, бул дарыларды өлкөгө Европа Биримдигинин колдоосу менен ЮНИСЕФ алып келип берди”.

2021-жылдын февралында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттын алкагында дарылардын жаңы партиясын, анын ичинде гепаринди жана антибиотиктерди алды. Бул грант Европа Комиссиясынын Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам боюнча башкы дирекциясы (ECHO) тарабынан каржыланып, ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардам көрсөтүү үчүн берилген. 1000 таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1000 таңгак гепарин ооруканалардын арасында таратылып, анын ичинде Ысык-Көл аймактык ооруканасына да берилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин колдоону улантуу максатында 2021-жылдын июнь айында таратыла турган дары-дармектердин жаңы партиясында антибиотиктер (кларитромицин), астмадан ингаляторлор (оозго сепчү беклометазон), кортикоиддер (дексаметазон), ошондой эле цефтриаксон жана ко-амоксиклав да бар.
COVID-19 пандемиясы 2020-жылы бир топ кыйынчылыктарды алып келди, ал кезде саламаттык сактоо системасына өтө чоң жүк түштү, себеби COVID-19 жөнүндө билим аз болчу. Былтыркы жылга салыштырмалуу учурда дарыгерлер келечекке позитивдүү маанайда карашат. Бейтаптарды дарылоо үчүн талаптагыдай протоколдор түзүлүп, зарыл дары-дармектер келип жаткандыктан, ошондой эле Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен, дарыгерлер жана медайымдар өздөрүн ишенимдүү сезип калышты жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынан улам жаралган кризиске туруштук бере алышат.