ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ыктыярчысы болгуңуз келеби?

Өтүнмөлөр азыркы учурда кабыл алынбайт

Volunteers
UNICEF/Kyrgyzstan/Bektur Janibekov

Биздин ыктыярчыбыз катары ЮНИСЕФтин командасына кошулгуңуз келеби?

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Сизди ыктыярчылардын командасынын катарында болууга чакырып, конкурс жарыялайт! Кыргызстандын мектептериндеги коопсуздукту күчөтүү боюнча демилгебизди колдоо максатында ЮНИСЕФ өлкөнүн бардык аймактарынан ыктыярчыларды издейт. Ыктыярчы катары сиз окуучуларга табият кырсыктары маалында, өрт чыкканда же жер титиреген учурда өзүн кандай алып жүрүш керектигин үйрөтүп, алардын бул жааттагы көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган өнөктүктү колдоп бересиз. Бул үчүн окуучулар арасында иш-чараларды өткөрөсүз. Сизге ЮНИСЕФтин демилгесине кошулуп, балдарга жардам берүү кызык болот деп ишенебиз!

ЮНИСЕФтин ыктыярчылар программасы

ЮНИСЕФтин программасынын ыктыярчылар үчүн тренингдери


Маалыматтык интернет-өнөктүктөр


Мектептерде окуу иш-чараларын өткөрүү 


Сыйлоо аземи 


Иштин көлөмү жана өзөктүк тапшырмалар:

  • Табият кырсыктарынын тобокелдигин азайтуу, зордук-зомбулуксуз мектеп, жолду туура кесип өтүү, абанын булгануусу тууралуу маалыматтарды коомчулукка – мектептерге, балдарга, жаштарга жана жамааттарга жеткирүү жана алардын маалымдуулугун жогорулатуу.
  • Табият кырсыктарынын тобокелдигин азайтуу: балдар табият кырсыктарына даяр болушу үчүн түрдүү окуу иш-чараларын өткөрүүгө, мектептерде атайын көнүгүүлөрдү жасоого колдоо көрсөтүү.
  • Зордук-зомбулуксуз мектеп: «Тумар» кампаниясы, үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтуу үчүн жигердүү агент болуу.
  • Жолдон туура өтүү: мамлекеттик колдоону мобилдештирүү жана жеке секторду тартуу.
  • Коммуникация жана илгерилетүү.
  • Абанын булгануусуна мониторинг жүргүзүп туруу.
  • Коомдук иш-чараларга катышып, балдардын укуктары жана алардын бакубатчылыгы тууралуу маалыматтарды жеткирүү.

Тумар Манифестин колдоп, мен балдарга – Кыргызстандын эң кичинекей жана өзгөчө аялуу катмарына карата зордук-зомбулукту токтотууга үндөгөн улуттук чакырыкка өз колдоомду билдирем деп, петицияга кол коюңуз!

Өтүнмөнү кантип берип, канткенде ЮНИСЕФтин ыктыярчысы боло аласыз?

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Жаш курагы

Талапкердин жашы 15тен жогору болушу керек

  • Билими жана тажрыйбасы

Орто мектеп билими же бакалавр диплому (же андан да жогору) керек;

Бул багытта иш тажрыйбанын болуусу сунушталат.

  • Көндүмдөрү

Талапкер кыргыз жана орус тилдеринде сөзсүз түрдө эркин сүйлөшү керек. Англис тилин билгендерге артыкчылык берилет

Эгерде Сиз

  • ыктыярчы болууну кааласаңыз
  • өз өлкөңүздүн өнүгүүсүнө салым жасай алсаңыз
  • мультимаданий чөйрөдө иштөөгө жөндөмдүү болсоңуз
  • уюштуруучулук сапатыңыз бар болсо жана адамдар менен тез тил табышып  кете алсаңыз
  • балдарыбыздын бактылуу келечеги үчүн кам көрсөңүз

        анда ар бир бала үчүн ЮНИСЕФтин ыктыярчысы болуу менен бул максатыңызга жете аласыз!

Иш жери

Программага өлкөнүн бардык аймактары иштелет

Кабыл алуу

Ыктырячылар программасына 2019 жылга кабыл алуусу токтотулду.

 

Көп берилчү суроолорго жооптор

  • Ыктчыярчылыкка канча убакыт бөлүш керек?

Ыктыярдуу негизде студенттерди тартуу менен “Коопсуз мектептер” демилгесин колдоо боюнча программа 2019-жылдын 22-июль айынан башталды. Ыктыярчыларга долбоордо иштөө үчүн айына орточо 60 саат убактысын коротуу сунушталат. Сиз өз окууңузду жана программадагы волонтердук ишти оңой эле айкалыштыра аласыз.

  • Мен кандайдыр бир акчалай сыйлык аламбы?

Тажрыйба алуу жана мектептерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн программага колдоо көрсөтүү ЮНИСЕФтин ыктыярчы-студенти үчүн негизги артыкчылык болуп саналат. Мындан тышкары ЮНИСЕФ ыктыярчыларды акысыз окутат (3 күн). Бул болсо БУУ жана ЮНИСЕФ тууралуу көп маалымат алууга, лидердик көндүмдөрүңүздү жакшыртууга, командада иштегенди, эл алдында сөз сүйлөгөндү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле сиз өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча тренингден өтүп, башка ыктыярчылар менен кызыктуу тажрыйба аласыз.

  • Англис тилин мыкты билүү шартпы?

Жок. Англис тили милдеттүү талап эмес. Бирок англис тилин билүү артыкчылыктуу болот.

  • Эгерде кошумча суроолор пайда болсо кайда кайрыла алам?

Бардык суроолор боюнча төмөнкү электрондук дарекке кат жазууңузду өтүнөбүз: aabdesova@unicef.org