Кыргызстан: ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн жөнөкөй чаралар

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасында өлүм саны үчтөн экиге, ал эми ымыркайлар арасында жарымына кыскарды.

Мелани Шарп
A newborn baby in a hospital in Kyrgyzstan
UNICEF/UN0146998/Voronin

29 Январь 2018

Кыргызстанда 1990-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгил аралыгында беш жашка толо элек балдар арасында өлүм саны үчтөн экиге, ал эми ымыркайлар арасында жарымына чейин кыскарды – аман-төрөлгөн миң баланын 24ү чарчап калса, 2016-жылы бул сан 12ге түштү.

Акушерлерди жана медицина кызматкерлерин окутуп, жабдууларды сатып алып, ошондой эле бейтапканалар менен ооруканалардын абалын оңдоо үчүн бир топ иштер жасалды.

ЮНИСЕФтин отчетуна ылайык, жыл сайын дүйнөдө 2,6 миллион ымыркай чарчап калат, бул демек күн сайын 7 миң бала жарык дүйнө менен кош айтышат. Мындай өлүмдөрдүн көбүн алдын алууга мүмкүн болчу.

БУУнун балдар арасындагы өлүмдү баалоо боюнча ведомство аралык тобунун отчетунда көрсөтүлгөндөй, беш жашка толо элек балдар арасында өлүм саны азайып жатат, бирок ымыркайлар арасында бул сан жогору бойдон кала берүүдө. Ушул тапта ымыркайлар арасында өлүм саны беш жашка чейинки курактагы балдар арасында өлүмдүн жалпы санынын чоң үлүшүн ээлейт – 2000-жылы 41% болсо, учурда 46% жетет.

Дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында ымыркайлар арасында өлүм санын кыскартуу үчүн бир топ иштерди жасаш керек. Бирок Кыргызстанда жөнөкөй жана жеткиликтүү чаралар баарынан көбүрөөк муктаж болгон энелер менен ымыркайларга жардам бере баштады.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынан даярдалган чакан баянды сунуштайбыз.

A view of Daroot Korgon village
UNICEF/UN0146958/Voronin

Дароот-Коргон айылы деңиз деңгээлинен 3,500 метр бийиктикте жайгашып, жакын деген шаардан 300 км аралыкта орун алган. Бул айылда жалгыз бир оорукана бар жана ал тоолуу аймакта жашаган 25 миң адамды тейлейт.

A doctor holds a newborn baby
UNICEF/UN0146982/Voronin

Доктор Бактыгүл Пакирова – Чоң-Алай району боюнча жалгыз акушер-гинеколог. Ал Баткен облусунун Кадамжай шаарчасында төрөлүп, балалыгы да ошол жерде өткөн. Жети жылдан бери Пакирова Дароот-Коргон айылындагы ооруканада иштеп келатат. Өзүнүн эсеби боюнча Чоң-Алайда иштегенден бери 3500гө жакын төрөттү кабыл алган.

Доктор Пакированын айтымында, бала чагында сүйүктүү чоң энеси кайтыш болуп калганда атасы дарыгер болууну сунуштаган.

Атамдын чоң кыялы бар болчу – кызым дарыгер болсо дечү. Чоң энем ооруп калганда аны ооруканада караган аял (медкызматкер) ага абдан салкын жана кайдыгер мамиле жасаган экен. Атамдын жүрөгүндө чоң жара кала берди. Ал мага мындай деп айткан: “Сен дарыягер болушуң керек. Мен сага ишенем. Дарыгер болгондо да сен абдан жакшы кызматкер болушуң керек.

Dr. Pakirova cooking a meal with one of her children
UNICEF/UN0146978/Voronin

Доктор Пакирова жолдошу жана үч баласы менен оорукананын жанында жашайт. Бул сүрөттө эки жаштагы уулу Элмир менен кечки тамак жасап жатканы тартылган. Бирок жумуш кечинде эле бүтүп калбайт. Доктор Пакирова адатта оорукананын кызматкерлери, ошондой эле толгоосу бышып калган аялдын жакындары түнгө маал эшигин такылдатып, жардам сурап келишээрин айтты.

Пакирова ооруканага жакын жашаганы абдан маанилүү болгонун айтат.

Биз дайыма даяр болуп, жагдайлардан көз каранды болбошубуз керек. Бул иш – чоң жоопкерчилик. Мен эки адамдын – эне менен баланын өмүрү үчүн жооптуумун.

Dr Pakirova at work in the hospital
UNICEF/UN0146993/Voronin

Доктор Пакирова он жылга жетпеген аралыкта эле ооруканада кырдаал таптакыр башкача болгонун айтат. Дароот-Коргондо кыш катуу болот, кээде температура 40 градуска чейин түшүп кетет.

Эгерде сиз бул жакка жети жыл мурда келгенде таптакыр башкача, көңүл ооруткан көрүнүшкө күбө болмоксуз. Ымыркайлардын көбү тоңуп калчу. Оорукананын эски терезелеринен катуу суук уруп тураар эле. Оорукананын ичинде суу жок болчу. Балдар чарчап калганда жүрөгүм тилинип кетээр эле. Отуруп алып энелер менен кошо ыйлачумун, -

Др. Бактыгүл Пакирова

Dr. Baktaigul and midwife on duty Zhypar Sattarova perform the first check up on a healthy newborn baby.
UNICEF/UN0146980/Voronin

Бул сүрөттө доктор Бактыгүл жана акушер Жыпар Саттарова ымыркайды кийинтээрдин алдында текшерип жатышат.

Ымыркайлар арасында өлүм санын азайтуу үчүн ЮНИСЕФ жана биздин өнөктөштөрүбүз реанимациялык иш-чараларды жакшыртуунун үстүнөн иш алып барууда. Бул иш-аракеттер бала төрөлгөндөн кийин эле жасалат. Акушерлер жана медициналык кызматкерлер үчүн окуу тренингдеринен кийин, ооруканага жаңы жабдууларды жеткирип, ремонттоп чыккан соң кырдаал жакшы жагына өзгөрдү.

2015-жылдан тартып Кыргызстанда ымыркайларды реанимациялоо окуусунан 650 дарыгер, акушер жана медайым өттү. Бактыгүл Пакирова жана анын акушерлер командасы баланын өмүрүн сактап калуу боюнча өтө көп тренингдерге, ошондой эле “Балдардын дем алуусуна жардам берели” аттуу тренингден өтүштү.

Dr. Baktygul attends to a 33-year old lady who is ready to deliver her fifth child.
UNICEF/UN0147003/Voronin

Бул күнү дарыгер Бактыгүл бешинчи баласын жарык дүйнөгө алып келген 33 жаштагы Жийдегүлдүн төрөтүн кабыл алды. Жийдегүл ооруканадан бир сааттык аралыкта орун алган айылдан келген.

“Жаным кыйналарын билип турам, бирок коркпойм. Себеби дарыгериме жана бул жердеги кызматкерлерге толук ишенем”, - дейт Жийдегүл.

Жийдегүл аман-эсен көз жарып, уулуна Нурдан деген ысым койду. Бала 4,500 грамм салмак менен төрөлдү. Төрөт жакшы өттү.

Дүйнө  жүзүндө ымыркайлар өмүрүнүн алгачкы мүнөттөрүндө эле чарчап калуу тобокелдигине кабылат. Коопсуз төрөт жана окуудан өткөн кызматкерлер ымыркайлар арасындагы өлүм санын азайтууда чечүүчү фактор болуп саналат.

Биз төрөткө даярбыз. Себеби бүгүн биздин ооруканада абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Биз окуудан өтүп, суу да келди. Терезелер жаңыланып, электр жылыткычтары пайда болду. Алар төрөт залында турат, -

деп түшүндүрдү Бактыгүл Пакирова.

Нурдан дагы бир нече саат энесинин төшүндө уктайт. “Денеден денеге” же “кенгуру усулу” баланын дем алуусун жана жүрөктүн кагышын жөнгө салууга жардам берет.

Балам жакшы адам болуп чоңойсун деп эле тилейм. Ал башкаларга күйүмдүү болсун, -

дейт Жийдегүл.

Dr. Baktygul watches Jiydegul, hold her newborn son Nurdan.
UNICEF/UN0146977/Voronin

Бактыгүл Пакирова Жийдегүл баласы Нурданды кантип колуна алганына көз салып турат. Эки күндөн кийин эне-бала үйүнө чыгып кетишет.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө бир миллионго жакын ымыркай жарык дүйнөгө келген күнү эле чарчап калат. Кыргызстан жөнөкөй чаралар кантип  ымыркайлардын өмүрүн сактап калып жатканын иш жүзүндө көрсөтүүдө. 

 


 

a newborn
UNICEF/A.Voronin