Жаңы изилдөө: Кыргызстанда үй-бүлө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жаш балдарды эмдөө боюнча ата-энелердин чечимине эң чоң таасир этет

30 Апрель 2024
vaccination of children
UNICEF Kyrgyzstan

Бүткүл дүйнөлүк эмдөө жумалыгында, ЮНИСЕФ балдарды эмдөө боюнча ата-энелердин чечимине эң чоң таасирин тийгизген факторлор боюнча жаңы изилдөөнүн жыйынтыктарын тартуулады. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөө тобу өлкө боюнча 1 миң ата-эне менен камкорчуларды, ошондой эле 400 медицина кызматкерин сурамжылаган.

Жыйынтыктарга ылайык, ата-энелердин жана тарбиячылардын дээрлик 87 пайызы балдарын өз убагында эмдешет. Ата-энелердин жана камкорчулардын болжол менен 8 пайызы сунуш кылынган вакциналардын бардыгынан же айрымдарынан атайылап баш тартышкан.

Изилдөө тобунун жетекчиси, доктор Санья Матович-Мильянович сурамжылоого катышкандардын басымдуу көпчүлүгү вакциналарга оң көз карашта экенин жана аларды маанилүү деп эсептей турганын белгилейт.

"Баланы эмдөө жөнүндө чечим кабыл алууда үй-бүлө, үй-бүлөлүк дарыгер жана педиатрлардын ролу абдан чоң. Педиатр менен болгон баарлашуусун жакшы деп баалап, дарыгер анын муктаждыктарына жооп бергендей сезген ата-энелер баласын эмдөөгө көбүрөөк көнүшөт", — деди ал.

Сурамжылоого катышкан медициналык кызматкерлердин 74 пайызы ата-энелерди баласын эмдөөгө ар дайым көндүрөөрүн айтышты. Ал эми ата-эне күмөн болуп турган кезде, медкызматкерлердин дээрлик 95 пайызы кошумча маалымат беришкенин айтышкан.

"Эмдөө жугуштуу оорулардын, анын ичинде кызамыктын алдын алуунун эффективдүү чараларынын бири. Эмдөө жалпы иммунитетти камсыз кылуу аркылуу эмделген балдарды жана бүт коомчулукту коргойт. Мындай изилдөөлөр инфекциялардын алдын алуу жана азайтуу боюнча чараларды натыйжалуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Нурила Алтымышова.

Ата-энелердин 77 пайыздан ашыгы вакциналардын коопсуз экенине ишенгенине карабастан, эмдөөдөгү тоскоолдук болгон факторлордун арасында ата-энелердин вакциналардын коопсуздугуна ишенбөөчүлүк бар. Кээ бир ата-энелер вакциналар тууралуу маалыматтын жоктугунан чечим кабыл алуу кыйынга турганын белгилешти.

«Бул изилдөө маалыматтын төмөн деңгээли эмдөө үчүн негизги тоскоолдуктардын бири экенин баса белгилейт. ЮНИСЕФ ата-энелерге вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу жөнүндө билүүгө жардам берүү үчүн өкмөт, дарыгерлер, жарандык коомдун өнөктөштөрү менен иштешүүнү улантат. Биргелешип, биз алардын вакциналарга болгон ишенимин арттырууга жана туура маалыматка таянып чечим кабыл алууга жардам бере алабыз”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

Изилдөө ЮНИСЕФ жана Euro Health Group тарабынан 2022-жылдын жайында жүргүзүлгөн.

Толук отчетту ЮНИСЕФ Кыргызстандын сайтынан көчүрүп алса болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.