ЮНИСЕФ Сузак районунда майыптыгы бар балдарды колдоону күчөтүү боюнча долбоор баштады

Пилоттук долбоор Сузак районунун төрт муниципалитетинде катталган майыптыгы бар балдарды камтыйт

04 Октябрь 2023
Негизги максат - майыптыгы бар ар бир наристенин экономикалык жактан натыйжалуу, балага жана үй-бүлөгө ыңгайлашкан кызматтар менен камсыз кылуу.
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Негизги максат - майыптыгы бар ар бир наристенин экономикалык жактан натыйжалуу, балага жана үй-бүлөгө ыңгайлашкан кызматтар менен камсыз кылуу.

Жалал-Абад, 4-октябрь, 2023-ж. – ЮНИСЕФ майыптыгы бар балдар үчүн ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө комплекстүү мамиле жасоо боюнча пилоттук долбоорду баштап жатат. Долбоор Сузак шаарында, ошондой эле Таш-Булак, Кызыл-Туу жана Барпы айыл аймактарында жашаган 8 жашка чыга элек балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн камтыйт. Негизги максат - майыптыгы бар ар бир наристенин экономикалык жактан натыйжалуу, балага жана үй-бүлөгө ыңгайлашкан кызматтар менен камсыз кылуу.

Долбоор Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Социалдык коргоо министрлиги, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Ал 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында эрте кийлигишүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдойт.

“Майыптыгы бар балдар өз дараметин толук колдонуп, үй-бүлөлүк чөйрөдө өөрчүп, теңтуштары менен байланышта болуп, коомдун жигердүү, тең укуктуу мүчөсү болушу үчүн өкмөттүн, жамааттардын жана үй-бүлөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү зарыл”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

ЮНИСЕФ бул багыттагы саясатты өркүндөтүп, инфраструктураны жакшыртып, мугалимдер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер сыяктуу адистерди окутуу үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташат.

Долбоордун алкагында ар бир муниципалитетте тиешелүү адистерден, өкмөт, жеке кызмат көрсөтүүчүлөр жана коомдук уюмдар өкүлдөрүнөн турган атайын топтор түзүлөт. Алар балдардын майыптыгын эрте аныктап, аларга жекече колдоо көрсөтүшөт. Мындан тышкары, командалар майыптыгы бар балдарга кам көргөн адамдарды окутуп, аларга колдоо көрсөтүп турушат.

“Майыптыгы бар балдардын муктаждыктары - эң алдыңкы маселелердин бири. Азыр биз инвесторлор жана өнөктөштөр менен бирге ар бир муниципалитетте реабилитациялык борборлорду ачууну көздөп жатабыз”, - деди Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр ар кандай чектөөлөргө туш болушат: социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы тоскоолдуктардан тартып, мыйзамдар жана аларды ишке ашыруудагы айырмачылыктарга чейин.

Кыргызстанда майып катары катталган балдардын эң жогорку көрсөткүчү Сузак районуна туура келет – бул жерде майыптыгы бар балдардын саны 4 миңден ашат. Бул Жалал-Абад облусунда катталган майыптыгы бар балдардын жалпы санынын жарымынан көбүн түзөт. Бул балдардын болжол менен 12 пайызы жалпы билим берүүчү мектептерде окушат, ал эми 4 пайызы гана үйдөн билим алышат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ дүйнөдөгү жетүүгө оңой болбогон аймактарда эң начар абалда жашап жаткан балдарга жардам берүү үчүн иштеп жатат. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда ар бир бала үчүн жакшы дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФ жана анын балдардын кызыкчылыгындагы иши жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз.