Борбордук Азия өлкөлөрү психикалык саламаттык маселелеринде жана тамырын терең жайган стигма менен күрөшүүдө позитивдүү тилди колдонууга үндөшүүдө
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Беларустун өкүлдөрү Казакстанда чогулуп, балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгын коргоо жана психосоциалдык колдоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жактай тургандыктарын ырасташмакчы.
Психикалык саламаттыкка карата позитивдүү тилдик туюндурмаларды сүрөө боюнча жасаган иштерин көрсөтүп, коомдо тамырын терең жайган психикалык ден соолук жаатындагы стигмага каршы күрөштү жактай турганын ырастоо үчүн бүгүн Астанада (Казакстан) Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Беларустун өкүлдөрү чогулушту.
Эки күндүк конференцияга министрлер, психикалык саламаттык жаатындагы адистер, педагогдор жана жаштар катышат. Алар алдыңкы тажрыйба алмашып, балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттык жана психосоциалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кеңейтүү максатын көздөшүүдө. Конференцияны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) менен өнөктөштүктө Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана агартуу министрлиги жана ЮНИСЕФ уюштурду.
Болжол менен дүйнөдөгү 7 баланын жана өспүрүмдүн бири психикалык оорудан азап чегүүдө. Европада жана Борбордук Азияда өз жанына кол салуу 15-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн төртүнчү себеби болуп саналат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, стигма – айрыкча психикалык саламаттык жөнүндө сөз болгондо колдонулган тил – балдарга жана өспүрүмдөргө зарыл жардамды сурап, кайрылууга жол бербей жаткан олуттуу тоскоолдук.
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Беларус бир катар өнөктүктөрдү өткөрүп, психикалык саламаттыкка тиешелүү кемсинтүүчү терминологияны токтотуп, балдар колдоо издеп, кайрылган системаларга позитивдүү тилдик туюндурмаларды киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.
ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлү, доктор Рашед Мустафа Сарвар: “Позитивдүү тилдик туюндурмаларды жайылтып, стигманы азайтуу менен биз балдар жана өспүрүмдөр зарыл жардам сурап кайрылганда өздөрүн коопсуздукта сезе турган жагымдуу жана инклюзивдүү чөйрөнү түзө алабыз”, — деди.
“Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы жана бакубатчылыгы: Профилактика, бекемдөө жана жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу” деп аталган конференциянын жүрүшүндө катышуучулар декларацияны жактырышты. Бул декларацияда координацияланган иш-аракеттер жана саясат аркылуу психикалык саламаттыкты жана бакубатчылыкты колдоо боюнча жамааттык милдеттенмелерин белгилешти.
##
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү жолдор менен кайрылыңыз:
Эльвира Яушева
ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси
Тел.: +7 778 021 19 12
e-mail: eyausheva@unicef.org
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.