III ДКОнун катышуучулары алгачкы жолу көчмөндөрдүн балдар оюндарын ойноп жатышат

05 Сентябрь 2018
Children playing tug of war
UNICEF Kyrgyzstan

4-сентябрь, Кырчын, Ысык-Көл – Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдар оюндарын уюштуруп жатат. Этношаарчанын коноктору жамбы атмай, ит тартыш, шамдагай алакан, ашкабак чапмай жана башка оюндар менен таанышууда. Атайын тандалып алынган 25 оюн - бул балдары менен кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү үчүн ата-энелерге жардам болчу оюндар тизмеси.

III ДКО Катчылыгынын жана ЮНИСЕФтин демилгеси боюнча, ушул жылдын июнь айында Балдар оюндарынын кербени уюштурулган. Бул кербен Кыргызстандын ар бир облусун кыдырып чыккан. Сапар Кант шаарынан башталып, Чолпон-Ата, Каракол, Кочкор, Нарын, Талас, Бакай-Ата, Сузак, Базар-Коргон, Ош, Араван, Баткен, Исфана, Бишкек шаарларында уланып, Кырчын капчыгайында жыйынтыкталды.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжасында Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган 5 миңден ашык бала жана алардын ата-энелери көчмөндөрдүн салттары тууралуу көбүрөөк маалымат алышып, улуттук оюндарды ойной алышты. ЮНИСЕФ балдарга өзгөчө эрте куракта мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүп, алар менен чогуу ойноого үндөп келатат. Ата-эне жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү балдарына канчалык көбүрөөк мээрим төгүп, кам көрүп, чогуу ойносо, баланын дене бою, акыл-эси, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсү ошончолук жакшы болот!", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Көчмөндөрдүн салттуу элдик оюндарында баланын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зарыл болгондун баары бар. Элдик оюндар бардыгы үчүн түшүнүктүү жана жетимдүү болгондуктан балдардын ой жүгүртүүсүн активдештирип, айлана-чөйрө тууралуу элесин кеңейтип, психикалык процесстерди өнүктүрөт.

"Жаштар мууну өз тарыхын жана маданиятын биле жүргөнү өтө маанилүү. Оюндар – бул көчмөндөрдүн маданиятын калыбына келтирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Элдик оюндардын гуманитардык, агартуучулук жана педагогикалык дарамети өтө чоң. Алар элдин социалдык тажрыйбасын кайра жандандырып, мында улуу муун балдарына ушул тажрыйбаны өткөрүп берет", - деп белгиледи III ДКО Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко

Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.