Бишкек жана Ош шаарларынын коомдук транспортунда ыдыкка каршы постерлер пайда болду

07 Декабрь 2023
anti harassment poster
UNICEF Kyrgyzstan

БИШКЕК, 2023-жылдын 7-декабры - Бишкек жана Ош шаарларындагы автобус менен троллейбустарда ыдыкка каршы “Ыдык көрүү коркунучтуу. Бирге ыдыкчыны токтотобуз” деген ураандар менен жаңы постерлер пайда болду. Алар жүргүнчүлөр арасында коомдук транспортто ыдык көрсөтүүгө көнүл буруп, ага каршы чара көрүүгө чакырат.

Постерлер “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу алдында Бишкек жана Ош мэриялары менен өнөктөштүктө иштелип чыккан. “Теңдик нуру” – бул Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту токтотуу боюнча Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен демилгеси.

Ыдык – бул башка адамды кордоо же кемсинтүү максатын көздөгөн ар кандай туура эмес, керексиз жүрүм-турум. Ал башка адамдын кыжырын келтирүү, тынчын алуу, кемсинтүү, коркутуу же басынтуу максатын көздөгөн сөздөр, жаңсоолор жана иш-аракеттер аркылуу билиниши мүмкүн.

«Ыдык көрсөтүүдөн  адатта жаш балдар, кыз-келиндер жапа чегишет, ал эми ыдык көрсөткүү өзү жазасыз кала берүүдө. Биз ушундай маалымдоо аракеттери алар үчүн коопсуз чөйрө жаратууга жардам берет деп ишенебиз”, - дейт Кристина Бруджиоло, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлүнүн милдетин аткаруучу.

Ыдык көрсөтүү ар кайсы жерде орун алышы ыктымал: жумушта, көчөдө, мектепте, таксиде же коомдук транспортто. Бишкек жана Ош шаарларында күн сайын 700 000ден ашык жүргүнчү коомдук транспортту колдонушат жана коопсуз транспорт алардын күнүмдүк керектөөсү болуп саналат.

Бул акция гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк кампаниясын колдойт. Ал кампания жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтүп, аялдар менен кыздарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө көңүл бурууну максат кылат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.