11 жаңы муздак бөлмө Кыргызстанда вакциналардын сакталышын жакшыртууга жардам берет

Вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн алардын сакталуу шарттары жана жетиштүүлүгү өтө маанилүү

24 Январь 2024
The rooms maintain constant temperatures between +2 and +8, essential for the proper storage of the majority of vaccines and medicines.
UNICEF Kyrgyzstan

2024-жылдын 23-январында Чүй облусунун Сокулук районунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак бөлмөнүн ачылыш аземи өттү. Жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.

Азем Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бубужан, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бружиолонун катышуусу менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бубужан өз сөзүндө Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, министрлик Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттыкты сактоо боюнча приоритеттүү программалардын бири катары аныктайт. Бул эмдөө программасына болгон саясий колдоо күчөшүм менен, бул жаатта өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти. «Муздак камералар бардык аймактарга бөлүштүрүү планы боюнча жеткирилди. Алар кызамык оорусу менен күрөшкө чоң салым кошот деп ишенебиз. Өзгөчө өлкө кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозаларын алганда», - деп баса белгиледи Арыкбаева Бубужан.

Муздак бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында орнотулат. Бул аймактар алардын муктаждыктарына жараша Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылып тандалып алынган.

«Канада Кыргызстандын вакциналарды сактоо жана жайылтуу, аны менен бирге потенциалын жогорулатуу жана коомдук саламаттыкты сактоо чакырыктарына ыкчам жооп берүү үчүн бул долбоорго демөөрчүлүк кылганы менен сыймыктанат. Ишенимдүү муздаткыч сактоо вакциналарга болгон ишенимди арттырып, эмдөө программаларына көбүрөөк катышууга үндөп, ден соолукту чыңдайт”, - деп белгиледи Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон.

Көлөмдөрү 10 м3 (5) жана 30 м3 (6) болгон бөлмөлөр вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул көлөмдөр аталган облустардын жана райондордун күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.

«Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстандга жаш балдарды коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо. Вакциналарды сактоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү бул иштин эң маанилүү бөлүкөрүнүн бири”, - дейт ЮНИСЕФ өкүлү Кристина Бруджиоло.

Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын көпчүлүгүн туура сактоого ылайык болгон температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алгандыктан, жогорку стандарттарга шайкеш.

Бардык бөлмөлөр 2024-жылдын мартына чейин орнотулат.

The cold room from outside
UNICEF Kyrgyzstan

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.