Европада жана Борбор Азияда жашаган майыптыгы бар балдар “көп учурларда обочодо кала беришүүдө”. Мындай жагдай аларды негизги кызмат көрсөтүүлөргө жана камкордукка жеткиликтүүлүктөн ажыратып жатат
ЮНИСЕФтин жаңы баяндамасында камкордукка жана негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүү чөйрөсүндө ден майыптыгы бар балдар туш болуп жаткан теңсиздикке өзгөчө көңүл бурулат

ЖЕНЕВА / БИШКЕК, 2023-жылдын 5-декабры. Европада жана Борбор Азияда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үйүндө, мектептерде жана өз жамааттарында басмырлоого туш болушууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФ жарыялаган тогуз өлкөдөн алынган маалыматтарга жасалган жаңы талдоодо айтылат.
“Европадагы жана Борбор Азиядагы майыптыгы бар балдар: алардын бакубатчылыгына статистикалык сереп” (орусча) деп аталган баяндамада Беларустан, Грузиядан, Кыргызстандан, Түндүк Македониядан, Сербиядан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Черногориядан алынган маалыматтар келтирилген. Баяндамада негизги кызмат көрсөтүүлөргө жана камкордукка жетүүдө майыптыгы бар балдар туш болуп жаткан олуттуу теңсиздикке көңүл бурулат.
“Майыптыгы бар балдар көптөгөн кырдаалдарда обочолонууга дуушар болуп жатышат: мектепте толук кандуу колдоо көрсөтүлбөгөндөн баштап, үйдө алар менен китеп окушпайт жана ойношпойт, эң жаманы – бул балдарга карата зомбулук мүнөзүндөгү тартиптик чаралар да көрүлөт”, - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Реджина Де Доминичис.
Маалыматтар алынган өлкөлөрдүн көбүндө майыптыгы бар балдар аларга кам көргөн адамдардын психологиялык агрессиясына жана зомбулук менен коштолгон жазалоого майыптыгы жок балдарга караганда көбүрөөк дуушар болушат. Кыргызстанда жана Түндүк Македонияда мындай балдардын 80 пайыздан ашыгы психологиялык агрессияга дуушар болушат. Салыштыруу үчүн айтсак, Кыргызстанда майыптыгы жок балдардын 72 пайызы, ал эми Түндүк Македонияда 69 пайызы мындай агрессияга кабылышат.
Жалпысынан алганда, майыптыгы бар балдар майыптыгы жок балдарга караганда мектепке аз барышат. Түркмөнстанда жана Сербияда майыптыгы жок балдарга караганда майыптыгы бар балдарда эрте өнүгүүгө түрткү берчү талаптагыдай жана жоопкерчиликтүү кам көрүү азыраак. Бул өлкөлөрдө майыптыгы бар балдарда экиден ашык оюнчугу болгон учурлар чанда кездешет. Өзбекстанда майыптыгы бар балдардын үчтөн бири ата-энелери же үй-бүлөнүн башка бойго жеткен мүчөлөрү менен оюндарга жана иштерге катышпайт.
Ушул көйгөйлөрдү түшүнүү менен ЮНИСЕФ жалпы чөлкөмдө майыптыгы бар ар бир балага эрте курактан баштап, өспүрүм курагына чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк колдоо көрсөтүү багытында иш алып барууда. Муну менен ЮНИСЕФ өспүрүмдү жергиликтүү жамаатта сапаттуу жана башкаларга байланбаган көз карандысыз жашоого даярдагысы келет.
“Олуттуу жылышка карабастан, биз майыптыгы бар балдарга бардык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыңгайлаштырып, алар үчүн инклюзивдүү кылышыбыз керек. Бул процессте майыптыгы бар балдарды кабыл алууда жана алар жасалган мамиледе стигманы жана басмырлоону жеңип, ошондой эле бардык деңгээлдерде дараметин өнүктүрүүгө инвестиция жасоого негизги көңүл буруу зарыл”, - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Реджина Де Доминичис.
ЮНИСЕФ интернаттык мекемелерди жабуу жана майыптыгы бар балдарды үй-бүлөлөрдүн же жергиликтүү жамааттардын негизинде багуунун альтернативалык формаларын түзүү, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү кызматтарга инвестицияларды көбөйтүү багытында жасалган күч-аракеттерге артыкчылыктуу көңүл буруп келатат.
Майыптыгы бар балдардын үй-бүлөлөрүнө талаптагыдай колдоо көрсөтүп, алардын адистештирилген кызматтар менен байланышын жолго салуу үчүн көптөгөн өлкөлөрдө мындай үй-бүлөлөргө барып, жеринде кароо программалары кеңейтилген. Мындай программалар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-биринен алыс жашоосуна жол бербөө үчүн абдан маанилүү.
Европанын жана Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө ЮНИСЕФ инклюзивдүү билим берүүнү артыкчылыктуу маселеге айландыруу максатында өкмөттөр менен иш алып барып, жалпы билим берүүчү мектептерди жана окуу процессин жеткиликтүү, инклюзивдүү жана стигмадан, басмырлоодон жана зомбулуктан эркин кылууда.
Баяндамада үй-бүлөлөрдү колдоону жакшыртуу жана майыптыгы бар балдардын инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөргө адилеттүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча өлкөлөр үчүн бир катар сунуштар камтылган. Бул сунуштардын арасында төмөнкүлөр бар:
- Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүү системасын жана чөйрөнү инклюзивдүү жана жеткиликтүү кылуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-биринен алыста жашабашы үчүн шарттарды түзүү жана бардык балдарга жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде камкордукка жана жардамга жетүүсүн, ошондой эле билим алып, ойноп, маалыматка ээ болуусун камсыз кылуу зарыл.
- Майыптыгы бар балдарды зомбулуктан, ташбоор мамиледен, кароосуз калуудан жана эксплуатациялоодон коргоону камсыз кылып, ошондой эле укуктары бузулган учурларда мындай балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, мээримдүү мамиле жасаган сот адилеттигин камсыз кылуу зарыл.
- Психикалык саламаттыкты коргоого жана психосоциалдык колдоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү абзел.
- Майыптыгы бар балдарга карата стигманы жана басмырлоону жоюу боюнча иштерди жүргүзүп, мындай балдардын пикирин эске алган саясатты даярдоого таасир этүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
- Балдар жана алардын үй-бүлөлөрү маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусуна, жакырчылыктын, кем болуунун жана обочолонуунун деңгээлин азайтууга мүмкүндүк берген социалдык коргоону камсыз кылууга инвестиция жасоо абзел.
- Майыптыгы бар балдардын абалын баамдоого өбөлгө түзгөн ишенимдүү жана инклюзивдүү маалыматтарды чогултууну камсыз кылуу зарыл.
#####
Редакторлор үчүн кошумча маалымат
ЮНИСЕФ ылгап алуунун өзгөчө ыкмасын колдонуп, көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу майыптыгы бар балдар боюнча маалыматтарды топтоп чыкканы үчүн бул баяндамада берилген өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирет.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.