Эки жылдын ичинде Ю-Репорт Кыргызстандын жаштарына өз пикирин билдирүү үчүн уникалдуу аянтчага айланды

19 Октябрь 2023
Girl speaking at the event
UNICEF Kyrgyzstan
Азыр платформада 11 миңден ашык колдонуучу бар. Алар онлайн коопсуздук, мектептеги кодулоо, билим берүү, эмдөө сыяктуу ар кандай темалар боюнча 15 сурамжылоого катышты.

ЮНИСЕФ жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ю-Репорт платформасынын эки жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү. 2021-жылы ишке киргизилген бул аянтча сурамжылоолордун жардамы менен жаштарга өз оюн жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр платформада 11 миңден ашык колдонуучу бар. Алар онлайн коопсуздук, мектептеги кодулоо, билим берүү, эмдөө сыяктуу ар кандай темалар боюнча 15 сурамжылоого катышты.

“Кыргызстандын калкынын жарымынын курагы 25 жаштан ылдый. Демек, жаштардын пикирин угуу абдан маанилүү. Ю-Репорт – бул чындап эле уникалдуу аспап, ал өлкө боюнча миңдеген жаштарга пикирин айтып калууга мүмкүнчүлүк берет”, - дейт Сильви Хилл, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары.

Мисалы, эң популярдуу болгон сурамжылоолордун бири Кыргызстандагы жаштар арасындагы булингге байланыштуу болду. 3,4 миңден ашуун катышуучу өзүнүн эмоционалдык абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө суроолорго жооп беришкен. Респонденттердин дээрлик үчтөн бири акыркы үч айда кодулоого (булингге) күбө болгонун айтышкан. Жаштардын басымдуу бөлүгү бул багытта чара көрө алаарын сезип турушат.

Башка бир сурамжылоо жаштардын Интернеттеги коопсуздугуна байланыштуу болду. Респонденттердин үчтөн биринен көбү Интернетти колдонууда өзүн коопсуздукта сезбегенин же коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгонун билдиришкен.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин сөзү боюнча, Ю-Репорт өтө ыңгайлуу санарип аспап болуп калды. “Мурда биз чоң бир аянтчаларда, спортзалдарда чогулуп, бир нерсени талкууласак, азыр онлайн эле байланышып, маанайыбызды биле алабыз”, - деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда, ЮНИСЕФ Ю-Репорт аянтчасын колдонуп, андан ары жайылтууда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте иш алып барууда. Сурамжылоолорго Координациялык кеңеш көз салып турат, анын курамына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешти, Жаштар конгрессинин өкүлдөрү жана Ю-Репорт ыктыярчылары кирет.

Мындан ары сурамжылоолор “Пикирлер клубундагы” талкууларга да байланыштуу болот. “Пикирлер клубу” Ю-Репорттун Координациялык кеңешинде түзүлгөн. Сурамжылоолордун жардамы менен жаштардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүү жана бул багытта чечимдерди издөө клубдун максаты болуп саналат.

Платформа жана сурамжылоонун жыйынтыктары жөнүндө толугураак маалыматты сайттан табууга болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.