Бишкекте майыптыгы бар адамадар арасында шахмат боюнча турнир өтөт

16 Ноябрь 2023

2023-жылдын 17-ноябрында 120дан ашык майыптыгы бар адамдар, анын 40 жаш балдар Бишкекте шахмат боюнча турнирге чогулушат. Турнир Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө арналган «КР Шахмат федерациясы» коомдук бирикмеси тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен уюштурулууда.

Турнир 2023-жылдын 17-20-ноябрында Жаннат мейманканасында (Бишкек ш., Аалы Токомбаева көч. 21/2) өтөт. Расмий ачылыш аземи саат 10:00дө болот.

Ачылыш аземи КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын катышуусу менен өтөт.

Турнирдин негизги максаты шахмат, сергек жашоо образын жайылтуу жана майыптыгы бар балдарды спортко тартуу болуп саналат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын шахматчылар курама командасынын курамына кирүүгө талапкер болушат.

Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү 2023-жылдын 20-ноябрында белгиленет. Бул күн балдардын укуктарын коргоо, алдыга жылдыруу жана даңазалоо боюнча иш-аракеттерге арналат.

Суроолор боюнча Милан Турпановго +996 312 887214, + 996 (552) 070300 телефондору аркылуу, же milantur77@gmail.com аркылуу кайрылыңыз.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook