Бишкекте Кыздардын эл аралык күнүнө арналган “КызTalks” иш-чарасы өттү

11 Октябрь 2023
Participants of KyzTalks
UNICEF Kyrgyzstan

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) жыл сайын 11-октябрда белгиленүүчү Кыздардын эл аралык күнүнө карата “КызTalks” уюштурушту. Иш-чара маалында 400 катышуучунун үнү өкмөт үчүн резолюция түрүндө Кыргызстандагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаевага тапшырылды.

Резолюцияда кыздар сапаттуу билим берүү, гигиенаны жана ден соолукту сактоо үчүн мектептерде шарттарды түзүү, коопсуз жолдор жана кодулоо менен ыдыктан эркин коомдук транспорт, басмырлоого жана зомбулукка жол бербөө, экологияны сактоо, таза аба, ата-энелер менен иш алып баруунун маанилүүлүгү өңдүү биринчи кезектеги тынчсызданууларын жана керектөөлөрүн көрсөтүп, ошондой эле кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоого, өлкөнүн ичинде жана сыртында жүрүү укугун, кыздардын башка укуктары менен эркиндиктерин чектебөөгө үндөштү.

Кыргызстандагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева бул резолюцияны кабыл алып жатып, кыздар дайыма өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи: “Бүгүн силерде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Билим алуу жана ачыктык аркылуу болгон нерсеңиз менен бөлүшүңүз. “Жок, мен муну каалабайм” деп өз убагында айта алыш үчүн укуктарыңызды эсиңизден чыгарбаңыз”.

“КызTalks” иш-чарасында Чүй облусундагы жана Бишкектеги мектептерде билим алган кыздар бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөлөрүндөгү лидер аялдардын шыктандыруучу сөздөрүн угушту, конкурстарга, уюмдардын жарманкесине катышышты, ошондой эле Бийкечтин жана Айым Айылчиеванын ырларын угушту.

Баяндамачылардын арасында “Илимдеги кыздар” долбоорунун тең укуктуу тренери Алина Кубанычбекова, “IDEA Борбордук Азия” долбоорунун аткаруучу директору Айзат Русланова, “Beeline Кыргызстандын” финансылык директору Айзада Мадамбекова, “Glovo” компаниясынын өлкөлүк менеджери Айканыш Сапаралиева жана Криптадагы кыз-келиндер жамаатынын негиздөөчүсү Елена Чигибаева болушту.

50 миңден ашуун кыз катышкан “Илимдеги кыздар” программасынын презентациясы иш-чаранын урунттуу учурларынын бири болду. Кыздар өз теңтуштарынан STEM (табигый илимдер, технология, инженерия жана математика) жана лидерлик боюнча атайын тренингдерден өтүшкөн эле. ЮНИСЕФтин сурамжылоолору көрсөткөндөй, катышуучулардын STEM предметтери жөнүндө маалымдуулугу 10 эседен ашык жогорулады.

Экинчи фазанын алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы 50 мектептен 10 миңден ашуун окуучу тартылат.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу Сильви Хилл кыздарды бардык иш-аракеттеринде колдоого чакырды: “Биз силердин бекем эркиңерге суктанабыз. Бардык кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабастан, өз максаттарыңарды көздөй алдыга умтулуп жатасыңар. Кыздардын колунан баары келет жана биздин милдетибиз – кыздарды колдоо жана алардын үнү катуу чыгышына шарт түзүү”, - деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ар бир бешинчи жашоочусу – бул 10 жаштан 19 жашка чейинки курактагы кыздар. Кыздарга, алардын лидерлигине жана бакубатчылыгына жумшалган инвестициялар – бул жалпы Кыргызстандын өнүгүүсүнө салынган инвестициялар.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ дүйнөдөгү жетүүгө оңой болбогон аймактарда эң начар абалда жашап жаткан балдарга жардам берүү үчүн иштеп жатат. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда ар бир бала үчүн жакшы дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФ жана анын балдардын кызыкчылыгындагы иши жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз.