Юкиэ Мокуо

Биздин Өкүл

Юкиэ Мокуо

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү кызматына дайындалганга чейин Юкиэ Мокуо айым 2009-жылдын июль айынан 2014-жылдын июль айына чейин ЮНИСЕФтин Украинадагы Өкүлү болгон. 

2005-жылдын январь айынан 2009-жылдын июль айына чейин Юкиэ Мокуо айым ЮНИСЕФтин Тажикстандагы Өкүлү кызматын ээлеген. Бул кызматта ал Тажикстандагы балдардын жана аялдардын абалын жакшыртууга багытталган өнүгүү боюнча да, гуманитардык да ЮНИСЕФтин программаларынын кеңири өңүтүн пландоо, координациялоо жана баалоо үчүн жооп берген. 

2001-жылдын сентябрь айынан 2004-жылдын декабрь айына чейин Мокуо айым ЮНИСЕФтин Тажикстандагы Өкүлүнүн жардамчысы болуп эмгектенген. ЮНИСЕФтин Өкүлүнүн жетекчилиги алдында ал чукул кырдаалдарга ыкчам жооп кайтарууну кошкондо, ЮНИСЕФтин кызматташуу боюнча өлкөлүк программасын иштеп чыгуу, түзүү жана башкаруу үчүн жооп берген.

Мокуо айым 1995-жылдын февраль айында Программалардын Координаторунун жардамчысы катары ЮНИСЕФтин Монголиядагы (Улан-Батор ш.) командасына кошулган. 1997-жылы Мокуо айым Косовонун Приштина шаарында Аймактык бөлүмдүн башчысы жана базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк боюнча Программалардын Координатору болуп дайындалган. Андан соң 1999-жылдын декабрь айында Монтенегронун Подгорица шаарына Аймактык бөлүмдүн башчысы жана Программалардын Координатору катары которулган. Бул жерде 2001-жылдын сентябрында ЮНИСЕФтин Тажикстандагы Өкүлүнүн Жардамчысы кызматына дайындалганга чейин иштеген.

ЮНИСЕФте иштегенге чейин 1983-жылдын апрель айынан 1987-жылдын август айына чейин Мокуо айым Жапониянын Илимий-изилдөө институтунда аймактык өнүгүүнү пландоо боюнча ассистент кызматын ээлеген. 1987-жылдын сентябрь айынан 1990-жылдын июль айына чейин Мокуо айым Фиджидеги Сува шаарында Шаар куруу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча Жапониянын Эл аралык ыктыярдуу бөлүмүнө караштуу Шаар куруу боюнча Адис катары иштеген. 1991-жылдын май айынан июль айына чейин Мокуо айым БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын (БУУ КИЖКБ) өкүлчүлүгүнө караштуу Түркиядагы качкындар боюнча Программалардын талаа координатору болуп иштеген.

Мокуо айым Жапониянын жараны. 1993-жылы Жапониянын Аялдар университетин Үй чарба экономика адистиги боюнча бакалавр даражасы менен аяктаган. 1995-жылы Мокуо айым АКШнын Корнели университетинде аймакты пландоо/өнүктүрүү боюнча магистр даражасын алган. Мокуа айым үй-бүлөлүү, кызы бар.

Yukie Mokuo with children
UNICEF
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Юкиэ Мокуо Караколдогу окуучулар менен, Кыргызстан
Yukie Mokuo in Ala-Buka hospital
UNICEF
Юкиэ Мокуо Ала-Букадагы ооруканада жаткан эне-бала менен, Жалал-Абад, Кыргызстан.