ЮНИСЕФ: көпкө созулган жаңжалдар, климат кризиси, психикалык оорулардын көбөйүшү жана интернеттеги жалган кабарлар балдарга жаңы олуттуу коркунучтарды жаратууда
НЬЮ-ЙОРК, 2019-жылдын 18-сентябры – Көпкө созулган жаңжалдар, климат кризиси, жаштар арасында психикалык оорулардын көбөйүшү жана интернеттеги жалган кабарлар – балдарга жаңы глобалдык коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн айрымдары гана. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Фор жарыялаган ачык катта айтылат. Жаш муундун алдында турган…