Тамактануу

ЮНИСЕФ эмчек эмген ымыркайлардын жана наристелердин тамактануусуна байланышкан кырдаалды жакшыртуунун үстүнөн иш алып барып, ар бир баланын жашоосу жакшы башталышын камсыз кылууга умтулат.

UNICEF

Көйгөйдүн өзөгү эмнеде?

Кыргызстанда акыркы жылдары балдар арасында өлүм саны азайып, өлкөдө балдардын тамактануусуна байланышкан жалпы кырдаал бир кыйла оңолгонуна карабастан, коомдук саламаттык сактоо тармагында жетиштүү деңгээлде тамактанбоо көйгөйү актуалдуу маселе бойдон кала берүүдө. Бул өзгөчө алыскы аймактарга жана чоң шаарлардагы жаңы конуштарга мүнөздүү көрүнүш. 

Бойдун өспөй калуусу, аз салмак менен төрөлүү жана витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги Кыргызстандагы балдардын саламаттыгына жана бакубат жашоосуна коркунуч жараткан негизги көйгөйлөр.

Статистикага ылайык, балдар арасындагы өлүм учурларынын 22 пайызы толук эмес тамактануудан улам болгон. Кыргызстанда балдардын болжол менен 18% жетишсиз тамактануудан жапа чегет (ЮНИСЕФ/Дүйнөлүк банк 2011).

Беш жашка толо элек курактагы балдар арасында бойдун өспөй калуусу боюнча көрсөткүч 25 пайыздан (МДИ/Медициналык-демографиялык изилдөө, 1997) 12.9% чейин азайды (МИКО, 2014). Беш жашка толо элек балдар арасында аз кандуулуктун көрсөткүчтөрү 50 пайыздан (МДИ, 1997) 43% чейин азайды (МДИ, 2012).

UNICEF/G.Pirozzi

Эмчек эмизүү ымыркайдын ден соолугунун бекем болушун кепилдейт. Бирок 2014-жылдагы көрсөткүч боюнча, балдардын 41% гана алты айга толгончо жалаң гана эмчек сүтү менен чоңойгон (МИКО).  

Тамак болуучу микроэлементтердин таңсыктыгы Кыргызстандагы балдар менен аялдар үчүн олуттуу кесепеттерди жараткан көйгөй бойдон кала берүүдө.

Жетишсиз тамактануу эненин саламаттыгынын начарлашына өбөлгө болгон факторлордун бири. Аялдын боюна бүткөнгө чейин, кош бойлуулук маалында жана көз жаргандан кийинки алгачкы эки жылда начар тамактануусу ден соолугу бекем баланы төрөө мүмкүнчүлүгүн азайтып жатат. Бул болсо баланын потенциалына терс таасирин тийгизип, өнүгүүсүнүн кечеңдешине алып келиши ыктымал.

Жетишсиз тамактануунун натыйжасында кеңири жайылган оорулар бар. Ошол эле маалда азык болчу заттардын таңсыктыгынан улам ден соолук үчүн ыктымал коркунучтар жөнүндө аялдардын кабарсыз калуусу тынчсызданууну жаратууда. Айталы, аз кандуулук жана анын натыйжасында балдардын тубаса оорулар менен төрөлүп жатышы тууралуу кабардар болгондор жетишсиз.

Тамактануу саламаттык сактоо тармагына гана тиешелүү маселе катары каралып, башка тиешелүү тармактарга толугу менен интеграциялана элек.

Маселени кантип чечсе болот?

Эмчек эмген ымыркайлардын жана наристелердин жетиштүү тамактанбай жатканына байланышкан кырдаалды жакшыртуу үчүн ЮНИСЕФ Өкмөт жана бейөкмөт уюмдардагы өнөктөштөрү менен чогуу иш алып барууда. Ошондой эле көп тармактуу мамиле жасоого үндөө менен Кыргызстанда тамактануу маселесине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жолдору изделип жатат.

Мындай иштердин натыйжасында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча алгачкы өлкөлүк Улуттук стратегия иштелип чыкты. Бул Стратегия тамактануу маселелерине тиешелүү бардык артыкчылыктуу чараларды, ошондой эле калк арасында, өзгөчө наристелер жана энелер арасында азык болчу микроэлементтердин таңсыктыгына байланыштуу маселени чечүү үчүн негизги саясатты, мыйзамдарды жана жоболорду өзүнө камтыйт.

Тамактануу боюнча иш-чараларды кеңейтүү боюнча Кыймылдын өлкөлүк координатору катары (SUN) ЮНИСЕФ 2011-жылдан тартып координациялык механизмдерди жакшыртууда өлкөгө колдоо көрсөтүп келатат. ЮНИСЕФ улуттук жана регионалдык деңгээлдерде тамактануу боюнча программаларга мониторинг, анализ жүргүзүп, туруктуу механизмдерди пландап, иштеп чыгуу үчүн техникалык потенциалды күчтөндүрүп жатат.

ЮНИСЕФ

Саламаттык сактоо министрлигинин программасынын алкагында балдарды витаминдер жана минералдар менен камсыз кылуу үчүн ЮНИСЕФ башка өнөктөштөр менен да кызматташууда. Бул болсо балдар арасында аз кандуулуктун көрсөткүчтөрүн азайтуу максатында жасалып жатат. Витаминге жана минералдарга бай болгон Гүлазык кошумча азыгы Талас облусундагы балдарга бериле баштаган. Мунун натыйжасында бул облуста аз кандуулуктун көрсөткүчү бир жыл ичинде 26% азайды (2009-2010).

Аталган долбоор наристелердин когнитивдик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн эрте курактагы балдардын өнүгүүсү боюнча өзөктүк билдирүүнү жайылтуу максатын көздөдү. 2012-жылдан тартып долбоор өлкө боюнча ишке ашырылып, эки жашка чейинки балдардын 70 пайыздан ашыгын камтыды. Долбоордун алкагында балдарга жыл сайын Гүлазык берилип келет.

ЮНИСЕФ бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте унду байытуу боюнча программага да колдоо көрсөтүүдө. Бул программа унду байытуу боюнча мыйзамдарды жакшыртууга, фортификацияланган азык-түлүктөрдүн мааниси тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Кыргызстан йоддун жетишсиздигинен улам пайда болгон ооруларга байланышкан көйгөйдү чечүүдө жана баланын акыл-эсинин өнүгүүсүнө бут тоскон негизги себептерге каршы эффективдүү күрөштү камсыз кылууда прогресске жете алды: 2001-жылы ЮНИСЕФтин көмөгү менен тузду йоддоштуруу тууралуу Мыйзам кабыл алынган. Ушул тапта йоддун таңсыктыгынан улам пайда болгон оорулардын алдын алууну камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлүп жатат.

ЮНИСЕФ